Мидин Алыбаев: Китеп жана Эркинбек

Китеп жана Эркинбек Рас, Биздин Эркинбек, Магазинден алат Нечен түрдүү китеп. Ал, Биологиядан, Географиядан, Адабияттан, Маданияттан Баарынан жыят. Сандыкка салат, Терезеге жыят, Антпесе– Кай жакка сыят? Бирок, Биздин Эркинбек, Окуймун деп, Ачып карабагандыгы уят.   Анын үйүндө: Пушкин, Некрасов, Толстой! Томдор толуп жатат– Ой, о-ой. Бирок, Эркинбек, окубаган соң кантет анан – Кары Толстой?– капа болбой! Бир күнү Эркинбек, Алып дагы, Жаңы Китеп. Жаңы китеп, Таң калды, Эски китептерди тиктеп. Чочуп кетти, Жүрөгү “дик” деп. Себеби: Көбү турат кирдеп, Бир тобун таштаган Жөн эле бүктөп. Саламдашып туруп, Жаңы китеп сурады: толугу менен…..