Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КРнын Ички иштер министрлигинин ардагери, отставкадагы полковниги, акын жана жазуучу Маматибраим Самиев 13-декабрда оорудан улам 67 жаш курагында каза болду. “Чыгаан коомдук ишмер, көп кырдуу талант ээси Маматибраим Самиев 1953-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында төрөлгөн. 1983-жылдан тарта ички иштер органдары тармагында эмгектенип, катардагы милиция кызматкеринен подполковник наамына чейин жеткен. 2006-жылы Акыйкатчынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген. Ал техника илимдеринин кандидаты, Ош технологиялык университетинин курулуш кафедрасынын доценти жана Улуттук илимдер академиясынын жаратылыш байлыктары институтунун улук илимий толугу менен…..
Day: December 14, 2020
Нургазы Ахмедулин (Миңкара): Айткылачы, ким кыйын?
Түш Төмөн жакты карасам: Үй үстүндө баратам. Мышык итти кубалап, Жүргөн экен “ураалап!” Коён кармап карышкыр, Тишин жулуп салыптыр. Топтой тепкен түлкүнү, Көрдүм баатыр кирпини. Эл кызыкка батыптыр, Балык ырдап жатыптыр. Чычкан, короз экөөлөп, Пилди жүрөт жетелеп. Кээде-кээде желдирип, Пилди жүрөм мен минип. Пилден жерге куладым, Чуулдады кулагым. Мына кызык, керемет! Кулаганым керебет! Сен дагы Күн мээрими төгүлүп, Тоо башынан торолду. Тунук мөлтүр тамчылар, Тып-тып тамып жоголду. Суулар тунуп, кашкайып, Колот ылдый жүгүрөт. Күнгө ыраазы болгондой, Балатылар күбүнөт. толугу менен…..