Советбек Байгазиев: Менин боз торгоюм (аңгеме)

Менин боз торгоюм (аңгеме) Ар кандай ойлорду ойлоп кой четинде олтурам. Бир убакта эле үстүмдөн билинер-билинбес шуулдаган добуш чыгып жатты. Антип-минтип караганымча болбой, бир кыргый бир кичинекей боз немени качырып кирип келип эле, туурамдагы чийдин түбүнө бырпыратып басып калды. Койлор үркүп кетти. Тамаша эми башталмак болду ээ. Мен шашыла өйдө тура калып, килейген чопо менен чийди уруп жибердим. Кыргый калдаңдап уча качты. Чуркап бардым. Чийдин түбүнө бир торгой чөпкө башын катып, жер менен жер болуп бөгүп калыптыр. Жүрөгүм эмнегедир коркконсуп, денем дүрүлдөп кетти. Акырын шапкем менен басып калдым. Бутунан кармасам толугу менен…..