Батма Абдухамидова: Тыт

Тыт (новелла) Май айында айыл четине катар отургузулган чоң-чоң түп тыттар тегиз бышат. Кечки салкында кичинекей чакаларын көтөрүшкөн кыздар-балдар дал ушул жерге он-он беш күн бою келишип, чакаларын тытка толтурушуп, өзүлөрү да тое жешип, кеч күүгүмдө гана үйлөрүнө кайтышат. “Ак тыт”, “кара тыт”, “бөдөнө тыт” дешип, түрлөрүн тандап теришет. Жол бойлоп айылга бурулган биринчи көчөнүн эң башында бир карыган кемпир устунга отуруп алып, ары-бери өткөндөрдү кепке тартып, божурап көпкө сүйлөшөт. Киши картайганда адам караанына, сүйлөшкөнгө да зар болот окшойт. Чакаларына тыт толтуруп кайткан кыздар-балдарды биринчи болуп кемпир көрөт. –Ай, балдарым, толугу менен…..