Акын, котормочу Таштанбек Чакиев 50 жашта

“Сүйүү лабиринти” (Бегимай) ыр түрмөгү менен акын-жазуучулардын, адабиятчылардын купулуна толуп, эл аралык деңгээлге чыга алган акын Таштанбек Чакиев 50 жашка толду. Соңку жылдары котормого активдүү киришип дүйнөлүк классиктердин аңгемелерин кыргыз окурмандарына таанытууда. Япон жазуучусу Р.Акутагаванын, орус классиктери А.Чеховдун, И.Буниндин чыгармаларын которуп, андагы каармандарды кыргызча сүйлөттү. А.Чеховдун “Кутучадагы адам” (Человек в футляре) аттуу китебин чыгарып окурмандардын назарына койгон акын жакынкы аралыкта И.Буниндин котормолорун жарыкка чыгармакчы. Акындын аңгемеге келип калышы тууралуу көрсөтүүнү көрүп, баа бериңиздер.