Айдарбек Сарманбетов: Алгачкы сүйүү азабы

 Алгачкы сүйүү азабы Алаамат башталар алдында дүйнө саамга мемирей түшөт деген чын. Анынсыңары, дүйнөсү түгөл ишинен чыккан Турат жазгы таза абадан жутуп, бой жаза жөө баскысы келгенинен машинасын бейгам кетирип жиберип, үйгө, Темир жол бекети тарапка бет алды. Жаздын алгачкы айы аяктап калган. Дарактар жабырата бүчүр жарып, айлана жапырт жашылданып, кыш бою катып калган чымчыктардын тили чечилген мезгил. Эркиндик гүлбагы дал ушул кезде көз кубантып жашылдана баштап, жүрөк жылыта жанданып, балдар менен куштардын чуру-чуусуна толуп… өзгөчө ажарлана баштайт. Анын кумарына кана аралай басып, жаз деми менен ырахаттана кетейин деп гүлбакка толугу менен…..