Нурлан Калыбеков: Чак түштө (поэма)

“Суроокана” китебинен, 2012-жыл Чак түштө (поэма) Бул, менин башымдан өткөн окуя. Анча-мынча гана боёк кошпосом, болгону болгондой жазылды. Автор   Жаткам соолуп тура албай, жаткан өңдүү жүрөгүмдү бирөө туурап, майдалап, жаткан өңдүү, кан, жанымды бирөө кууруп кыпкызыл, чымчык жаным чырылдап, уясынан учууга азыр аз калып. Жаткан элем алдастап, кылган баардык иштерим көз алдымдан чубалып жамандыгым, жакшылыгым кылган убал, соопторум, таразага тартылып.   Өчтү жарык… шарт өчкөн жок, өчтү акырын бүлбүлдөп. Сезип турдум өзүмдү, көзгө сайса көрүнгүс, бир үңкүрдүн ичинде, калган өңдүү камалып. Бүттү дедим: кош бол жарык, жаш дүйнө, кана толугу менен…..