Жолон Мамытов: Башат жана мухит

Башат жана Мухит

(поэма)

–Силердин пириңер ким, акындар

–Акын-Баба…

(кафедеги сөз)

 

Жаза

… Замандар түпкүрүнөн

кылымдар чордонунан

жаралды акын жерге

таралды чачы желге.

Жылдарга жүзүн чайкап

жашоону зирек байкап

ал жазган асыл саптар

ааламга жатты таркап…

 

Көптөрдөн ал акындын

кабарын укту да хан

алдырды ордосуна,

өз ырын сынатмакка

жетмекке колдоосуна.

Ак сөзүн айтты акын

карыткан ай-жылдарды:

«–Жүрөгү сокур адам

жазыптыр бул ырларды!»

 

Хан күлүп мыйыгынан

далайга тиктеп туруп,

момундай буйрук берди

вазирге жүзүн буруп:

«– Жар салгын жамы журтка,

курулуш башташышсын.

А муну эшек менен

сепилге таш ташыткын!»

 

Бир туруп көккө учуруп

бир туруп ылайга чаап,

шор дүйнө шордоду аны

кор күндөр кордоду аны.

Калың эл мөгдөп түттү

калаага сепил бүттү…

 

Кайрадан хан акынды

алдырды ордосуна,

ырларын сынатмакка

жетмекке колдоосуна.

Кайра айтты акын сөзүн

карыткан ай-жылдарды:

«– Жүрөгү сокур адам

жазыптыр бул ырларды!»

 

Хан анда каары кайнап

кыйкырды жакындарга:

«– Менин бул сепилимде

орун жок акындарга!

Токтоосуз жазаланат

кармаган колго калам.

Ким мунун ырын айтса

аёосуз башын алам.

 

А өзүн айдагыла

ээн талаа, эрме чөлгө,

кулагым, атын укпа,

турпатын, көзүм көрбө!»

 

…Жазданып жашап ташты

өңүнөн акын азды.

Пааналап сансыз жазды

сөздөрдүн кенин казды.

Ой көлүн кече берди

көп жылдар мыкчып башты.

Чубуртуп ысык жашты

ырларын желге чачты.

Ал ырлар сепил ашып

элине жетип жатты…

Узатып эчен кышты

чачына бубак түштү.

Мезгилге айтты кабар,

турмушка салды сабал:

 

Сепил түндөгү маек

I

Тык… тык… тык…

Эй, Турмуш! Ач каалгаңды…

Акындын да өз орду бар

сен жамынган бул асмандын алдында.

Адамдарга анын арнап

айта турган сөзү бар,

ошол сөзүн айтпай калса акындар:

ойчулдуктан ооруп калат акылман,

сабыры суз болуп кетет даанышман,

адам уулу мүнөз күтүп унчукпас,

кылдан кыйкым издеп калат өкүмдар,

жер карашып балдар өсөт тартынчак,

майдаланып дарактардын мөмөсү,

бутагы морт, сабагы да бош болуп,

ажарынан аза түшөт дүйнө бул

көзгө туткан бир нерсеси жок болуп!

Эй, эшикти ачып кой!

II

–Ок, акын, өзүңдү өйдө чалба мынча,

сенсиз да баш айланткан уу-чуу мында,

бакыттын бал чөйчөгү толо дагы,

азаптын таш казаны мелт-калт дагы,

жоктору бар колуна карайт мында,

маалында өмүрүң да тыйын мында,

өмүрдөн бир тиштем нан кымбат мында,

наалыба,

түркүн иштер болгон мында,

ичке бук толсо сенсиз толгон мында,

күнөөкөр өзүн ак деп ойлойт мында,

ал ойлойт, күнөөлөгөн өзү кара,

мени эмне, тепсегени турасыңбы,

кирчүдөй бакыт жүктөп, эй, жүткүнбө!

кет ары, карайлабай астанада!

III

–Жок, кетпейм!

Кайда кетем?

Билгиң келсе

мен сенин жүрөгүңмүн, жапан турмуш!

Эмине, жүрөгүңдү чанасыңбы?

Мен сенин үмүтүңмүн ажарланган,

үмүтсүз жашоо даамы – бул ылай даам.

Мен сенин кыялыңмын кылактаган,

кыялсыз сен марага жетесиңби?

Мен сенин сүйүүң болом билээр болсоң,

кумарсыз куубаш болуп өтөсүңбү?

Билсең мен – сезим көлү,

азап-тозок

жана да акыр-чикир баары сыйган,

кайра иштеп

сенин ошол таштандыңдан

түбөлүк өлбөс сезим жарата алам!

Байкагын! Аттиң дебе!

Ач эшикти…

IV

–Сөзүңө абай салсам

кулакты кычыштырат.

Көп мезгил укпаган сөз,

кандайдыр сагынткан сөз…

Тиктесем турпатыңды

бир шордуу дабдыраган.

Акынмын дебей өзүн

чакалап суу саткан да

абийирдүү сенден канча!

Бутуңдун башын кара,

башыбы ташбаканын

тетигил башбармагың?

Ха-ха-хи!

Дагы мага жүрөк имиш,

үмүт имиш үбөлөнгүр,

кыял имиш кыйрап калгыр,

сүйүү имиш сүксөйүп,

антип ооз көптүргөнчө

ырысым түгөнгөн бир

шордуумун дебейсиңби!

Шорума батып калып

ак уруп өлүп-талып

алдыңа келип турам

деп айтсаң мен ошондо

садага-кайыр берип

коймокмун жыргатып бир!

Хи-хи-хи!

Эздиң боорду.

Жогол, болду!

V

–Бул сөздөр

төл сөздөрүң эмес, Турмуш!

Сен качан мындай ташбоор болуп калдың?

Кайдан сен кежир болуп калдың мынча?

Кир-коогу сан кылымдын каның менен

карачы, сүзүп жүрөт жыргап эркин.

Бизге жапкан эшигиңди

сен ага качан ачтың?!

Текебер бул мүнөзгө

кай күнү кире качтың?

Карачы кебетеңди,

чекеңден аккан териң

күчала – уу коргошун!

Калбасын шоруң кайнап!

Өзүңдүн демиң менен

өзүңдү муунтасың,

өмүрүң кыйылтасың…

Ач эми эшигиңди

Ичкериң тазаланып,

дүйнөң бир желдеп алсын!

VI

Муну кар-ра-а, муунтчудай

кокус койсом киргизип,

мени дагы өзү менен

кошо ырдатып салчудай,

камыр кылып жууручудай,

дандыр куруп жапчудай,

ысык гана токоч кылып

бир сугунуп алчудай!

Сени оюңа койсобу,

айткан сөзүң эшитип,

минги кылып алгың келет жоошутуп.

 

Кечирип кой!

Кууланганың дайын мага,

күчүң оңой жетпейт мага!

Сенсиз жерде

мен бийликте, мен даңктамын,

мен сыйкырмын!

Керегиң жок, демек, сенин!

Ызалансаң

ыйла,

бийле, кыйкыргын!

VII

–Жаныңмын, жапан турмуш,

акырет күндөрдө да

мен тирүү кала берем,

арчындап убакытты

айланып уча берем.

Алдансаң мезгилиңе

алдыңда тартар жазаң.

Өңүңө санаа жыйба.

өлбөйсүң, жолуң чексиз,

сен менен болочокто

биздердин көрөр күн мол.

Мейли ачпа каалгаңды,

табасың сезимиңден

сен мени каалаганда.

Дилиңде жашай берем

ал өзүм каалганын

сыртында калган менен,

сага аны билүү кайда,

чебелен азырынча

чычаңда азырынча,

тепкилен азырынча,

даңкылда азырынча…

VIII

–Эригип турат элем

батырдың тамашага.

Кейпиң макоо боло туруп

тилиң уу, чала сага!

Тарт эми арабаңды!

Чычаладай күйүп коëт,

чычала андан көрө

чычкан болуп калбапмын деп,

кемирүүчү макулук да

кенен жашайт билсең сенден,

анын сыры –

уурдаганга эби мыкты,

сенчилеп кекирейбейт,

ийилет керек жерде…

Ушинтип эриккенде

келип тур анда-мында.

Акыр-чикир көбөйгөндө

алып кетип тургунуң

өлбөс ой жаратуучу зоотуңа,

Сөзүм калбады.

Карангүүн!

Келаткан өкүмдөр бейм?

Кокуй, жабайын каалганы!..