Садык Алахан: Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Адабиятчы Садык Алахандын залкар акын Райкандын термелери жөнүндөгү 5-макаласын окурмандарга тартуулайбыз.

Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Арийне, жамандыкка жарчы болгон коомдогу бардык терс көрүнүштөр сыяктуу эле Адам баласы да тээ байыркы учурлардан бери эле жинди сууга каршы күрөшүп келиптир. Кытайда, Египетте, Байыркы Греция менен байыркы римде ичимдикти шаан-шөкөттөрдө ичүү менен такай ичүүнү ажыратып кароонун зарылдыгын» баса белгилешиптир. Аракечтерди эл алдына алып чыгып шылдыңдоо, жек көрүмдүү кылып кордоо, ал турсун ырайымсыз жазалоо жана өлтүрүү сыяктуу жаза чаралары аталган байыркы мамлекеттерде өтө кеңири колдонулган. Гиппократ менен Галендин эмгектеринде аракечтик коом үчүн коркунучтуу көрүнүш экендиги айтылат. Орто кылымдарда да Адам турмушундагы бул тескери көрүнүшкө каршы ар кандай чаралар такай жүргүзүлүп келинген.

Аракечтикке каршы күрөшүү ХIХ жана өткөн ХХ кылымдарда айрыкча жаңы баскычка көтөрүлдү десек болот. ХIХ кылымдын тим башталышында Англия менен Түндүк Америкада сергектик коомдору түзүлүп, алар аракечтикке каршы катуу күрөш жүргүзүшкөн. Германияда, Ирландияда, Швейцарияда «орден добрых храмовников», «Орден Синей Ленты», «Синий Крест» деген сыяктуу сергектик коомдору түзүлгөн. ХХ кылымдын башталышында аракечтикке каршы күрөшүү боюнча 16 (он алты) эл аралык уюм иш жүргүзгөн.

Сергек жашоо үчүн болгон кыймылдар өтө кеңири жайылтылганы менен алардын ийгилиги анчалык көзгө толумдуу боло алган эмес. Спирт ичимдиктерин пайдалануу бул жылдары бардык өлкөлөрдө күчөп кетет.

1914-жылы Швецияда «Брат системасы» деген тартип киргизилет. Бул эреже боюнча спирт ичимдиктери карточка менен гана, болгондо да үй-бүлө башчысына гана бериле баштайт. Дал ушул ХХ кылымдын баш ченинде ар кайсы өлкөлөрдө – Исландияда (1912), Норвегияда(1919) – спирт ичимдиктерин чыгарууга жана сатууга толук тыюу салган мыйзамдар жарык көрөт. Мындай «сухой закон» кийин (1919) Финляндияда да кабыл алынат. Андан сегиз жыл өткөн соң тыюу салуунун натыйжалары менен жыйынтыктарын көргөн биринчи финляндиялык конгресс: «… государству и общинам удалось упорядочить свои финансы, провести политические и социальные реформы, укрепить экономику страны», – деп баса белгилептир. Эң узакка (дээрлик 13 жылга) созулган «сухой закон» АКШда болуптур. 1920-жылы январда күчүнө кирген бул иш чара бардык штаттарда бекем сакталыптыр.

Изилдөөчүлөрдүн ырастоолору боюнча жогоруда аталган «сухой закондордун» дээрлик баарысы кандайдыр бир деңгээлде жакшы натыйжаларды беришкени менен кыска мөөнөттүк гана мүнөзгө ээ болушуптур жана абал тез эле мурдагы калыбына келип, ал турсун андан да жаман болуп кетиптир.

Орусияда да аракечтикке каршы күрөшүү ошол ХIХ кылымда эле күч алыптыр. Расмий түрдө эң алгачкы уюштурулган сергектик коому Полтава губерниясынын Дейкаловка айылында 1874-жылы түзүлүптүр. Ал эми 1882-жылы Смоленск губерниясынын Татаево деген айылында ушундай сергектик коому түптөлүптүр. 1909-жылдын 28-декабрынан 1910-жылдын 6-январына чейин Петербургда аракечтикке каршы күрөшүү боюнча 1 Бүткүл россиялык съезд өткөрүлүп, мында аракечтиктин түпкү социалдык-экономикалык тамырын аныктоо, бул илдеттин социалдык-гигиеналык маселелерин чечүүнүн иш чараларын иштеп чыгуучу каражат.

Совет мамлекети коммунисттик бийлик орнотулган алгачкы күндөрдөн тартып эле аракечтикке каршы чечкиндүү күрөш жүргүзө баштады. РСФСР Эл Комиссарлар Совети 1919-жылы 19-декабрда «О воспрещении на территории РСФСР изготовления и продажи спирта, крепких напитков и не относящихся к напиткам спиртосодержащих веществ» деген Токтом кабыл алып, мында самогон кайнаткандарга, самогонду саткандар менен сатып алгандарга катуу жаза колдонуу (үй-мүлкүн өкмөткө тартып алуу менен 5 жылдан кем эмес эркинен ажыратуу) каралган. В.И.Ленин да аракечтикке каршы катуу күрөшүп, «соода үчүн канчалык кирешелүү болсо да арак жана башка мээни тумандатчу нерселерди сатууга жол бербейбиз» деп белгилеп кетти.

1927-жылы мартта РСФСР Эл Комиссарлар Совети «О мерах ограничения продажи спиртных напитков» деген токтом кабыл алып, мында спирт ичимдиктерин жашы жете элек балдарга жана кызуу абалындагы жарандарга сатууга тыюу салуу маселесин карайт.

Аракечтикке каршы күрөшүү ишин совет өкмөтү өзү өмүр сүргөн жетимиш жылдан ашуун мезгилдин ичинде тынымсыз жүргүзүп келген десек болот.

Улуу Ата Мекендик согуштан кийин эл бир аз оңолгон соң 1958-жылы КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Совети «Об усилении борьбы с пьянством и онаведении порядка в торговле крепкими спиртными напитками» деген Токтом кабыл алды.

Арадан он төрт жыл өткөн соң 1972-жылы КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Совети «О мерах по усилению борңбы против пңянства и алкоголизма» деген дагы бир жаңы Токтом кабыл алды.

Арадан дагы он үч жыл өткөн соң 1985-жылы кайра куруу деген доордун тим башталышында КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Совети «О мерах по преодолению пьянства и алкоголизма» деген дагы бир Токтом кабыл алды.

Аракечтердин ар бир жаңы муундарына каршы ар он беш жылдын ар жак бер жагында кабыл алынып тургансыган бул токтомдор бүгүнкү күндүн бийиктигинен караганда плансыз, терең ойлонулбаган мүнөздө болгонсуп көрүнүшү ыктымал. Түк андай эмес эле. Ар бир токтом коммунисттик режимдин каардуу машинасы аркылуу аябагандай аеосуз мүнөздө болуп, бир катар терс натыйжалар менен коштолуп жүрүп олтурган. СССР деген улуу державанын курамында болгон кыргыз эли да большевиктик бийликтин жылдарында аракечтикке каршы жүргүзүлгөн иш чаралардын баарысына ортоктош болуп, көптөгөн элдердин катарында баштарынан өткөрүп келишкен.

Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде жүргүзүлгөн иш аракеттердей эле СССРде жүргүзүлгөн антиалкоголдук иш чаралар да кандайдыр бир деңгээлде утурумдук, бир жүргүзүлгөн компаниялык мүнөзгө ээ болуп кала берген да, натыйжада, аракечтик улам мезгил өткөн сайын зор коомдук проблемага, чыныгы социалдык ооруга айлана берген.

Аракечтикке каршы күрөшүү боюнча соңку мезгилдерде ООНдун көптөгөн атайын мекемелелери: наркотик каражаттары боюнча Комиссия, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Институт, Эмгек боюнча эл аралык уюм, алкоголизм менен наркоманияга каршы күрөшүү боюнча Эл аралык жана Европалык кеңештер, ЮНЕСКО ж.б. бир катар иш чараларды жүргүзүп жатышат. Бирок абал тээ байыркы Кытай, Египет, Греция, Римдегидей эле оор боюнча калып келүүдө.

Залкар акын Райкан Шүкүрбековдун биз карап жаткан даңазалуу «Жинди суу» термеси мына ушундай адамзат пайда болгондо кошо пайда болгонсуган, бирок кыргыз эли үчүн жаңы совет коомундагы жаңы жашоо ыңгайы менен кошо келген эң көйгөйлүү маселеге арналган эле. Бул маселенин көйгөйлүү экендиги ушунда – аракечтик пенде баласынын организмин, дене боюн четинен кемирип жей бере турган илдет болуп эсептелет. Муну таланттуу акын өзү да жеткилең сезе билип:

Айтарым алыс, жакынга,

Айтканымды макулда.

Тумандатып башыңды,

Зыяны тиет акылга. (82-бет)

Ооба, баарынан мурда акылга зыяны тиет. Анткени, «картина опьянения –это по существу картина острого отравления центральной нервной системы. Впервую очередь высших ее отделов –коры головного мозга». Адистер жүргүзгөн социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча да арактын айынан нерв системасы жана сезүү органдары зака жеп өлүмгө туш болгон эркектердин саны ичпеген адамдарга салыштырмалуу аракечтердин арасында алда канча көп эсе басымдуулук кылат.

Ошону менен бирге аракечтердин дээрлик баарысынын дем алуу органдары арактын айынан айыкпас дартка чалдыгат. Аракечтердин өлүмүнө тикеден тике себеп болгон оорулардын ичинде биринчи орунда дал ушул дем алуу органдарынын оорусу турат. Анткени, арак өпкө менен кызыл өңгөчтүн майда клеткаларын ууландырып, ал органдардын табигый жашоосун бузат. Ошондуктан аракечтен:

Жөтөл кетпейт кыйкылдап,

өңгөчүң тынбай чыйкылдап. (86-бет)

 

Көзүңдүн агы жоголуп,

Коркурак кирет үнүңө. (91-бет)

Бул тууралуу адистер минтип жазышат: «Сравнительный анализ общей заболеваемости по классам болезней показывает, что как среди всего мужского населения, так и среди мужчин, злоупотребляющих алкоголем, наибольшая заболеваемость приходится на болезни органов дыхания».

Жогоруда айтылгандай, жинди суу адамдын нерв системасына зака келтирүү менен бирге аракечти ар кандай психикалык ооруларга кабылтат. «Уровень психических расстройств у мужчин, злоупотребляющих алкоголем, в 2 раза превышает уровень психической заболеваемости мужского населения. …Число обращений по поводу психозов и нервозов у мужчин, злоупотребляющих алкоголем, в 1,4 – 2 раза больше соответствующего показателя для всего мужского населения. Нарушения психического здоровья при алкоголизма… являются следствием длительного злоупотребления алкоголем».

К.К.Юдахиндин сөздүгүндө «Психоз» мындайча түшүндүрүлөт:

  1. психикалык оорунун күчтүү бир түрү;
  2. адамдын психикасындагы кандайдыр бир нормасыздык, бир түрдүүлүк, мис: Болор-болбос нерседен корко берүү)».

Ал эми «невроз» болсо кыска гана момундайча чечмеленип берилет: «нерв системасынын оорусунун бир түрү»

Дал ушинтип аракты ашыкча ичкенден улам ар түрдүү психикалык ооруларга кабылып,

Көк мээ кылып көп сүйлөп,

Көз көрүнөө айныма (89-бет) болуп калышат ичкичтер.

Жинди суу түпкүлүгүндө келип адамдын психикасын бузуп,

Оолукма кылат өзүңдү,

Опсуз кылат сөзүңдү. (92-бет)

 

Кеккеттире сүйлөтүп

Аңтарылтат көзүңдү. (82-бет)

Арактын Адам абийирин буза тургандыгы айрыкча аялдар менен өспүрүмдөрдүн организмине тийгизген тескери таасиринен дагы да ачык көрүнөт. Аялдар арасындагы аракечтик жөнүндө окумуштуулар момундайча жазышат: «Алкоголизм среди женщин проявляет склонность к еще большему распространению. … в высокообеспеченных слоях общества алкоголизмом страдают мужчины и женщины в равной степени…

Алкоголизм у женщин чаще, чем у мужчин, общество воспринимает не как болезнь, а как позорную привычку, поэтому женщины чаще скрывают свое заболевание, … «нетерпимость общества к женскому алкоголизму» – важнейшая сдерживающая причина распространения алкоголизма среди женщин. «Женщины начинают пить в более старшем возрасте, чем мужчины, но быстрее переходят от контролируемых выпивок к бесконтрольному злоупотреблению алкоголем. Считаются, что пьют «до бесчувствия» значительно чаще женщины». Спирт ичимдиктеринин аялдардын организмине, жүрүм-турумуна тийгизген таасири илимде ушундайча чечмеленип берилсе, «коомчулук тарабынан оору катары эмес, уятсыз, ар-намызсыз өнөкөт жорук катары кабыл алынчу «аялдар арасындагы аракечтикти акын көркөм сөздүн күчү менен төмөнкүчө кылып жандуу көз алдыбызга тартып берет:

Айтылуу сулуу келиндин,

Көрөсүң көркү кеткенин.

өзүңчө туруп кейийсиң,

Көргөндө мастын өпкөнүн.

 

Ак шайы көйнөк эми жок,

Ак тубар жоолук деги жок.

Кийип алган этине,

Апасынын чепкенин.

Ырдап калат тийишип.

Абийиринин кеткенин. (83-84-беттер)

 

Башын иет мас келин,

Башында мээси аз келин.

Жоолугу жүрөт желкеде,

Ал өңдөнгөн эркенин.

«Дүнүйө жерге кирсин» деп,

Унутат алган эркегин. (86-бет)

«Эркектерге караганда аялдар жашы бир топко барып калганда иче башташса да, өзүн өзү тескеп ичүүдөн көзөмөлдөн чыга ичкиликке берилип кетүү аларда тезирээк жүрөрү» мына ушинтип жалпылаштырылган бир келиндин көркөм мисалында элестүү да, образдуу да, жеткиликтүү да болуп реалдуу түрдө көз алдыбызга тартылды.

-Бул жөнүндө караңыз: Капустин А.В. Алкоголь –враг здоровья. – М,: «Медицина», 1978. -9-12-беттер.

Бул жөнүндө караңыз: Капустин А.В. Алкоголь –враг здоровья. – М,: «Медицина», 1978. -9-12-беттер.

Бул жөнүндө караңыз: Лысицын Ю.П. Копыт Н.Я. Алкоголизм. (Социально-гигиенические аспекты). Изд. Второе, перер. И доп. –М.: «Медицина», 1983. –стр. 170-171-

Гуревич З.А., Залевский А.З. Алкоголизм. –Харьков, 1930. –стр. 189.

Ленин В.И. Полн. Собр.соч., т.43. –стр 326.

Косяков К.С. Борьба  с алкоголизмом. –М.: Медгиз, 1957. –стр.7.

-Лисицын Ю.П, Копыт Н.Я. Алкоголизм (Социально-гигиенические аспекты) 2-е изд. Перераб. И доп. –М.: «Медицина», 1983. –стр.119.

Лисицын Ю.П. Копыт Н.Я. көрсөтүлгөн эмгек. -122, 123, 124-беттер.

Русско-кыргызский словарь. (под.ред. К.К.Юдахина). –Б.»Шам», 2000. -679-бет.

-Братусь Б.С. Психологический анализ изменений личности при алкоголизма. –М.: Изд-во Московского университета, 1974. –стр.35.

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор