Бүкадича Акимжанова: Кайчы жолдор

Кайчы жолдор

(Новелла)

Бүгүн ичимде уйгу-туйгу болгон сезимдерди сөз менен айтып жеткирүү кыйынга турат мен үчүн. Тээ качан бүткөн жарам кайра сыйрылгандай, ичим эңшерилип, жүрөгүм ооруп, көңүлүм сыздап турам сени эстеген сайын. Капыстан кайра табышканыбызга бир сүйүнсөм, бир күйүнөм. Бир капталым көкөлөп көккө учту кубанычтан, тээ качанкы алоолонгон сезимдер жалындай дүрт дей түштү кайрадан. Алоолонуп күйгөн жалын менен көп жыл жашара түшкөнсүдүм. Бир капталым болсо үнсүз солкулдап ыйлап турду. Тагдырга болгон таарынычы, ызасы үстөмдүк кылып, жашоону кечиргим келбей турду. Зымырап өткөн убакытка карабай «сен» деген сезимдин соолубаганына ызаландым. Капыстан табышкан күндөн бери кыялымда өзүң менен сүйлөшө берем, сүйлөшө берем. Баарын башынан жомок сымал айтып берем. Жомогумдун аягы өкүнүч менен бүтөрүн билсем дагы, андагы тазалыкты, аялуу сезимдерди, таарынычтарды чын эле сага айтып түгө албасам керек эле. А сен болсо үнсүз телмирип мени тыңдамаксың. Таш жарган үшкүрүгүңдү уккансыйм анан. Мүмкүн ошондо сенин сөзүңдү угуп, жаныңда калсам баары башкача болмок беле деп сурай берем өзүмөн өзүм. Ким билет балким башкача болмок чындап эле. Чындап эле мен сенин апакеңдин келини болмокмун, шипширин балдарыңдын да апасы… А бирок, бул кыялым көпкө созулбай таш талканы чыгат. Мүмкүн ошондо… деп барып, туңгуюкка капталамын. Көздөрүмө жаш толуп, өзүмдү кечиргим келбей кетет. Жүрөгүм ташка айланып, мерезденип, бороон чапкын кылып кыялымда сени миң түркүн азапка салгым келет. Сени тапкан күндөн бери жанымды коёрго жер таппай күйпөлөктөп жүрөм. Анткени мен сени унуткамын, мен сени чыкпас кылып, тээ түпкүрдөгү бир жерге көөмп койгом. А бирок… Сезимдерим ээ жаа бербей, буркан-шаркан түшүп, толкуп ташыйт. Жүрөгүм ооруду, аядым бизди баягы кышта ак кардай эрип кеткен сезимдерибизди. Ошону кадырлай албаган, жолдорунан адашкан бизди аядым. Ким танат муну? Анан эмнеге…. деген суроонун чулгоосунда азап чеге турган болдум. Билбейм бүгүн негедир жүрөгүм уйгу-туйгу, сезимдерим онтоп турат бул жан чыдагыс азаптан. Ушундай удургуган ойлордун арасында сени менен таанышкан күн эсиме түшөт….

1988-жылдын күз айы болсо керек. Алтынга алмашкыс студенттик күндөрдүн биринде жолукканбыз. Сен көп сүйлөбөгөн абалың менен негедир мага сырдуу туюла берчүсүң. Менин шатыра шатман мүнөзүмдүн жардамы болсо керек, сени менен тез эле тил табышып алдым. Сабактан чыгып достор менен чогуу киного барабыз, же бир жерде чогуу ырдап отурабыз. Сен гитарада кол ойнотконуңду көргөндө кыздардан кызганып, ары сыймыктанып да алчумун. Ошентип жүрүп биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. Мен сенин айлаңды кетирип, жолугушууга кеч чыгам, ал аз келгенсип чек ара сызып коёмун ортобузга өтпөйсүң деп. Сен мен айткандын баарына макул болчусуң. Биз ошентип жетелешип, бакыт күндөрүбүз бүтпөчүдөй сезилчү мага. Жаштыктын жалыны болсо керек, көп нерсени аңдай албаган. Аңгыча эле суук түшүп калды. Үйгө барып жылуу кийимдеримди алып келем деп айылга аттанып калдым. Сен мага 6-ноябрда автобуска билет алдың да, 3 күндөн кийин тосуп алам деп коштоштуң. Ошондо сени акыркы жолу көрүп жатканымды, сени менен бир өмүргө коштошуп жатканымды сезсем кана. Айылга барбай коймок экемин. Тагдыр деген нерсеге шылтоолоп, кээде жашоодогу тоскоолдукту жеңип өтө албай калат окшойбуз. Мени барганда айылдаш бир бала ала качып кетти. Таш түшкөн жеринде оор дешип мени ошол жерге калтырып коюшту. Ботодой боздогонум, жигитим бар деп ыйлаганым, күйүттөн көөдөндү жарып кыйналганым алар үчүн эч нерсеге татыган жок. Ошентип, мен сенден айрылып калдым.. Сени менен кошо ак сүйүүмдү, жаштыгымды уурдатып, жоготуп алгансыдым. Окууму улантканы бардым, бирок сенин алдыңда өзүмдү күнөөлүү сезип, көзүңө көрүнбөөгө аракет кылып жүрдүм. Бир жолу жолдошум менен мейманканада турганымды угуп, дос балдарың менен эркекче сүйлөшкөнү келдиң. Комнатанын эшигин такылдатып, жолдошумду чакырасың. Мен аны чыгарбай кармап турам. Сенден кетүүңдү сурандым. Мен эми башка жандын жары экенимди буулуккан үнүм менен араң айттым. Сен ошондо гана менден түңүлдүң окшойт. Унчуккан жоксуң да, кетип калдың. Кыйналып кеттим, окууну да уланта албадым. Жолдошум да кызганып, менин жанчылган жан-дүйнөмдү эзип салды. Көзүмдүн жашын көл кылып, сени менен кошо көксөгөн окуумду таштап, айылга келип жай турмуш агымына моюн сунуп жашап калдым.

Болгону жүрөгүмдөгү сенин элесиңди эч нерсе өчүрө алган жок. Өмүр закым куштай бат өтө берет экен. Сени кайрадан арадан 28 жыл өткөндөн кийин соцтармактан таап алам деп ойлогон эмесмин. Көрсө турмуштун мага деген белеги али бүтө элек окшойт. Сени менен кайрадан табышып калганымдагы абалымы сүрөттөсөм сөз жетпесе керек. Көрсө, адам пенде өзү картайса да, сезимдери жаш бойдон кала берет тура. Жаш секелек кыздай сага деген сезимдерим оргуштап чыга келди кайдан жайдан. Күндө смс аркылуу жазышабыз, ошол биз жоготкон күндөрдү эскеребиз, сүрөт жиберебиз. Сүрөттө деле ошол эле бойдонсуң, болгону мезгил өз өкүмүн кылгандай… Ошондой күндөрдүн биринде телефон номеримди сурадың, үнүңдү уккум келди деп. Ойлонуп отуруп бердим. Коңгуроо келди, ачканда эле сенин тааныш коңур үнүң… ошол үндү укканда толкундандым, денеми майда калтырак басты. Ооо, ошол үн, мен жоготкон ошол үн. Сенин күлкүң ошол бойдон экен дедиң сен да. Ошентип телефондо күн алыс сүйлөшө турган болдук. Үнүңдү укпасам кадимкидей кусалана түшөм. Капысынан бир күн сени көрсөм болобу дедиң. Эмне дээримди билбей көпкө ойлондум. Сени көрсөм дегенде ак эткенде так эткен жаным, кантсе да аялдык намыс менен жок дегиси келсе да, сезим ага баш ийеби. Макул болуп, иштеген жеримдин дарегин бердим. Болжошкон саатта келдиң. Мен үнсүз барып машинанын арткы орундугуна отурдум. «Кандайсың?» дедиң да, менин жообумду күтпөстөн машинаны жогорку ылдамдыкта айдап кайдадыр зымырап учуп жөнөдүң. Экөөбүздүн сагынышкан көздөрүбүз машинанын күзгүсүнөн чагылыша түшкөндө гана өзүңө келдиң окшойт, ылдамдыкты азайтып, жолдун четине токтодуң. Кечирип койчу, мен өзүмдү жоготуп койдум деп колумду аяр кармадың да өөп койдуң. Анан багаждан кызыл тазыл чоң букетти алып чыктың. Кечиккен кездешүүбүз, жоголгон сүйүүбүз үчүн экөөбүз тең үнсүз бири бирибизден кечирим сурап тургансыдык. Убакыт ошондойдо токтоп турса ээ. Жоготкон бактымдын бир үзүмүн тапкан учур түбөлүк калса эмне десең. Сен бирөөгө телефон кылдың да, “сүйлөшсөң, ким бар?” – деп мага карматып койдуң телефонду. Телефондо биз студент кезде чогуу жүргөн сенин дос балаң экен.

-Сени табам деп көшөрүп жүрүп тапкан тура. Ошондо сен турмушка чыкканыңды укканда, жаш баладай өрөпкүп ыйлаганы дале эсте. Кадырлап ал, сени катуу сүйгөн…- деген сындуу бир төп сөздү айтты. Мен бир нерсе деп жооп бере албадым. Ошентип ортодо өткөн көп убакытка карабай, бизде кайрадан ошол жаштык мезгилдеги сезимдер бизди алоо оттой куйкалап баштады. Азыр андагыдай жаш болбосок да, акыл токтотуп калгандагы сүйүүнүн азабы жанды мите курттай эле кемирет тура. Эми күн алыс жумуштан чыккандан кийин жолуга турган болдук. Сен мендик эмессиң, ырайымсыз тагдыр бизди эки жээкке сапырып салганына көп болсо да, кайрадан тагдыр буйруп жолукканыбыз өзүнчө эле керемет го. Эми бири-бирибизди жоготкубуз келбейт. Акырындык менен сени аялыңдан кызгана баштадым. Билемин, бул акылсыздык…. Бирок сезим акылды угабы? Сенин мендик эмес экениң өзөгүмү өрттөгөнү аз келгенсип, сени жубайыңдан кызганып, кызганычтын алоо отунда күйүп-жана турган болдум. Тагдыр аялга ичи тардыкты көбүрөөк бергенби деп ойлоп кетем кээде. Сени эч ким менен бөлүшкүм келбейт, кеч тапкан бактымы дагы кимгедир тарттырып жиберүүдөн корксом керек. Бир жолу телефонуңдан жубайыңа “Ты моя любимая, безценная, единственная” деп жазган СМСиңди окуп калдым. Мен анда ким болом сага деп смс аркылуу суроо узатып койдум. Сен болсо жооп берген жоксуң. Аялдардын бул сезимин түшүнүү чын эле кыйын болсо керек. Эмнеге сага кеч жолугуп, эмнеге мен сени башкадан кызганып жүрүүм керек эле? Тагдырдын мага берген жазасы беле бул, ким билет?! Ушундай абалымды сөз менен сүрөттөп жеткире албаймын. Өзүм жообун билбеген суроолордун курчоосунда жалгыз калдым. Азыр ошол сезимдин алоосунда калгандай айласыз абалдамын. Жалбырттап жанган сезимден качуу кандай кыйын. Алоолонуп жанган оттун ичинде калгандай, алапайымы таппай, эгерделе ошол оттун ичинде калып кете турган болсом күйүп кетүүчүдөй, бирок андан чыгуунун да айласын таппай жатам. Адам өзүнүн сезимдери үчүн өзүн күнөөлүү сезиш керекпи? Анда эмнеге сезим бар? Же унутта калган нерсени козгоо канчалык туура эле? Өзүмө жообун табууга кыйналган суроолорду берип, айламы кетире берчү болдум.

Анна Каренина түштү капысынан эсиме. Чын эле ал да, сүйүүнүн артынан, сезиминин кулу болуп, бала-чакасын, күйөөсүн таштап, бакыт издеп кетпеди беле? Анан неге өз жанын кыйган? Эмнеге кырчындай өмүрүнө кол салган? Бакыт бир гана сүйүүдө эмес беле? Мындай сыноого туруштук берүү, бул сыноодон чыгып кетүү оңой иш эмес экенин эми байкап отурам. Акыл менен сезимиң күрөшүп, кимиси жеңээри сенин тагдырыңы чечип коёрун эми аңдап жатпаймынбы. Кандай аянычтуу, кандай татаал, анан чиеленишкен абал?! Өзүмдү тагдырдын таразасына коюп, анан эле бир нерселер жетпегендей үстүнө башка ойлорду үйүп жатам.

Мен тагдырыма ыраазымын, мени сыйлаган адам менен турмуш курдум, көз мончоктой балдарым бар. Менин телегейим тегиз, бакытка балкып турганда, жан дүйнөмө будуң чаң салып, бороон чапкын кылып, ызгаардуу кыш күнүндөй суук, жайдын аптабындай ысык болгон, унутулган сезимдер чыкты кайдандыр. Мен жарымы сыйлаймын, оңойго турбаган бакытымды ураткым келбейт. Анын үстүнө көптөн бери күдүктөнүп жүргөн нерсе чын болуп чыкты. Жараткандын мага берген акыркы сыноосу же жазасы болсо керек. Мени кылымдын модалуу илдети чулгап келатыптыр. Эми аны менен күрөшүүгө бел байлап атам. Жашоомдо мүмкүн сени мага дагы бир ирет жолуктуруп, анан армансыз жанымды алайын деген белем Жараткан. Оору менен алышкан ушул тапта, сени мындан ары кыйнагым келбейт. Сени кайрадан жолуктурган тагдырыма ыраазымын. Мени кайра жашарта койгон ошол керемет сезимдериң үчүн рахмат сага. Алмаз, мен сенден кол үзгөнү жатып, чын эле эмне дээримди билбеймин. Сенин жакшы адам экениңди билем, сен деле мен ойлогондорду ойлоп жаткандырсың. Артыңа кылчайып карай бербе эми, бүткөн нерсени жүрөгүңдө жашатпачы, сенин бактылуу болушуңду каалайм. Бир жолу дагы мени кечирчи… Мен кайчы жолдогу бактыма суктанып, ыраактан бар экениңе шүгүр кылып, калган өмүрдү тобокел кылып жашагым бар.