Жолон Мамытов: Башат жана мухит

Башат жана Мухит (поэма) –Силердин пириңер ким, акындар –Акын-Баба… (кафедеги сөз)   Жаза … Замандар түпкүрүнөн кылымдар чордонунан жаралды акын жерге таралды чачы желге. Жылдарга жүзүн чайкап жашоону зирек байкап ал жазган асыл саптар ааламга жатты таркап…   Көптөрдөн ал акындын кабарын укту да хан алдырды ордосуна, өз ырын сынатмакка жетмекке колдоосуна. Ак сөзүн айтты акын карыткан ай-жылдарды: «–Жүрөгү сокур адам жазыптыр бул ырларды!»   Хан күлүп мыйыгынан далайга тиктеп туруп, момундай буйрук берди вазирге жүзүн буруп: «– Жар салгын жамы журтка, курулуш башташышсын. А муну эшек менен сепилге таш толугу менен…..