Абдиламит Матисаков: Биздин майрам эсиңиздеби?..

Биздин майрам эсиңиздеби?.. Ата, бүгүн майрам. Салып жиберген куттуктоомду алдыңызбы? Адатынча, чериңиз жазылганча эки-үч сапар окутуп, кайра-кайра “башка жазылган сөздөрү жок бекен? Ден-соолук, тиричилигин деле айтып койбойбу, чунак бала. Төртүнчү жылга аяк басты. Майрамдарда такыр келе элек. Бала кезинде томураңдатып, жанымда ээрчитип майрамдатчумун” деп айланаңыздагыларды күлдүрүп, кеп салып бергендирсиз. Эсиңиздеби, мен майрам күндү кандай кубаныч, элирүү менен күтчүмүн. Эртең менен кулагыма акырын шыбырап ойготконуңузда, көчө балдардын шаттуу үндөрүнө толуп калар эле. Тамакка да көңүлүм чаппай шаша берчүмүн. –Барасыңар эми, атаң экөөңө да, баарыңа да жетет майрам, – дечү апам жака-башымды толугу менен…..