Ош шаарында жаш акын-жазуучулардын фестивалы өтүүдө

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалы Ош шаарында жүрүшүн баштады. 29-30-апрелде жана 1-майда өтө турган фестивалга республиканын 7 дубанынан келген жаштар катышууда. Катышуучулар алдын ала жарыяланган сынак аркылуу тандалып алынган. Ыр майрамдын жүрүшүндө катышуучулар Э.Эрматовдун ырларын, Э.Эрматовго арналган ырларын көркөм окуп, Э.Эрматовдун ырларына жазылган обондуу ырлар жаңырды. Иш-чаранын программасына ылайык, 30-апрелде Э.Эрматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, ОшМУнун колдоосунда толугу менен…..

Баткенде өткөн Э.Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлүп жеңүүчүлөр аныкталды. Жалпысынан область боюнча фестивалга 29 жаш акын-жазуучулар катышып 1-орун Улукбек Омокеевменен Мирлан Алтымыш уулу, 2-орун Сезим Толукбаева менен Умар Нусубалиев, 3-орун Улан Дөөлөтов менен Адилет Зарылбек уулуна берилип, Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Фестивалды Кыргыз улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте Эгемберди Эрматов атындагы коомдук фонду уюштурду. Эске сала кетсек, бул фестиваль ар бир эки жылда 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлүп турмакчы.

Баткенде Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы өтөт

Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы ар бир эки жылда 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлөт. Фестивалга 35 жашка чейинки акын-жазуучулар катышып, алардын чыгармалары окулуп, талкуулар болот. Жаш акын-жазуучуларды колдоо максатында фестивалдын алкагында үч багыт боюнча байгелер уюштурулган. Байгелер эң мыкты чыгармалар боюнча: эң мыкты поэзия эң мыкты проза эң мыкты адабий изилдөө деген номинацияда берилет. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат жана аларга жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыктар берилет.

Жаш калемдер Мекенге таазим кылышты!

“Мекенге таазим” жаш акын жазуучулардын республикалык фестивалы жана “Жаш калем” конкурсу жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган фестивалга республикабыздын бардык аймактарынан жалпы 115 жаш талант катышты. Фестивалдын жүрүшүндө он секция иштеп, түрдүү жанрларда жазган жаш таланттар тажрыйбалуу акын-жазуучулардын сынынан өтүштү. Секция башчылары болгон кыргыз элине таанымал акын-жазуучулар жаш таланттарга чыгармачылыктагы иш-тажрыйбасын айтып, кеп-кеңешин берди. Бүйүр кызыткан конкурстун жыйынтыгы сыйлык тапшыруу аземи башталганга жарым саат калганда чыкты. Сыйлык тапшыруу иш-чарасы чоң салтанат менен Токтогул атындагы филармониянын кичи залында өттү. Оболу фестивалдын эң жаш катышуучуларына атайын сыйлыктар тапшырылды. Залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун эң кенже толугу менен…..