Ош шаарында жаш акын-жазуучулардын фестивалы өтүүдө

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалы Ош шаарында жүрүшүн баштады. 29-30-апрелде жана 1-майда өтө турган фестивалга республиканын 7 дубанынан келген жаштар катышууда. Катышуучулар алдын ала жарыяланган сынак аркылуу тандалып алынган.

Ыр майрамдын жүрүшүндө катышуучулар Э.Эрматовдун ырларын, Э.Эрматовго арналган ырларын көркөм окуп, Э.Эрматовдун ырларына жазылган обондуу ырлар жаңырды.

Иш-чаранын программасына ылайык, 30-апрелде Э.Эрматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт.

Фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, ОшМУнун колдоосунда  КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы жана “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун уюштуруусу менен өтүп жатат.