Поэзия кечеси өтөт

ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” теледолбоору поэзия кечесин өткөрөт. Бул жолку ыр майрам КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын 20 жылдыгына арналып уюштурулууда. 2021-жылдын 17-мартында саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу кечеде Р.Исаков, М.Рысбеков, М.Самыйкожо, А.Бакирова, М.Совет уулу, К.Тажиева, С.Батыркулова, Ж.Турсунбаев, Н.Рыскул кызы, Б.Жамгырчиев, М.Жангазиев, А.Кубанычбеков, А.Доранбек уулу, С.Турдубек уулу, Р.Изатова, А.Зарылбек уулу ыр окуп, К.Рыскуловдун обондору жаңырат. Белгилүү ырчылар коштойт. Кирүү акысыз. Бардык ыр күйөрмандарын чакырабыз.

Кыял Тажиева: Акыркы кездешүү

Акыркы кездешүү Көрсө көбү кыска тура. Ошол үчүн маанилүү болду окшойт да. Бул жарыкта биз өтө, өтө эле аз кездештик. Бирок, күнүгө жанда жүргөн көп адамдарга караганда өтө жакын элек. Ал менин – Зайырбек Ажыматов байкем болчу эле да. Кызыгы анын чын эле кымбат адам экени, өтө таланттуу экени, анан да кыргызга керек экени кокусунан эле жаздын бир жайдары кечиндеги суук кабардан кийин, чок баскандай секирип, жакшы күндөрдү колдон тарттырып жибергенде гана сезилип калды. Кеч билип калдык. Анын кыргызга чындап керек экенин өзү да билчү эместир. Анан, аны аңдап биз толугу менен…..

Э.Эрматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалынын алкагында  илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Конференция Э.Эрматовдун өмүр-чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма менен башталды. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук жана Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Т.Жороев куттуктоо сөзүн сүйлөгөн соң, ОшМУнун кафедра башчысы п.и.д. Сатканбай Момуналиев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, соц.и.д. Маматалы Мурзаев, БатМУнун окутуучусу Анара Миралы кызы маңыздуу баяндамаларын окуду.  Эске сала кетсек, фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, толугу менен…..

Ош шаарында жаш акын-жазуучулардын фестивалы өтүүдө

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалы Ош шаарында жүрүшүн баштады. 29-30-апрелде жана 1-майда өтө турган фестивалга республиканын 7 дубанынан келген жаштар катышууда. Катышуучулар алдын ала жарыяланган сынак аркылуу тандалып алынган. Ыр майрамдын жүрүшүндө катышуучулар Э.Эрматовдун ырларын, Э.Эрматовго арналган ырларын көркөм окуп, Э.Эрматовдун ырларына жазылган обондуу ырлар жаңырды. Иш-чаранын программасына ылайык, 30-апрелде Э.Эрматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, ОшМУнун колдоосунда толугу менен…..

“Жигердин” Бишкектеги поэзия күндөрү: Чыгармачылык сапар достук маанайда жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурган “Жигер” чыгармачылык борборунун Бишкек шаарындагы поэзия күндөрүнүн соңку иш-чаралары катары О.Ибраимов менен жолугушуп, И.Арабаев атындагы КМУда поэзия кечесин өткөрүп, ИСИТОдо жыйынтыктоо болду. Кенен токтоло кетсек, 3-апрелде саат 10:00 дө Кыргыз-Түрк-Манас университетинде cынчы, адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер О.Ибраимов менен жолугушуу болуп, “Жигердин” калемгерлеринин алдын-ала берилген китептери боюнча талдоо жүргүзгөн О.Ибраимов, чыгармалар боюнча, жалпы эле жаштардын чыгармачылыгы боюнча пикирин айтып, жандуу маек жүрдү. Күндөгүдөй эле, 15:00дө И.Арабаев атындагы КМУда өткөрүлгөн поэзия кечесине күбө болгон зал толугу менен…..

“Жигердин” Бишкектеги поэзия күндөрү: 2-күнү Ата-Бейитте, А.Токомбаевдин үй музейинде, КМКТАУда болду

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурган “Жигер” чыгармачылык борборунун жаш таланттарынын Бишкек шаарындагы поэзия күндөрүнүн 2-бөлүгү Ата-Бейит мемориалдык комплексине баруу менен башталды. Андан соң А.Токомбаевдин үй музейине экскурцияга барып, улуу инсандын өмүр жолу, чыгармачылыгы менен кеңири таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мерчемделгендей, саат 15:00дө Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде поэзия кечеси өткөрүлүп, жетекчилери баш болгон КРУЖСтун мүчөлөрү, “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын, Жаңы толкун” адабий клубунун жаштары, студенттер, жалпы ыр сүйүүчүлөрү күбө болду. Ошондой эле, ара-чолодо теле радиолорго маек берүүгө, ырларын толугу менен…..

“Жигердин” Бишкектеги поэзия күндөрү: Алгачкы күн жемиштүү өттү

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата өлкө аймагындагы чыгармачылык бирикмелердин ишмердүүлүгүн жайылтуу, бардык таланттуу жаштардын башын бириктирүү, ырыс-ынтымакта иш жүргүзүү, өнөр адамдарын ар тараптан колдоп, өнөрүн өнүктүрүү, өөрчүтүү максатында Ош шаарындагы “Жигер” чыгармачылык борборунун жаш таланттарын 1-2-3-апрель күндөрү чакырып, поэзия күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулоо үчүн Бишкек шаарына чакырган. Борбор калаага келген меймандар алгач Жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, орун басары К.Кадыракунов жана М.Абакиров, С.Акматбекова, М.Мамазаирва, А.Жакшылыков, М.Ааматов баштаган башкарма мүчөлөрү менен жолугуп, пикир алышты. Андан соң А.Осмоновдун үй музейине болуп, “Алыкул” борборунун толугу менен…..

“Жигер” чыгармачылык борбору Бишкек шаарына келет

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата өлкө аймагындагы чыгармачылык бирикмелердин ишмердүүлүгүн жайылтуу, бардык таланттуу жаштардын башын бириктирүү, ырыс-ынтымакта иш жүргүзүү, өнөр адамдарын ар тараптан колдоп, өнөрүн өнүктүрүү, өөрчүтүү максатында жаңы долбоордун үстүндө эмгектенип жатат. Алгач, Ош шаарындагы “Жигер” чыгармачылык борборунун жаш таланттарын 1-2-3-апрель күндөрү Бишкек шаарына чакырып, поэзия күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулоону пландап жатабыз. Муну менен бирге жаш өнөрпоздордун ортосунда чыгармачылык пикир алмашуу, тыгыз кызматташуу, бул ишти андан ары бардык региондорго жайылтуу, эл арасындагы жаш акын-жазуучуларды колдоо, адабий жолугушуулар менен аймактарга толугу менен…..