Садык Алахан: Асанбек Стамовдун повесттери

Асанбек Стамовдун повесттери (үчүнчү макала) Жыйнакка акыркы болуп 1968-жылы журтчулукка тартууланып, кийинки мезгилде автор тарабынан кайра редакцияланган “Кеч күздө” повести кирген. Чыгарма адабий сында белгиленип жүргөндөй А.Стамовдун “чыгармачылык өнөрканасындагы кескин сапаттык секирик” болду. Повестте, эскертип кеткендей, азырынча автордун негизги изилдөө объектиси болуп калып жаткан жаш адамдын өмүрүндөгү оош-кыйыш учурлар, турмуштан өз ордун табуудагы алгачкы кубанычтар менен кайгылар баяндалып, чыгарманын сюжеттик багыты бирде кадыресе учурдагы окуяны сүрөттөө аркылуу өнүксө, бирде повесттин баш каарманы болгон лирикалык персонаж Акылбектин өз турмушу жөнүндө студент кезиндеги курбусу Садырга аңгемелеп берүүсү аркылуу өсүп олтурат. Баяндоонун бул толугу менен…..

Садык Алахан: Асанбек Стамовдун повесттери (экинчи макала)

Асанбек Стамовдун повесттери (экинчи макала) Эскертип кеткен бир чөйрөдөгү – чыгармачыл чөйрөдөгү – карама-каршылыктар соңку “Нөшөрдөн кийин” повестинин негизги конфликтилик мүнөзүн түзөт. Жаңы чыгармада адамдын ак дили менен төп келишкен ак эмгегинин өлбөстүгү, көөдөндөгү акактай болгон накта кишилик сезимди өмүрдө кездешчү ар кыл карасанатай иштер убактынча басынтып да коёру, чөктүрөөрү, бирок эч качан ага үстөмдүк кыла албастыгы, бир сөз менен айтканда, инсан затындагы асыл сапаттардын көөнөрбөстүгү жөнүндө сөз болуп, бул идея жазуучунун көз мерчеминде тура, изилдөө объектиси болгон сүрөтчүлөр чөйрөсүндөгү адамдардын өз ара мамилелеринде көркөм чагылдырылат. Чыгарманы “Чүй баяны” повестинин толугу менен…..

Садык Алахан: Асанбек Стамовдун повесттери

Асанбек Стамовдун повесттери (Биринчи макала) Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты жазуучу А.Стамов маданий чөйрөбүзгө өздөрүнчө бир толкун болуп келишкен М.Гапаров, К.Жусупов, К.Жусубалиев сыяктуу муундаш калемдештери менен бирге адабиятыбыздын каалгасын тээ алтымышынчы жылдардын башында какса да, анын чыныгы чыгармачылык жүзү, эстетикалык көркөм казынасынын (албетте, өз өлчөмүнө жараша) айрым учкундары бүгүнкү жетимишинчи жылдары өз келбетин көрсөтүп олтурат. Адабий сыныбызда белгиленип жүргөндөй анын чыгармачылык “көктөмү” деп аталып, болбосо А.Стамовдун көркөм изденүүсүндөгү “бурулуш” учур болуп эсептелген “Кеч күздө” повестинин жарыкка келиши менен, кыйыр түрдө айтканда, жазуучунун “мөмөлүү күзү” башталды. Бир топ адабий тыныгуудан кийин толугу менен…..