Садык Алахан: Асанбек Стамовдун повесттери

Асанбек Стамовдун повесттери

(үчүнчү макала)

Жыйнакка акыркы болуп 1968-жылы журтчулукка тартууланып, кийинки мезгилде автор тарабынан кайра редакцияланган “Кеч күздө” повести кирген. Чыгарма адабий сында белгиленип жүргөндөй А.Стамовдун “чыгармачылык өнөрканасындагы кескин сапаттык секирик” болду. Повестте, эскертип кеткендей, азырынча автордун негизги изилдөө объектиси болуп калып жаткан жаш адамдын өмүрүндөгү оош-кыйыш учурлар, турмуштан өз ордун табуудагы алгачкы кубанычтар менен кайгылар баяндалып, чыгарманын сюжеттик багыты бирде кадыресе учурдагы окуяны сүрөттөө аркылуу өнүксө, бирде повесттин баш каарманы болгон лирикалык персонаж Акылбектин өз турмушу жөнүндө студент кезиндеги курбусу Садырга аңгемелеп берүүсү аркылуу өсүп олтурат. Баяндоонун бул эки ыкмасынын карым-катнаш колдонулушу, албетте, биринчиден, каармандын мүнөзүнүн личность катары калыптануусун окурмандарга жеткиликтүү чагылдырууда оң роль ойносо, (айталы, анын албуут жаш кези менен бүгүнкү токтоо курагын окуучу алмак-салмак көрүп жүрүп олтурат), а экинчиден, көркөм этибарлыкты тутунбай курулай сүрөттөөчүлүккө өткөндө сюжеттин пачкиленишине, бейэсеп деталдаштырууга алып келери бышык.

Жогорку эки повестке салыштырмалуу мында катышкан каармандар да көп. Баш каарманды бирде Фрунзеден көрсөк, бирде Жалал-Абад менен Оштон жолуктурабыз. Ушул бир орундан экинчи орунга жылып олтуруунун өзү Акылбекти бирде редакциялык коллективге туш кылса, бирде педагогдук коллективге кабылтып, акыры окумуштуулар чөйрөсүнө кошот. Aл эми повесттин финалында анын кайрадан педагогдук турмушка бут койгонун көрөбүз. Жанагы деталдаштыруу арбындалат деген шек санообуз андан бетер күчөйт. Дегенибиз, мында бир идеяга багытталбай, бир максатка баш ийдириле иргеле топтоштурулбай баш каармандын көргөнүн көргөндөй баяндап тизмектөө, башкача айтканда, окуяларды тек гана иллюстрациялоо коркунучу турат. А бул жерде жазуучулук көркөм табиттин зор роль ойнору бештен белгилүү.

Акылбек карасанатайлык менен келише албаган, мансапка умтулуу, жагынуучулук сыяктуу ыплас сапаттарды жек көргөн, баарынан да өз оюн тике айтуудан жалтанбаган ак ниет, өткүр жигит. Жогорку окуу жайын жаңы гана бүткөн жигит Кыргызстандын түштүгүнө келди да, областтык газетанын редакциясына ишке орношуп, мында редактор баш боло али да болсо мансабы чоңдордун алдында чарк айланып, “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” болуп, өз жанына залалы жок жумуштарга жан тартышкан айрым бир ич дүйнөсү жарды адамдарга кабылып, алар менен күрөшкө чыкты. Эгер сюжеттин өнүгүүсүндөгү көнүмүш эрежелерди ээрчип, адатка айланган штамптарга моюн сунсак, анда Акылбек ошол өзүнө каршы турган суу жүрөктөрдүн баарынын бетин ачмак да, газетанын ишин мурдагыдан алда канча алга жылдыра активдештирмек, ал эми окуяны андан ары өнүктүрүүнүн кажети жок болуп калмак.

Бирок, сюжеттин өнүгүшү биз айткандай эмес Акылбек ал жерде “жеңилип” калды да, окуя андан ары өнүгүп кетти. Бул “жеңилүү”, албетте, эң алгачкы сыноо эле. Ушул чарпылып жүрүүлөрдүн өзү Акылбекти накта адамгерчилик менен жүзүкаралыкты ажырата билүүгө, турмуштун ачуу-таттуусун чыдай көтөрүүгө үйрөтүп олтурду. Ансыз да зилинде зирек өскөн жигит мейли андан соңку мугалимдик кесипте болсун, мейли окумуштуулар чөйрөсүндө иштеп жүргөндө болсун адамдык ыйык сапатты бийик тута, кайда болсо да дайыма Ата-Мекен, эл-журт алдында өзүн зор карыз сезе, ичтен толгонуп жүрдү. (431-432- беттердеги ойлорун эстеңиз.)

Жогоруда баяндоонун эки ыкмасынын параллель колдонулушу чыгармачылыкта жагымдуу абалдарды түзүү менен бирге залакалуу жактары да бар экенин белгилеп кеткен элек. А бирок, биздин оюбузча, тилекке жараша, автордун сюжет куруудагы чебердиги дал мына ошол айтып кеткен баяндоонун эки ыкмасын эриш-аркак колдонуу менен окуялуулукка, тагыраак айтканда, курулай сүрөттөөчүлүккө батып кетпей, окуянын өсүшүндөгү ички ырааттуу өнүгүүнү бекем тута билгендигинен көрүнөт. Ырас, айрым бир узагыраак кеткен аңгемелешүүлөр да жок эмес. Мисал иретинде кошунасы Степан Петрович Назаров менен Акылбектин аңгемелешүүсүн келтирсек болот. Чын, бир эле чыгармада бир нече проблемалар козголушу толук мүмкүн. А бирок алар негизги ойдун айланасынан алыстабай, башкы идеяны айтышка көмөк гана болуш керек го. Ошондо гана чыгармадагы мерчемделген ойдун иш жүзүндө толук көрүнөрүндө шек жок. А кайра-кайра улантылган бул аңгемелешүүнүн максаты эле эскинин саркындыларынын арабыздан түбөлүккө жок болуп баратышын (Назаров өлөт эмеспи), алардын мурдагы карышкырдай кан төкчү заманалары алда качан эле бүткөнүн көрсөтүү гана. Ушул жерде А.Стамовдун үч повести жөнүндө сөз кылган философия илимдеринин кандидаты Асылбек Медетбековдун: “Чыгармадагы (“Кеч күздөгүдөгү”- С.А.) ар бир сөз, фраза, диалог ордунда. Табигый, эркин”  – деген (1) пикирине кошула албайбыз. Улуу В.Г.Белинский өзүнүн бирден-бир айныбас оппоненти болгон Шевыревдин Куколңниктин “Князь Михаил Васильевич Скопин-Шуйский” деген драмасы жөнүндө жазган макаласын талдап келип, анын Карамзиндин адабий мурасына карата болгон ыгы жок комплиментинин бетин ача: “Ойлоп жүргөндөй, мактоо түк мындай жеңил болбойт, кээ бир шылдыңкорлор:

“Бул мактоолордон жакшырып кетпейт!”

– деп айтпагандай болуш үчүн мында көбүнесе шык-жөндөм керек”,- дептир. (2) Ошентип, көрүнүп тургандай, А.Медетбековдун жогорку макаласында – бир топ көтөрүңкү ыргак менен жазылгандыктан – айрым бир ашыра айтылган пикирлер жазылып кеткен.

Повесть жөнүндө сөз учугун кайра уланталы. Актык менен каралык асылдык менен ыпластык кайда болсо бирин-бири торой, жанаша жашарына Акылбек ар бир жаңы коллективге кошулган сайын бетме-бет келип, өз көзү менен көрө, жүрөгү менен сезип жүрдү. Бирде эки жүздүү Садырбай менен эл үчүн күйгөн парторг Касымовго жолукса, бирде суу жүрөк, жан бакты башкы редактор Турсунбаев менен ак ниет, калыс анын орун басары Мурат Сатыбалдиевичке кезигип, кээде Эсен сыяктуу акындык ардактуу наамды булгаган киши сөрөйлөр менен ак эмгегинен баар тапкан досу Абдыбекке туш келе, болбосо адилет, чынчыл Аскар менен өзүнөн кызмат даражасы чоңдордун жанында парвана көпөлөк сыяктуу чарк айланган Эшимов сымал кошоматчыларга жолугуп олтурду. Сөз жок, булар менен болгон ар бир окуя ал үчүн кайталангыс турмуштук сабак болуп кала берди. Мындагы Эсен менен болгон “кагылышуу” сезимге жетерлик, так, диалог куруу жагынан болсун, андагы ойлордун ачыктыгы жагынан болсун оозго аларлык чыкса, а Акылбектин бала кездеги досу Абдыбек менен болгон маеги газеттик очеркке окшоп калган.

Анан да Акылбекти кезеги келгенде катуу ойлонтчу жетпей калган тун сүйүүсү. Койчу, деги эле А.Стамов адамдагы зор бакыт болгон алгачкы сүйүүгө калганда өтө эле” ырайымсыз”окшобойбу. Караңызчы, мейли Бейше менен Зууракенин (“Жаңы тууган”), мейли Дыйканбек менен Аруукенин (“Чүй баяны), болбосо ушул Акылбек менен Макиштин балалык тунук сүйүүлөрү жүрөк зарланткан кайгы менен гана аяктайт. Бул болсо окуядагы драматизмди гана күчөтпөстөн, турмуштагы бардык муң-кайгыны бурмалабай, өзүндөй көрүүгө далалаттанган жазуучунун оң сапаты жана биринчи сүйүүнүн табиятын түзүк да, жакшы да билгендик. Ал эми Акылбек менен Макиштин бактылуу үй-бүлөлүү болууларына кыздагы “кырстык”, “кежирлик”, ар нерсеге сабыр эткен “токтоолук, чыдамкайлык жок” (485-бет) экендиги кедерги болду. Чыгарманын финалында турмуштук зор сабактан өтүп, эми Акылбектин баркын чындап түшүнө тоо койнундагы бир кыштакта иштеп жаткан Макиштин айлындагы мектеп-интернатка Акылбектин директор болуп баратышы аркылуу экөөнүн калган өмүрлөрү үчүн жылт эткен кандайдыр бир жагымдуу шооланы байкайбыз.

Повесттеги алгылыктуу иштелген образдардын бири Жаркындын элеси. Анын өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерин сүрөттөгөн кыска гана окуяда Жаркын муңайым да, сулуу да жана назик, адамгерчиликтүү сапаты менен окурмандын жүрөгүнө жетип турат. Дал ушул учурлардагы жазуучунун өлүм, өмүр жөнүндөгү ой толгоолору бир топ дурус чыккан.

Жыйынтыктап айтканда, “Кеч күздө” повести жазуучу үчүн кийинки чыгармаларын жаратууга чеберчилик жактан аздыр-көптүр стимул болуп берүү менен учурдун духун өз деңгээлине жараша чагылдыра алган, жаш адамдын рухий дүйнөсүн анализдөөнү көздөшкөн бүгүнкү повесттерибиздин арасында өз орду бар чыгарма.

Ошентип, А.Стамовдун үч повести жөнүндөгү пикирибизди аяктоо менен айрым бир жыйынтыктоолорубузду айта кетсек:

–албетте, жазуучунун жараткан ар бир соңку повести өзүбүз автордун чеберчилик жактан улам такшалып бараткандыгын күмөнсүз айгинелейт;

–адамдын нравалык турпатын изилдөөгө дурус далалат жасаганы менен автор бул үч повестинде тең мезгил талабына төп келген социалдык-философиялык меселелерди козгой албай жатат;

–канча болсо да “Жаңы тууган” повести азырынча А.Стамовдун чыгармачылык сапардагы жетишкен бийиктиги боюнча калып олтурат.

Колдонулган адабияттар:

  1. А.Медетбеков. Көңүлгө толгон көркөм чындык. –“Ала -Тоо”, 1976, №4, 154-бет.
  2. В.Г.Белинский. Собр. соч. в трех томах. Т.1. –М., ГИХЛ, 1948. стр.231-232.

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор