Садык Алахан: Асанбек Стамовдун повесттери (экинчи макала)

Асанбек Стамовдун повесттери

(экинчи макала)

Эскертип кеткен бир чөйрөдөгү – чыгармачыл чөйрөдөгү – карама-каршылыктар соңку “Нөшөрдөн кийин” повестинин негизги конфликтилик мүнөзүн түзөт. Жаңы чыгармада адамдын ак дили менен төп келишкен ак эмгегинин өлбөстүгү, көөдөндөгү акактай болгон накта кишилик сезимди өмүрдө кездешчү ар кыл карасанатай иштер убактынча басынтып да коёру, чөктүрөөрү, бирок эч качан ага үстөмдүк кыла албастыгы, бир сөз менен айтканда, инсан затындагы асыл сапаттардын көөнөрбөстүгү жөнүндө сөз болуп, бул идея жазуучунун көз мерчеминде тура, изилдөө объектиси болгон сүрөтчүлөр чөйрөсүндөгү адамдардын өз ара мамилелеринде көркөм чагылдырылат.

Чыгарманы “Чүй баяны” повестинин логикалык уландысы катары кароого толук негиз бар. Адам өз өмүрүндө улам жаш курагы улуулаган сайын турмуштун ага мурда белгисиз жаңы сырларына кез келе, анда туш болгон маселелерди жаңыча, турмуштук тажрыйбасына таяна чечип калат. Бул диалектиканын закону. Дыйканбекти да биз эми башкачараак абалда кездештиребиз. Бул кезде ал жанагы романтикалуу ой-максаттан арылып, турмуштун даңгыр жолунда кездешчү оош-кыйыш учурлардын агы менен карасын, тазасы менен ыпласын ажыратууга кудурети жетип, ошол ар кыл окуялардын кубанычы менен кайгысын, мээрими менен муңун чыдап көтөрүүгө, ар кай жакка урунуп-беринбей, болгон ишти сабырдуулук, токтоолук менен таразалай билүүгө көзү жетип калган чагы.

Адамгерчилик менен карөзгөйлүктүн күрөшү повестте ачыкка чыгып, бул конфликтилердин дыкат изилдениши чыгарманын сюжеттик өнүгүшүндөгү чиеленишкен түйүндөрдү улам чыңдап жүрүп олтурат.

Жазуучу Дыйканбекти дайым эле таалай ташы түз кулап, бакытка тунган киши катары сүрөттөбөйт. Адам мүнөзүн ар тараптан ачып берүүнү көздөй, чыгармачылыктагы терең психологизмге умтулган художник үчүн, арийне, бул артыкбаш сөз. Эгер андай эле көнүмүш штамптан бошоно албай, трафарет боло тапталып калган эски чыйырдын нугунан чыга албаганда кыргыз прозасында 70-жылдардын соңунда жаралып жаткан повесттердин ичинен “көзгө толумдуу” деп аталарлык А.Стамовдун бул чыгармалары (минтип тайманбай эле айтсак болот) бир ирет окулуп, кайра колго алынбай калчу көптөгөн повесттердин (а мындай чыгармалар азыр дале болсо арбын эле) тизмесине кошулмак.

Автор сүрөттөп жаткан предметин терең билет жана аны зор эргүү менен көкүрөк тамырларынан сызылта көркөм иштеп чыгат. Повестте баяндалган негизги окуя мындай караган адамга жөнөкөй гана эки үй-бүлөнүн турмушу сыяктуу сезилери бышык. Бирок, бул үй-бүлөлөр таптакыр эки башка мүнөздөгү, жан дүйнөлөрү эки кыл адамдардан куралган, кээде бирин-бири жөлөмөлөй “көтөрмөлөшсө”, кээде мышыкча торошкон үй-бүлөлөр. Ошондуктан мейли көркөм ойлоо, мейли чыгармачылык чеберчилик жагынан болсун бир топ торолуп калган А.Стамовдун ушул эки үй-бүлөнүн ортосундагы мындай мамилелерден курч конфликтилерди түзө алышы окурмандарды зериктирүүчү супсак баяндоолордон чыгарманы арылтат да, повесттин динамикалуу өнүп-өсүшүнө жылуу дем берип турат.

Ч.Айтматовдун даңазалуу повесттеринде ийгиликтүү ишке ашкан каармандын ички конфликтилеринин (албетте, биз бул жерде анын социалдык-саясий, философиялык мүнөздөрүн айтып жатканыбыз жок) чебер сүрөттөлүшү өз деңгээлине жараша дал ушу А.Стамов тарабынан чыгармачылык менен өздөштүрүлүп жатканын жалтанбай эле айтсак болот.

Дыйканбектин үлгү болорлук канчалык жакшы сапаттары болсо да, айрым учурларда ал өзүнө бүдөмүк, туман арасынан көрүнгөн элес сыяктуу болгон иштерди да иштеп коёт. А кай бир кездерде олдоксон иш жасап койгонун ошол элес сыяктуу эле бүдөмүк сезип да калат, бирок, анын чоо-жайына терең сересеп сала өз ичинен “жанчыла” берет, анткени, кайталап айтабыз, андагы адамгерчиликтүү асыл сапат ошол болгон нерсенин ак-карасын дароо эле иргей салууга жол бербейт; ал адамдарды аяйт, аларга жакшылык кылгысы келет. Мунун өзү баш каармандын жана анын антиподдорунун мүнөздөрүнүн психологиялык жактан дурус анализденишине сонун омок болуп берген.

Ал досу Аргынга чыгармачылыктын машакаттуу жолуна эми гана кадам коюшкан жаш кезинде жолугуп, анын жаштык жигер, зор эргүү менен чын жүрөктөн жараткан эмгектерине сүйүнө, оң баалаган. Ушундан соң эки жаш тең бир нукта, бир багытка карай өспөстөн бири (Дыйканбек) искусствонун машакаттуу жолу менен улам илгерилеп олтурса, бири (Аргын) жарамсыз жан дүйнөсүнүн айынан турмуштун ыплас сазына батып кетти. Көрсө, булардын бирөө искусствонун ыйык озуйпасын терең түшүнө, жараткан чыгармаларын перзентиндей алпештесе, бирөө алгачкы чыгармалары түзүгүрөөк жаралганы менен зилинде кунарсыз, таланты жок, даңк дегенде бөрүдөй көзүн кызарткан дилетант экен. Дал ошондуктан Аргын искусствонун чоң майданында өз күчүн сыноого кудурети жетпей күнүмдүк көр оокаттын кулу боло, материалдык байлыктын артынан түшүп кетти. А мындай адамга канчалык жакшы айтсаң да котур ташын койнуна катып, ар кандай карасанатай, балит иштерге тартынбай бара берери бештен белгилүү. Аргын да дал ошентти. Ушул жерде автордун көз мерчеминде каармандардын коомго, курбуларына жасаган мамилелери менен катар алардын өз дилине жасаган өздөрүнүн мамилеси да бирдей турганын айта кеткибиз келет. Канчалык жанын сабай иштеген болуп жатса да, көөдөнүн дайыма башка ой бийлеген Аргындын тышкы аракеттери менен көкүрөк сырлары төп келе бербеди. Аргындын адамдык турпатын терең жана ишенимдүү элестете аны шарттуу образ болуп саналган каpa таш менен салыштырган эки учур повесттеги автор тарабынан чеберчилик менен пайдаланылган табылга. Кыскасы, Аргындын жан дүйнөсү куду акыр-чикир толгон, өлгөн адамдардын эстелиги болчу кунарсыз таш сөлөкөттөр жыйылган сарайындай ыплас, кара.

А.Стамов мурдагы чыгармасында чагылдырган бир образын кийинкисинде улай көрсөтүп, ал персонаждын элесин улам тереңдетип жүрүп олтурат. Буга мисал катары баш каармандарды айтпаганда да ушул эки повесттеги сары мурут художниктин элесин көрсөтсөк болот. Бул художник эки повестте тең жаштардын насаатчысы, токтоо, устат адам. Буга окшогон көрүнүштөр чыгармаларды логикалык биримдикке баш ийдире бир бүтүндүктү түзүүгө сөзсүз жардам берет. Макалабыздын бир жеринде чыгармалардагы негизги каармандардын бири болушкан Арууке менен Атыркүлдун oкшош, бирин-бири толуктап турган жалпылыктары бар дедик эле. Атыркүл ким? Бул үчүн узунураак болсо да автордун өзүнө сөз берип көрсөк.

Калемгер минтип жазат: “Институтта окуп жүргөн Атыркүл башка кыздарга салыштырганда чындап билим алууга ынтызарланды. Искусствонун татаал түрлөрү жөнүндө да кабардар эле. Деги эле Атыркүл башынан намыскөй жана даңкты жакшы көргөн кыз болчу. Кыялында ал карапайым жигитке турмушка чыкканды каалоочу эмес. …болочоктогу күйөөсү: атактуу жазуучу, сүрөтчү жана композитор, же кур дегенде эле чоң кызматкер болуш керек деп самоочу. …Анын тааныштарынын баары ыр жазган акын чалыштар, университеттин сыланган активисттери, же болбосо редакцияларда иштеген жаш журналисттер боло турган. Ал кезде өзүн издеп келген айыл чарба институтунда окуган үч-төрт айылдык курбуларын жанына жолотпой, келечекте мал доктур, агроном-сагроном болчу бечаралар менен баш ооруткусу келчү эмес. Кыскасы, ал өзүн искусствонун бир чоң ишмеринин жары болууга даярдап жүргөн.” (201-бет) Буга эч бир кошумча комментариянын кереги жок. Канчалык толук, терең айтыла турган илимий талдоого караганда бул жерде Атыркүл болгон “дасмияси” менен ишенимдүү да, элестүү да көрсөтүлүп отурат. Ошентип, топурап ээрчип жүргөн жигиттердин ичинен “каалаган убакта бирөөнү четинен чертип туруп тандап аларына… көзү жетчү” (33-бет) Арууке менен “…искусствонун бир чоң ишмеринин жары болууга даярданып жүргөн” Атыркүлдөгү турмушка болгон көз караш канчалык окшош, жакын болсо, алардагы ак маралдай сырткы турпат, ошол сулуу келбеттерине карата өздөрүндөгү тереңден болгон сыймыктануу ишеними да ошончолук бирдей. А ушинтип зор даярдыкта жүргөн Атыркүл келип-келип ыплас дилетант Аргынга туш болду. Албетте, буга анын бийликке умтулуучу, даңкты жанындай жакшы көргөн тескери сапаттары салакасын тийгизди. Ал таалайлуу үй-бүлөлүү болуу үчүн бүт көөдөндү бийлеген тунук сүйүү керек экенин, качан ошол асыл сезим өзүндөй арзыган жүрөккө туш болгондо гана жанагы “келечекте мал доктур, агроном-сагроном болчу бечаралар” менен дале бактылуу үй-бүлө курса болорун кезегинде түшүнгөн эмес. Чыгарманын соңунда Аргындын булганыч ички дүйнөсүн толук сезе, андан түбөлүккө кол үзгөн Атыркүлдүн “студент кезиндеги эң жакшы таанышы” Майбашка турмушка чыкканын көрөбүз. Ушул жерде бир сөз: Майбаш студент курагында таза жүргөн, жоош жигит эле. (Аргындын да жаш чагындагы тунук сезимдерин эстеңиз.) А кийин Майбаш бир балалуу аялын эмне үчүн коё берди? Суроо туулат: Ал да чоң турмушка аралашканда Аргын сымал тетири жолго түшүп кеткен жокпу, же Атыркүлдү ошончолук эле жан-оту менен берилип сүйгөндүктөн жары жана боор эт баласынан кол үздүбү? Ушундай Майбаш эми Атыркүлдү бактылуу кыла алабы? Арийне, биз бул жерде атайын педанттык кылып “чукуп” жатканыбыз жок, тек гана автордун повести бүтөрдөгү Майбаш менен турмуш курган соң Атыркүл бактылуу болду деген ою бир аз шек санатып тургандыгын, бул экөөнүн үй-бүлө куруусундагы мотивировка түзүгүрөөк тереңдетиле иштелбестен, бекемирек чыңдалбай калгандыгын белгилеп кеткибиз келип жатат.

Деги эле ушул повестинде А.Стамов адам дүйнөсүн анализдөөгө зор маани бере, аларды кылдат изилдөө жагынан бир кадам алга жылды окшойт. Кейипкерлердин бирдей aтмосферада сүрөттөлгөнүнө карабастан алардын ар бириндеги психологиялык өзгөчөлүк даана кармалып, өз натураларынан бөлүнбөй көз алдыбызга тартылат. Айрыкча автор артистка Нина Соколованын образын жаратууда кургак сентименталдуулукка берилбестен (көркөм этибарлыкты бекем сактап) образды дал өзүндөй чагылдырууга мүмкүнчүлүгү жеткен. Мейли Дыйканбек менен Нинанын Москва жериндеги алгачкы жолугушууларында болсун, же он үч жыл өткөндөн кийинки кездешүүлөрүндө болсун Н.Соколова өз жүзү, өз келбети менен берилген да, Нинаны тарткан портретине Дыйканбек эч бир кошумча боёк сүртө албаган сыяктуу эле анын чыгармадагы образынан да кемтик болуп турган жерди табуу кыйын. Айта кете турган бир нерсе, Москвадан окуусун бүткөн Дыйканбектин Кыргызстанга жөнөрдөгү Нинага жолугушу, баарынан да ошол түнкү сыр чечишүүлөр, анын Соколованын келечеги жөнүндөгү “цыгандыгы”, кийин алардын турмуштарында да чын эле ошол түнкү айткандардай (Нинанын Эл артисткасы, Дыйканбектин чоң сүрөтчү) болуп калышы кээ бирөөлөргө жасалмалуулуктай сезилип, ал турсун Куприндин белгилүү “Олесясы” менен сюжеттик структурадагы “окшош” жактарды таба койгондор да болуп калар, бирок түк андай эмес, турмуш деген миң кырдуу да миң сырдуу. А жазуучунун милдети турмушту дал ошол болгонундай көркөм чагылдыруу эмеспи.

Повесттин бүтүндөй баш аягына чейин жазуучу адамдык асыл сезимди, ак жашоону, каразгөйлүк качан да болсо зор кайгыны алып келери сыяктуу түбөлүктүү темаларды козгоо менен бүгүнкү күндөгү жаш адамдын жан дүйнөсүндө кезиге калчу бузукулук иштерди, жалпысынан айтканда, азыркы тапта чоң турмушка карай кадам таштаган муундун жашоо дүйнөсүн көз алдыбызга тартты, демек, чыгарма учурдун талабы менен үндөшүп турарыңда шек жок. Повесттин соңундагы Атыркүлдүн ойлоп тапкан амалынан Дыйканбектин жары Калемкандын каза болушу карасанатайлыктын салтанат курушун эмес, кайра анын жүзү ачыла быт-чыты чыкканын көрсөтүп турат, анткени, бул трагедия аларды тике кароодон айбыктыра өз коломтолорун өздөрү бузууга аргасыз кылды. “Эшиктеги кара нөшөр басылып, бейкут жылуу түн өкүм сүрүп турган… “Бул чыгарманын эң акыркы сүйлөмү. Дыйканбек да күркүрөгү жүрөктү титирете, жалмаңдаган чагылганы үшүңдү учурган өмүрдөгү бир нөшөрдүү учурду башынан өткөрүп, кайра жаңыдан башталган бейкут турмуштун босогосунда турган эле. Бул повесттин оптимисттик идеясы. Эми ал анча жаңыла койбос.

Кыскасы, “Нөшөрдөн кийин” повести жазуучунун чеберчилик жактан жетиле, тутунган проблемасына – жашоонун бүтпөстүгүнө – бекем ишенимде болуп, көздөгөн максатын – адамдын нравалык ички дүйнөсүн ачып берүү – ар тараптан терең изилдөөгө умтулуу менен чыгармачылык зор түйшүктүү жолдо экенин айгинелейт.

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор