Садык Алахан: Асанбек Стамовдун повесттери

Асанбек Стамовдун повесттери

(Биринчи макала)

Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты жазуучу А.Стамов маданий чөйрөбүзгө өздөрүнчө бир толкун болуп келишкен М.Гапаров, К.Жусупов, К.Жусубалиев сыяктуу муундаш калемдештери менен бирге адабиятыбыздын каалгасын тээ алтымышынчы жылдардын башында какса да, анын чыныгы чыгармачылык жүзү, эстетикалык көркөм казынасынын (албетте, өз өлчөмүнө жараша) айрым учкундары бүгүнкү жетимишинчи жылдары өз келбетин көрсөтүп олтурат. Адабий сыныбызда белгиленип жүргөндөй анын чыгармачылык “көктөмү” деп аталып, болбосо А.Стамовдун көркөм изденүүсүндөгү “бурулуш” учур болуп эсептелген “Кеч күздө” повестинин жарыкка келиши менен, кыйыр түрдө айтканда, жазуучунун “мөмөлүү күзү” башталды. Бир топ адабий тыныгуудан кийин пайда болгон бул повесть (“Ата” повести менен “Кеч күздөнүн” ортосундагы мезгилди эске салып олтурабыз) окурмандардын эстетикалык көркөм табитин өз кудуретине жараша канааттандырууга арзуу менен жазуучуга карата китепкөйлөрдүн көңүл кушун (симпатиясын) пайда кылып, бул жылуу сезимдер басма сөз беттеринде да, адабий жыйындарда да ачык айтыла баштады. Арийне, өзүн билген жазуучуга ушул алкоолор чыныгы чымырканган чыгармачылык түйшүк менен зор жоопкерчиликти, эң башкысы, ошол тунук сезимдерди алдабоо үчүн Э.Хемингуэй айткан накта “жазуучулук уят-сыйытты” талап кыла турганы бештен белгилүү. Кийинки “Жаңы тууган” повестинин пайда болушу художник бул талаптарды канчалык даражада сезе билгендигин көрсөттү. Ушундан соң, белгилеп кеткендей, повесттер удаа-удаа жарала баштап, мына эми жазуучунун жаңы жыйнагы колубузга тийди. (А.Стамов. “Нөшөрдөн кийин”. Повесттер. – Ф., “Мектеп”, 1976.)

Китепке “Кеч күздө” менен бирге соңку гана жылдары жазылган “Чүй баяны” жана “Нөшөрдөн кийин” аттуу повесттер кирген. Жыйнактын аннотациясында жазылгандай чыгармалар “тематикалык жактан өз ара жакын” болуу менен биринин кем-карчын бири толуктап, повесттер циклин түзүп тургандай.

А.Стамовдун каармандары кимдер? Алар турмуштун түйшүктүү жолуна алгач гана кадам таштап, курчап турган дүйнөсүнө өз алдынча мамилеси жаңыдан гана калыптанган, же калыптанып жаткан индивидуалдуу мүнөзгө ээ жаш адамдар. Мына ушул жигиттик курактагы кишинин калыптануу эволюциясын өз учурунда Ч.Айтматов “Кызыл жоолук жалжалым” повестинде Ильястын образы аркылуу эң сонун көркөм чагылдырып көрсөткөн эле. Ал эми А.Стамов калемдеш агалары Т.Касымбеков, Ж.Мавлянов, К.Каимовдор жана муундаштары К.Жусупов, М.Гапаровдор сыяктуу эле ошол жаш адамдын психологиясындагы бүгүнкү күндүн шартында пайда болгон урунттуу өзгөчөлүктөрдү, анын нравалык, этикалык турпатын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун ачып көрсөтүүгө умтулуп, көкүрөк өйүгөн оюн өз үнү менен айтат. Жазуучуну кызыктырган негизги нерсе турмуш жана анын түбөлүктүүлүгү, жашоонун бүтпөстүгү.

Жетишерлик билими бар, зор эрудицияга ээ, эл үчүн кызмат кылууга даяр, көздөгөн максаты анык жаш адам – бул көркөм адабиятыбызда соңку жылдарда кеңири тараган каарман. Бирок, канча болсо да “Чүй баяны” повестиндеги Дыйканбек бир топ жеке касиеттерге эгедер кейипкер. Ал токтоо, сырын ичине катып, ойлогон ишин жарыя айтпаган, ал турсун “башкалардыкына окшобогон тоңураак мүнөздүү”, керек жерде шайыр, художниктик (сүрөтчүлүк) таланты да бар, ошондой эле чыгармачыл мүнөзүнө, же жаштык курагына жараша романтикалуу (автор “ансыз да кыялкеч Дыйканбек” деп белгилейт), кыскасы, Шорук абышканын бир сөзү менен айтканда “кыдыр даарыган жан”. Каарманынын мүнөзүндөгү бул өзгөчөлүктөрдү ачып берүүдө А.Стамов окуялардын өнүгүшүн көбүн эсе ретроспектүү сүрөттөө аркылуу баяндайт. Ушул ретроспектүү сүрөттөө аркылуу баяндоо ыкмасы жазуучунун бул үч повестине гана эмес негизинен дээрлик жалпы чыгармачылыгына толук мүнөздүү.

Т.Касымбековдун “Жетилген курагындагы” Эсен да, Ж.Мавляновдун “Турмушундагы” Кадырбек да, К.Каимовдун “Кыш ыргактарындагы” Апсамат да, болбосо М.Гапаровдун “Кыштакчасындагы” Акун да негизинен баарысы, жогоруда биз айтып кеткендей, индивидуалдуу мүнөзгө ээ каармандар. Дыйканбек да дал ошолордой, бирок анын жан дүйнөсү, адамдык турпаты, тактабыраак айтканда, көкүрөк сырлары башкачараак чөйрөдө – чыгармачыл чөйрөдө (айрыкча бул “Нөшөрдөн кийиндеги” Дыйканбекке өтө толук мүнөздүү) анализделип берилет. Албетте, дегеле кеп ким каарманын кайсыл жерде, кандай абалда көркөм образга айлантып бериште эмес, аны канчалык даражада жүрөккө жетерлик сүрөттөп, ошол образ аркылуу берилүүчү оюнун канчалык проблемалуулугу менен “жүктүүлүгүндө” экендигинде жана, башкасы, ошол тилек канчалык деңгээлде чебер жана ишенимдүү ишке ашуусунда, максаттын аткарылышында деңизчи. Бирок биз бул жерде кыргыз прозасында соңку жылдары чыгармачыл чөйрөдөгү каармандардын тобу пайда болуп келе жаткандыгын, ушул топту түзүүчүлөрдүн ирдүүсү бүгүнкү күндө Асанбек Стамов экенин белгилеп кеткибиз келип жатат.

Көңүлү тынч, эч нерседен кабатырсыз, кичине да болсо иштериндеги көзгө урунарлык жараткан ийгиликтерине шыктана чыгармачылыктын түйшүктүү жолуна түшкөн Дыйканбек бир кезде көз жумган атасынын досу, ал турсун жакын туугандары, Шорук абышканын күтүлбөгөн жерден учурашканы келишинен кийин мурда туюп-билбеген, башка бир “идеалдуу дүйнөдө жашоочу” (В.Г.Белинский) сезимдин кучагына туш болду. Бул сезимдин ойгонушуна данакер болгон Шорук абышка менен кошо келген анын жалгызы, “перинин кызындай сулуу” Арууке эле. Ушул таанышуудан соң окуянын чиелениши башталып, конфликтүү учурлар көз алдыбызга тартыла баштайт. А.Стамов окуялардын өнүгүшүнүн карандай тышкы элементтерин гана бабырап-жабырап сүрөттөй берүүчү жазуучулардан эмес. Ал каармандарынын ыймандай илхамин (жан дүйнөсүн, дилин) ачып берүүгө омок болуучу учурларды гана ылгап алат да, ошол кырдаалдар аркылуу окуядагы урунттуу конфликтилерди түзүп, окурмандын ой-санаасын туткундай, улам делебесин козгоп жүрүп отурат. Арийне, мунун өзү автордун көркөм табитинин калыптанып жана күндөлүк турмуштагы көп сандаган окуялардан сюжеттин өнүгүшүнө мамыр-жумур аралаша төп келүүчүлөрүн гана иргеп алуучу зиректик курагына жетип калгандыгын далилдейт.

Ошол Арууке менен болгон биринчи мамилелеринен кийин Дыйканбектин ким экени, айлана чөйрөгө, курбуларына, жеке чыгармачылыгына (72-74-беттердеги анын көркөм чыгарма, чыгармачылык түйшүк жөнүндөгү ойлорун эстеңиз) кандай мамиле кылары, жалпы эле духовный турпаты менен жакындан тааныша баштайбыз. Албетте, бул жерде А.Стамовдун Дыйканбеги ири курулушта иштеген жумушчу, же “Кыш ыргактарындагы” Апсамат менен маркум А.Молдокматовдун “Жоогазынындагы” Ороздой чабан, болбосо М.Мураталиевдин “‘Токоюндагы” Кубаттай айылдык карапайым колхозчу эмес баш каарман менен автор экөө тең искусство адамдары экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Дал ушуга байланыштуу Дыйканбектин ички дүйнөсү, айрыкча чыгармачылыкка байланыштуу толгонуулары бир топ оозго аларлык ачылгандыгын автордун утушу катары белгилеп кетсек болот. Дегенибиз, өзү көрүп билбеген, өзү сезбеген нерселерди жазганга караганда, тескерисинче, адатта художниктер өздөрүнө тааныш окуялары, жакын адамдары жөнүндө таржымалдап, ошолордун жан дүйнөсүн аңтара ачып беришет эмеспи. Ал эми каармандын психологиясын изилдөөдө, кайталап айтабыз, художниктин жеке пенделик өмүрүндөгү тажрыйбасы биринчи орунда болуп келгендиги баарыбызга маалым. Атактуу Флобердин “Мадам Бовари – бул менмин” дегендигин, же буга окшогон мисалдарды дүйнөлүк адабий казынадан көп эле келтирсек болот эмеспи. Ал эми көркөм чыгармада автордун ошо жеке пенделик жүзүнүн (личностунун) көрүнүп турушу чыгармачылыктагы негизги оң сапаттардын бири да. “Купулга толбогон чыгарманын жарык көрө турган кандай акысы бар? Ал сүрөтчү болобу, иши кылып чыгарма менен алек болгон адамдардын иштей турган темасын жүрөк гана жөнгө салыш керек. Ошондой гана чыгарма көпчүлүктүн кубаттоосуна ээ болот. Мезгилдин сынын ошол гана чыгарма көтөрөт”, – дейт. Дыйканбек жалпы эле искусство чыгармалары жөнүндө. (Алдын сызган биз – С.А.). Булар жөнөкөй гана курулай акылга салынып айтылып жаткан сөздөр эмес, кырдаалга жараша каармандын жүрөгүнөн сызылып чыгып жаткан кептер. А бул сөздөрдүн А.Стамовдун өзүнө да канчалык деңгээлде тиешеси бар экени өзүнөн өзү түшүнүктүү. Мына ушул жакшы илеп жыйнакка кирген үч повестте тең сезилип турат.

Ал Аруукени чын дили, тунук сезими, ак тилеги менен сүйдү. Өмүрдү түбөлүккө шоолалантып кала берчү бул тун сүйүүгө бек болду да, анын кайгы-кубанычын чыдап көтөрүүгө кудурети жетти. Аруукенин мүнөзүн, кыял-жоругун А.Стамов турмуштук ар кыл кырдаалдарда, адамдын нравалык турпаты ачылуучу түрдүү татаал ситуацияларда ачуу менен эриш-аркак, көбүн эсе автордук баяндоолор аркылуу көз алдыбызга тартат. Дыйканбектин Арууке менен болгон тун сүйүүсүн таржымалдаган ретроспектүү сүрөттөө аяктап калган ченде: “Аруукени эч качан бир адамдын махабаты канааттандыра алган эмес. Арууке жигиттерге калганда кумарпоз эле,” – дейт автор. (60-бет) Бул кыска жана так айтылган сүйлөмдөрдөн кийин жанатан бери баяндалып келаткан окуялардагы Аруукенин мүнөзүндөгү өзүбүз байкап-сезген кай бир терс жактарына, айталы, “артынан топ жигиттин” топурап жүрүшүн жактырышына, санаалаш кыздарынын оң айткан сөздөрүн оюнда тескери кабыл алышына, болбосо Дыйканбек тарткан өзүнүн портрети жөнүндөгү экөөнүн диалогундагы айткандарынын маанисине толук көзүбүз жетет. Ушундай дилинин кумарпоздугунун айынан ал сылаң короз, эпчил бөлөсү Кадырдын торуна түштү. Сөз жок, Кадырдын шылуундугу, айлакерлиги канчалык ынандырарлык берилгендигин, ошондой эле ал сыяктуулардын турмушубузда да арбын эле кездешерин танбайбыз деңизчи, бирок ушул жерде повесттин сюжеттик өнүгүшүн дыкаттап, баам сала окуган зирек окурманга бул образдын алдын ала ойлонулган максат менен (схемалуу түрдө десек да болот) киргизилгендей сезилип турарын эскерте кетмекчибиз.

Ошол эле 60-бетте: “…Аруукедей аялдар биринчи махабаттын баркын кеч түшүнүшөт”, – деп белгилейт жазуучу. Повестти саал окуй жүргөн соң сүйгөнүнөн ажырап чүнчүп, чөгүп жүргөн Дыйканбекке Аруукенин өзүнүн келип, кечирим сурашын, эми Дыйканбек ал үчүн “санаа жетип, кол жетпеген чолпон сыяктуу” (77-бет) болуп калгандыгын сезе, мойнуна алышын кезиктиришибиз автордун жогорудагы кыска эскертүүсүнүн канчалык так экендигин далилдейт. А булар болсо айтылып кеткен автордук баяндоолор менен жеке образдарга мүнөздөмө берүүнүн чыгармада өтө ыктуу пайдаланышынын оң көрүнүшү. Ошентип, Аруукенин образынан санаасы менен гана жашаган, убагы өткөн соң өз кылыгын канчалык түшүнсө да, учурунда кур кыялдын жетегинен чыга албаган, табият берген тьшкы сулуулугу менен духовный ички сулуулугу төп келе бербеген аялдын турпатын көрөбүз. Автордун бул каарманы “Нөшөрдөн кийин” повестиндеги Атыркүл менен бир топ жакындыгы бар, бул жөнүндө учуру келгенде токтолмокчубуз…

Турмуштун толкунуңда ары-бери чайпалган Дыйканбек Аруукеден ажыраган соң шаарды таштады да, “…Токмоктун түндүк чыгыш жагындагы Кара-Too этегиндеги Чүй суусунун нугун бойлой өскөн чытырман токойдун четиндеги мектепчеге” (10-6ет) келди. Болгондо да мурдагы сүрөтчүлүк кесибинен кол үзүп, педагог болуп келди. “Эми бул жерден бакыт таап, ишинин үзүрүн көрсө экен”, – деп тилейт анын тун сүйүүсүнүн кайгысын тең бөлүшкөн окурман бир чети Дыйканбектин сүрөтчүлүк кесиби менен кош айтышканына ичи ачыша. Айтмакчы, анын бул кесибин таштоосу повесттеги ары ак пейил, эмгектери жер кыртышы менен мамыр-жумур жуурулушкан, ары бийик адамкерчиликтүү, туулган жердин бедели болгон – чыгармадагы мыкты иштелген кейипкерлердин бири – Шорук абышкага да жаккан жок. Эсиңиздеби, “интернаттын ары шок, ары шайыр балдары” (22-бет) менен жайкы каникулда пионер лагеринде жүрүп, Шорук абышканын алачыгын издеп келгендеги экөөнүн диалогу.

“–Ата, мен (Дыйканбек – С.А.) сүрөт тартканды койгом. Азыр Токмокто мугалим болуп иштеп жатам. Экинчи колума кисти кармабас болдум…

Шорук чочуп кетти:

–Эмне дейт. Антип айтпа, чунак. Ошо да болот бекен. Сенин өнөрүң, балам, өлбөй турган ыйык өнөр. …Жок, мен десең ал өнөрүңдү улант, Дыйканбек балам. … Ыйык кесибиңди таштаба…” (114-бет.)

“Кыштакчадагы” Акун, “Жетилген курактагы” Эсен сыяктуу эле Дыйканбек да жаңы коллективдин арасында тез эле оозго алынып, окуучулардын сүймөнчүктүү мугалимдеринин бири боло, мектептеги жаңы көрүнүштөрдүн демилгечиси болуп калды. Баш каармандардын минтип барган жерлеринен баар табуулары бир чети турмуш чындыгы менен дал келишип турса, экинчиден, образдын таалим-тарбиялык мааниси, жалпы оң сапаттары ушуну талап кылат окшобойбу. А Дыйканбектин жогорудагыдай демилгелүүлүгү мүнөзүндөгү индивидуалдуу сапаттары менен төп келише окуянын логикалык ырааттуу өнүгүшүнө шайкеш келип турат.

Бул мектеп-интернатка келген соң “… бир эрден чыкканына карабастан чыныгы махабатты башынан өткөрө элек… бала чагынан ачылып катуу күлбөй, түнтүрөөк өскөн” (89-бет.) Айна аттуу мугалим келин экөөнүн ортосундагы сүйүү Арууке менен болгон махабаттай дароо эле дүрт эте түшкөн жок. Ал турсун Дыйканбек бул сезимди алгач сыйлоо катары гана кабылдап жүрбөдүбү. Ырас, эки адам бирин-бири чындап сүйүшүп, бирок, бул сезимди сыртка чыгарууга кандайдыр бир аруу сезим жол бербей, бирин-бири тик кароого батынышпай, ал турсун дилдеринде жолуугуну канчалык самап турушса да кездешүүдөн жалтакташып, а жолуккан жерде беттери албыра эки жүрөк терең кадырлаша сүйүшкөн кездер да болот.

Албетте, мындай сезимдер өтө уяң келишет да, көбүнесе бакыт кушун бирге кармоого чечкиндүүлүк кыла алышпай, түбөлүккө жүрөк түпкүрүндө гана жашап кала беришет. А Айнадагы назик сезим кантсе да ыйык туйгуга өсүп жетип, повесттин финалдык чегинде бул сүйүү да Дыйканбектин шыбагасына энчиленбегендигине күбө болобуз. Деги эле А.Стамов аял затынын жан дүйнөсүн, мүнөз өзгөчөлүктөрүн, ал турсун кырдаалга жараша алардын психологиясында көз ирмемге пайда боло калчу урунттуу учурларды да кылдат тута билип, терең, чебер ачып берүүгө өтө шыктуу. Сөзүбүздүн айкын далили катары Айнанын Дыйканбекке карата болгон сүйүү сезиминин угуттанышынын жана өсүп, чыңалышынын жүрөккө жетерлик көркөм чагылдырылышын айткыбыз келет.

Колго конгон бакыттын баркын сезе, көөдөндөгүнүн бүт баарын ысыраптап болсо да аны аздектей билүү, келечек өмүр алдында бетке чүркөө болбой турган кылып, ошол бакытка ак болуу, өз таалайы үчүн тайманбай күрөшүү сыяктуу учурдун талабына шайкеш келген таалим-тарбиялык мааниге ээ болуу менен жогорку нравалуулукка үндөгөн бул повесть, кайталап айтабыз, курулай жазмакерчиликтен караманча оолак да, чыгарманын бүт турпаты назик лиризмге чулганып, дал мына ушунусу менен окурмандардын ой-сезимине жакыныраак жете, ошол лиризм ак ниеттик менен карөзгөйлүк, адамкерчилик менен ыймансыздык, чындык менен жалганчылык оро-пара келген учурлардын ажарын андан бетер ачып турат.

Айрыкча, ушул чыгармасы менен А.Стамов чебер пейзажчы жазуучу катары өз жүзүн көрсөтө алды. Ал мейли жайкы жамгыр жөнүндө лирикалык чегинүү жасайбы, же жапжашыл камышка чулганган тунук көлмөлөрдү сүрөттөйбү, мейли Дыйканбектин мергенчилик учурундагы шааниси чыга жыпары аңкыган кокту-колоттуу тоо койнун көз алдыга тартабы, болбосо “үкүнүн күүлдөгөн коркунучтуу үнү” (131-бет) бийлеген түнкү токойду баян этеби, айтор эч чалынып-чарпылбастан, өзүн-өзү кайталоолорго туш болбой ар бир сүрөт-полотносун – эгер ушинтип айтууга мүмкүн болсо – даана, ачык бере алган. Повесттин финалында эми Айнадан ажыраган Дыйканбек мурдагы “машакаттуу татаал кесибинин артынан түшүш” (41-бет) үчүн кайрадан сапарга чыкканын көрөбүз… Макалабыздын башталышында художниктик (сүрөтчүлүк) таланты бар деген оюбузду окуянын соңку чечилишин минтип далилдеп отургансыйт. Анткени, чыныгы талантты бапестей билсе, ар качан өз нугун табат эмеспи. Чыгарманын акыркы аккорддору кайрадан Аруукеге арналып, алгачкы сүйүүнүн түбөлүккө өмүрдү шоолалантып кала бере тургандыгын дагы бир жолу ырастайт.

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор