Дархан Кыдырали: Үй

Үй

(аңгеме)

Кызуу жүргөн курулуш күздүн соңунда аяктап калды. Апасы айткан боюнча эски тамдын сынык жыгачына тийген жок. Калганынын бардыгын жаңылап, бышкан кызыл кирпичтен тизип, бийиктетип салды. Айланадан башкача көзгө көрүнүп, бой көтөрүп койкоюп тургансып имарат Көксуудагы эң кооз үйлөрдүн катарына кошулду.

Күн-түн дебей эмгектенген Досбол жаңы конушка кирүүгө камынып жатканда күтүүсүздөн көңүл чөктүргөн окуяга туш болду. Жаңы үйгө көчүүгө камданып, буюмдарын жыйнаштыра баштаганда апасы:

-Менин буюмдарым ушул жакта эле кала берсин,-дегенде Досбол чок басып алгандай чочуй түштү:

-Кандайча? Сиз ошондо?….

-Ооба. Мен ушул үйдө эле кала берейин.

-Жеңе!

-Эч нерсе болбойт. Мурунтан эле жашап келе жаткан үй, кулап кетээр дейсиңби.

–Эл эмне дейт, мунуңуз кайдан чыкты? Тууй сиз дагы…

–Аны эмне кыласың, кимдин кайда туруп жатканына элдин иши болуп жатат дейсиңби?!

Үнү бир аз катуурак чыккандай сезилди. Мындан кийин сөздү улантуу керек эместигин түшүнгөн Досбол унчуккан жок.

Күйөөсү Куан каза болгонунан жыйырма жылдан ашса да, анын кийим-кече, буюмдары менен жаткан орду ошол калыбында турат. Досбол аларга тийишкен жок. Акырын басып үйдөн чыгып кетти.

Ошондон мына жети күн, жети түн өттү. Бүгүн курмандык чалып, арбактарга багыштап куран окутуп, айылдаштарга чай берген.

* * *

Батима отуз жыл бою очогун өчүрбөй жашаган үйүнө бүгүн алгачкы жолу түнөй тургандай абалда болду.

Ой тобоо! Бүгүн ушул үй бир башкача. Анын көңүлүнө кандайдыр бир тынсыздануу кирип алган сыяктуу. Жымжырттыка оронгон жалгыздык муңу да бирге чүмкөп алгандай. Уйкусу качты. Жаздыкка башы тийгени Куан менен чогуу Кара тоонун боорунда, Көксуунун боюнда кол кармашып бирге жүргөнү, ушул үйгө келин болуп түшкөнү, айыл адамдары аны кубанып тосуп алган кездери биринин артынан бири көз алдына алмак-салмак тизмектелип өтүп жатты.

Ошентип жатып, өңүбү же түшүбү кызыктай сезимде болду. Көкүрөгүн өйүгөн оор ойлор өзүнөн өзү суюлуп, дене бою жеңилдей түштү. Салмак дегенден арылып, куштун бир тал жүнү сыяктуудай.

“Бүгүн мени эстеген турбайбы…” деп туңгуюк, табышмактуу дүйнөгө чөмүлүп жатып ойлоду. Дал ушул чакта төшөгүнүн аягынан Куандын элеси көрүнө калды.

-Келдиңби?-деди Батима күбүрөнүп. Босогодон бери аттап, буту жактагы кийизге тизе бүккөн элес башын акырын гана ийкегендей болду. Андан кийин: -Уктаган жоксуңбу?-деди шыбырап.

-Ооба, уктай албай жүрөм. Балдар жаңы үйгө көчтү, билесиң да. Куандын жүзүнөн нуру төгүлүп, күлүмсүрөп тургандай болду.

-Балдар чоңойду, эр жетти. Биз ушуну күтпөдүк беле?

-Оо Жараткан!-деди Батима эми колун көөдөсүнө коюп.

-Көрсөткөнүңө шүгүр.

-Сен мында эмнеге жатасың? Батима жеңил күрсүндү.

-Эсиңдеби,-деди өткөн күндөрүн эсине түшүрүп. -Мага ушул үйдү аманат кылып таштадың элең го. “Түтүн булатып, очогубузду өчүрбөйлү” деген сөздөрүң али кулагымда. Өзүң чыккан үйдөн мен да көчүп кетсем, босогобуз ээсиз калып, үйүбүздүн куту качпайбы?

-Кудайга шүгүр,-деди элес ордунан бир козголгондой болуп. -Балалуу болдук. Бактылуу болдук. Эми мына алар эр жетип, өз алдынча үй-бүлө болуп турат. Ошолорду эрезеге жеткирген сага ыраазымын, сен да балдарга ыраазы бол. Алардан бөлүнүп жалгыз калба. Көңүлдөрү чөгүп жаткан чыгар.

–Билбейм… Мүмкүн сени күттүм. Эски үйдөгү эң сонун күндөрдү кыя албасам керек.

–Ии айтмакчы, жакшы күндөр десең бир нерсе эсиме түштү дагы. Баягыда чоң баланын үйүндөгү келин: “Апа,сиз атамдан жапшаш убагыңызда айрылып калган турбайсызбы”-деди. “Бир нерсе сурасам таарынбайсызбы?” “Сурай бер, каралдым”. “Кандай десек да, баарыбыз пендебиз. Атамдан кийин көңүлүңүзгө жакын бирөөнү караштырып, кайра турмуш курууну ойлогон жоксузбу?…”

Чай ичип отурган чыным колумдан түшүп кете жаздады. Бир үн каталбай, какап-чакап, тумчугуп калдым. Келиним ордунан тура калып, мойнумдан кучактай калды. “Айланайын апакебай, мени кечириңизчи! Кээде ушинтип оюмдагыны айта салмай адатым бар”,-деп жаш балача мени жоошутуп жатты.

Унчукпай койсом апамдын бир сыры ичинде кетти деп ойлоп калбасын дедим да, ага чындыкты жашырбай айтып салдым.

“Мүмкүн ишенерсиң, балким ишенберсиң, мен атаңдан айрылган жокмун, каралдым. Кээ бир күндөрү түндөсү балдар эч убайымы жок уктап жатканда келип, башымдан сылап: “Сагындыңбы” деп кулагыма шыбырайт. “Ооба”деп колунан кармап алам. Кадимкедей эле тирүү жүргөндөй деми ысык. Ошондой күндөрү боюм сергип, жеңилдеп, күлүп ойгоном. Мына, карагым, менин өмүрүмдүн бар сыры ушул!” дедим. Туура айтыптырмынбы?»

Элес ийилип келип, анын башынан сылагандай болду. “Туура!”-деген сыяктуу. Андан кийин:

-Эми сен жаңы үйгө көч,-деди шаттанып шыбырап.

–Сенчи?….- Батиманын көзү жашка толуп, ээги дирилдеп кетти. -Мени менен коштошуу үчүн келгенсиңби.

Ал кайып болгон Куандын элесинен “Мен силер менен түбөлүккө биргемин” дегенди так сезип, анык уккандай болду. Ошондон кийин селт эте түшүп, эки-жагын карап, карайлап калды. Эч кимди көрө албады.

Терезени караса таң агарып калган экен. Үй ичи жарык кире баштаганы босого жактагы сандыктар көзгө чалдыга баштады. Бул убакта үйү бейиштин бакчасына айланып кеткенсип, ажайып бир жан рахатын сезди.

* * *

Күн уясынан чыгып көтөрүлгөн кезде жаңы үйдү көздөй келе жаткан апасын көргөн Досбол шаша-буша тура калып:

–Балдар, жеңешем, жеңем келе жатат!-деп кыйкырып жиберди.

Акырын ачылган эшиктен мээримин төгө кирген Батима менен кошо Күн шооласын чачып, алга умтулду.

Которгон: Бегимай Бактыбек кызы