Садык Алахан: Эстебес Турсуналиев

Садык Алахан

Биздин окутуучулук жумуштун, университеттик илимпоз болуунун бир өзгөчөлүгү – көпчүлүк учурда тигил же бул маселе боюнча оозеки баяндоо, оозеки сүйлөп берүү экен. Муну биз кырк жылдан ашкан лекторлук жана изилдөөчүлүк тажрыйбабызда ар тараптуу байкоодон өткөрдүк десек болот. Албетте, мындай баяндоо, оозеки сүйлөп берүү жайдак жерде жарала койбосу да турулуу иш. Материалды көп жылдан бери изилдеп-үйрөнүү, ал материалды майда-чүйдөсүнө чейин аңдап-түшүнүү мына ушундай оозеки эмгектердин, оозеки айтылган макалалардын жаралышына алып келерине көзүбүз жетти.

Залкар төкмөбүз Эстебес Турсуналиев жөнүндөгү төмөнкү оозеки айтылган макаланы да студенттерибиз жазып алышкан экен кол жазмасы (почерки) жакшы бирөөсү кагазга көчүрүп алып келип берип атпайбы. Кагазга түшкөн кебетесин карасак анчалык деле колдон түшө калчудай материал болбоптур… (Айтмакчы, сүйлөп жатканыбызда “үтүр”, “кош чекит, “тире” деп айтып кете берүү, ал турсун кээде: “Тире”деп төрт тамга менен жазып албастан “тире” деген белгини коюш керек”, – деп күлдүрүп коюп, сүйлөп кете берүү адатка айланган…)

Залкар талант Эстекебиздин 90 жылдыгы белгиленип жаткан ушул күндөрү окурмандарга сунуштап коюуну чечтим.

Эстебес Турсуналиев

СССРдин, Кыргыз ССРинин жана Казак Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, 1-даражадагы “Манас” орденинин ээси Эстебес Турсуналиев 1931-жылы азыркы Талас облусунун Манас районуна караштуу колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Актаңдай акындын балалык жылдары согуш мезгилине туш келип, ал учурдун түйшүгүн айылдаштары менен чогуу көрүп, ошол муундун бардык балдары сыяктуу эле эрте жетилет. Анан калса, ырчылык шыгы да өз айылдаштарына дал ушул согуш жылдарында маалым боло баштайт. Өспүрүм Эстебес жаштар чогулган жерлерде, кырман бастыргандардын арасында анча-мынча жамактатып, ырчылыгын баштап калган учур эле. Ал турсун, согуш бүкөндө райондук кароого катышып, мында да эл көзүнө даана көрүнгөн болчу. Дал ушул жылдары болочок акын өз айылына келип калган белгилүү төкмө Алымкул Үсөнбаевге атайын келип жолугуп, акындыгын сыноодон өткөрөт. Алымкул Үсөнбаев менен болгон бул жолугушуу жаш Эстебестин пенделик да, чыгармачылык да тагдырын таптакыр жаңы нукка бурган, тагыраак айтканда, акындыктын аруу жолуна салган кездешүү болду. Жаш Эстебес өзү да бул жолугушуунун маани-маңызын ичкериден туюп, өзүнүн ошол учурдагы ырчылык мүмкүнчүлүгүнүн дээрлик баарысын колдоно ырдаган десек болот. Ырчы менен ал-жайды сурашкан соң, өспүрүм Эстебес көөдөндөгү ойду айчык-айрым билдирет. (Ушундай жерлерде “ыр жазабыз” деп коёбуз).

Айтылуу кыргыз элибиз,

Алымкул тайке келиңиз.

Эстеп жүргөн өзүңдү,

Эстебес мендей жээниңиз.

Жүрөгүм толкуп түрсүлдөйт,

Жүз көрүштүм жүзүңө,

Артыңан ээрчип жүрсөм дейм.

Сиздей акындын баскан изинен.

Баарыга маалым болгондой, Эстебестин акын болушуна Алымкул төкмөнүн устаттыгы, акындык таалимчилдиги чоң роль ойногон. Ушул жолугушуудан соң Алымкул төкмө боз улан Эстбести ээрчитип келип, республикалык филармонияга ишке орноштурган. Бул көрүнүш жаңыдан ырчылыгын баштап жаткан жаш ырчы үчүн эбегейсиз чоң олжо эле. Анткени, ал учурда филармонияда кыргыз искусствосунун залкар өкүлдөрү Калык, Осмонкул, Карамолдо, Атай, Муса, Мыскалдар иштейт болчу жана да филармонияга өтө чоң сыноонун негизинде жумушка кабыл алышчу.

Залкар ырчынын ошол өспүрүм кезден башталган ырчылык тагдыры өмүрү өткөнчө ушул улуттук филармония менен жана да андагы улуу-кичүү чыгармачыл жамаат менен эриш-аркакта өттү. Эстебестин эл алдындагы алгачкы ырлары дал ушул өзүнүн залкар устаттары Калык, Осмонкул, Алымкулдардын ар кыл темадагы ырлары болду.

Мына ошентип, ал ырчылыктын чыгармачылык өнөрканасынан өттү. 50-жылдардын орто ченинен баштап, өзү да кадимкидей эл алдына чыгып, устаттары менен алым-сабак ырларды ырдашып, айрыкча филармониядагы Ысмайыл Борончиев, Токтонаалы Шабданбаев сыяктуу акындарга өнөктөш болуп, ырдап жүдү…

Эстебес Турсуналиевдин чыгармачылыгы айрыкча 50-жылдардын соңу 60-жылдардын биринчи жарымында элге өзгөчө таанымал болду десек жаңылышпайбыз. Анткени, дал ушул жылдары Эстебестин чыгармачылыгынын жаңы сапаты элге тартууланды. Тагыраак айтканда, Эстебес эң сонун аткаруучу катары белгилүү болду. Э.Турсуналиевдин аткаруучулук талантынын ачылышында Райкан Шүкүрбековдун (ал кезде филармониянын көркөм чыгармачылык боюнча бөлүм башчысынын) жараткан термелеринин мааниси өтө зор. Тагыраак айтканда, Райкан Шүкүрбеков жараткан  “Кыз – жигит”, “Жер жөнүндө терме”, “Рахмат койчу чабанга” деген сыяктуу дээрлик чоң поэмалардын көлөмүндөгү термелер Эстебестин аткаруусунда маанилик жактан да тереңирек, ыргагы жагынан дагы да уккулуктуурак болуп элге тартууланды. Ошол эле учурда калың журт Э.Турсуналиевдин өзүн өзгөчө чебер аткаруучу катары да тааныды. Эстебестин аткаруусунда Райкан Шүкүрбековдун бардык термелери улуттук радионун алтын казынасына жазылып алынган. Бул термелерди Э.Турсуналиев жөн эле кооз үнү менен шатырата аткарып койгон эмес. Термелердеги ар бир каармандын өзүнө ылайык ыргак менен, дегеле үндүн ар кандай басымда чыгышын чебер пайдалануу менен образды ачып бере алган. Дегеле үндүн ыргагы менен образ ачып берүү Эстебеске чейин эч ким тарабынан колдонулбаган ыкма болчу. Бул ыкманы Эстебес айрыкча “Кыз-жигит” термесинде өтө чебер колдонгон.

Э.Турсуналиевдин аткаруучулук жөндөмү жөнүндө кеп кылганда алардагы таалим-тарбиялык маани өзгөчө жеткиликтүү берилгендиги жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. Бул багытта айрыкча жогоруда айтылган “Кыз-жигит” менен бирге “Жинди суу” термесин бөтөнчө белгилеп кетишибиз керек. Албетте, бул жерде термени жараткан автордун (Р.Шүкүрбековдун) өтөгөн кызматы да өзгөчө жогору экендигин танбай туруп, бирок, кагаз бетинде бул чыгармаларды кулакка угумдуу, жүрөккө жетимдүү кылып аткарып берүүдө Э.Турсуналиевдин ырчылык өзгөчөлүгүн эч бир танууга болбойт. Дал ушул уккулуктуу үн, чебер аткаруу “Жинди суу” менен “Кыз-жигиттеги” тарбиялык маанини андан бетер тереңдетип, алардагы адеп-ахлактык маңыз дагы да жүрөккө жетимдүү чыккан. Айрыкча, “Жинди суу” термеси, андагы башкы идея өзгөчө жеткиликтүү берилген. Мында Эстебестин өңү угуучуларга көрүнбөсө да, жанатан бери айтылып өткөн үндүн тембри, туура жасалган басымдары, ушулар аркылуу термедеги образдын бөтөнчөлүгү да ачылып берилген.

“Жинди суудагы” айрым түрмөктөр Эстебестин чебер аткаруусунан улам лакап түрүндө таралып кеткен десек болот. Айталы: “Орусча сөгөт энесин, // Кубалап урат жеңесин”; “Таштадым деп аракты, // Пивону согот чакалап”; “Ит каппайт сени адам деп, // Кыз сүйбөйт сени жаман деп” ж.б

Ошону менен бирге Э,Турсуналиев өзү да бир топ чыгармаларды жаратып, эл арасында ырдап жүргөн. Акындын мындай чыгармаларына биз, алгачкы көркөм туундулары болгон “Андалек”, “Зулайканын кошогу” деген сыяктуу чыгармаларынан баштап, “Улуу майрам”, “Жарым кылым”, “Кыргыз элим 40 жылда” деген сыяктуу көлөмдүү ырларды кошуп кетсек болот. Буларды ырчы эл арасында эң сонун аткарып жүрдү…

Өзүнүн улуу муундагы устат-акындарынын жолун жолдоп, Э.Турсуналиев да өзү жараткан чыгармаларды өзүнчө жыйнак кылып чыгарып жүрүп отурган. Э.Турсуналиевдин биринчи ырлар жыйнагы “Акындын үнү” деген аталыш менен 1959-жылы жарык көрүп, андан кийин залкар ырчы “Айтыштар”, “Заман жарчысы”, “Эскерүүлөр”, “Ыр – өмүрүм”, “Кайыңды” сыяктуу китептерди тартуулады. Ал эми дамамат эл алдына чыгып, талаастандарында, чоң-чоң  концерттик залдарда нөшөрлөтө төгүп ырдаган ырларын эске алчу болсок, анда Э.Турсуналиевдин элге тартуулаган көркөм туундулары алда канча көп жана көлөмдүү.

Эстебес акын өзгөчө бир сүймөнчүк менен ырга кошкон тема болуп, аялдар темасы эсептелинген десек болот. Ал Өлмаскан менен Саадат сыяктуу пахтакерлерди, Зууракан менен Керимбүбү сыяктуу кызылчачыларды, чарбакечтерди эң сонун ырга кошкон акын болгон.

Эстебес акын ырдаган:

Кадырлап турса кең менен.

Каныкей болуш эмне экен.

Ардактап турса кең менен,

Айчүрөк болуш эмне экен. – деген саптары атактуу эмгек каармандарынын өз эли, өз Мекени менен ажырагыс биримдикте экендигин жана да эли менен Мекени аларды эбегейсиз абройго ээ кылган өтмө катыштыкты өзгөчө чебер көрсөтүп бере алган.

Албетте, Эстебес акын жөнүндө сөз кылган учурубузда айтпай кетүүгө болбой турган бир жагдай бар. Айтпай кетүүгө болбой турган бул сөз акындардагы эркиндик, чыгармачылык эркиндик менен тикеден тике байланыштуу. Эл ичинде айтылып калчу: “Эстекебиз “Өкмөт менен партия, // Партия менен өкмөт” деп ырдап жүрүп өттү кайран киши” деген сөздүн бекер жерден чыкпагандыгы. Албетте, Э.Турсуналиевдин минтип ырдап калуусунун өзүнүн мыйзам ченемдүү себеп-жагдайлары бар. Биринчиден, Совет доорунда төрөлүп, Совет доорунда окуп-чокуп, эрезеге жетти. Экинчиден, устаттарынын дээрлик баары – Калык, Осмонкул, Алымкул – Советтик турмуштун, коммунисттик идеологиянын айныгыс апологеттери болушту. Үчүнчүдөн, Эстекебиздин өзүнүн акындык натурасы, пенделик нарк-насили да сынчыл ой жүгүртүүдөн алыс болду окшойт. Болочок акындын адамдык табиятындагы мына ушундай сапатты бир көргөндө эле – 50-жылдардын биринчи жарымында филармониянын өнөрпоздору менен чогуу Кетмен-Төбөгө барганда эле – алгачкы ирет көргөн залкар Коргол андагы жаш ырчы Эстебести карап туруп:

О-о, балам, өзөнгө чыккан соносуң,

Өлбөсөң өкмөткө ырчы болосуң, – деп жөн жерден ырдабаса керек. Анткени, республикабыздын бардык аймактарынан чогултулуп келинген өтө көп таланттардын арасында жүргүзүлгөн катуу конкурстан утуп чыгып, филармонияга артист болуп кабыл алынган Коргол, Совет бийлигинин тушунда, коммунисттик диктаттын алдында чыгармачылык эркиндик болбосуна көзү жеткен Коргол, ошондон улам ачуусу шакардай кайнап:

Сталинчил баатырбыз,

Сталинчил акынбыз,

Сталин деп жатырбыз,

Баарыбыз

Сталинге катынбыз, – деп ырдап, анан эркиндик издеп кайрадан Кетмен-Төбөсүнө кетип калган Коргол Э.Турсуналиевдин адамдык кулк-мүнөзүн айныксыз таамай байкап билген окшобойбу…

Көрүнүктүү акын улутубуздун ырчылык өнөрүн башка элдердин арасында да зор чеберчилик менен даңазалап келген. Айрыкча, коңшулаш элдерге дамамат барып, аларды кыргыз ырынын керемет абасы менен дем алдырып, ырчылык өнөрдү даңазалап жүргөн. Айрыкча, Эстебес акындын кадыр-баркы казак элинде өзгөчө жогору эле…

Улуу ырчы 2005-жылы дүйнөдөн кайтты.