“Үнү каткан улар” китебинин бет ачары болот

Урматтуу адабият күйөрмандары, поэзия сүйүүчүлөр, окурмандар!
Улуттук адабият күнүнө карата 9-декабрь күнү саат 14:00дө ОшМУнун чоң актылык залында жазуучу-публицист, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ризван Исмаилованын “Үнү каткан улар” аттуу көркөм даректүү баянынын таанытымы болот. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Ош бөлүмү, Ош мамлекеттик университети жана “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору тарабынан уюштурулуп жатат.
Бул китепте чыгаан акын Жолон Мамытовдун өмүрүндөгү кызыктуу ирмемдер, урунттуу учурлар камтылган. Риза Савай (Ризван Исмаилова) Жолон Мамытовду изилдеп, диссертация жактаган илимпоз. Акындын чыгармачылыгын, өмүр жолун изилдеп кийинки муун үчүн эмгектенип келе жатат.
Китептин бет ачарына баарыңыздарды чакырабыз жана күтөбүз.