“5 акын” теледолбоору жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштурган “Беш акын” теледолбоору жыйынтыкталды.

Аталган долбоордун бул жолку катышуучулары 30 жашка чейинки жаш калемгерлер – Акжол Доранбек уулу, Жакшылык Дүйшөнбек уулу, Кадырбек Аблабеков, Болот Мамбетисаев жана Замир Орозбай уулу болду. 5 бөлүктөн турган тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарып, 9 адамдан турган калыстар тобунун сынына толгон Акжол Доранбек уулу жеңишке ээ болду.

“5 акын” теледолбоору кыргыз акындары арасында 3 ирет өтүп, жалпысынан 75 акын катышты. Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, КР Эл акыны К.Кулуевдин демилгеси менен уюштурулган теледолбоор жыйынтыкталып, эстафета Өзбекстан акындарына өткөрүлүп берилди.

Жыйынтыктоочу иш-чарага келип катышкан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Д.Касейинов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу К.Иманалиев жалпы катышуучуларга баалуу белектерин тапшырышты жана долбоордун жеңүүчүлөрү К.Урманбетов, А.Кожогулов, Ж.Арыкова, К.Тажиева, А.Доранбек уулу 500 доллар акчалай сыйлык менен сыйланышты.