Садык Алахан: Эстебес Турсуналиев

Садык Алахан Биздин окутуучулук жумуштун, университеттик илимпоз болуунун бир өзгөчөлүгү – көпчүлүк учурда тигил же бул маселе боюнча оозеки баяндоо, оозеки сүйлөп берүү экен. Муну биз кырк жылдан ашкан лекторлук жана изилдөөчүлүк тажрыйбабызда ар тараптуу байкоодон өткөрдүк десек болот. Албетте, мындай баяндоо, оозеки сүйлөп берүү жайдак жерде жарала койбосу да турулуу иш. Материалды көп жылдан бери изилдеп-үйрөнүү, ал материалды майда-чүйдөсүнө чейин аңдап-түшүнүү мына ушундай оозеки эмгектердин, оозеки айтылган макалалардын жаралышына алып келерине көзүбүз жетти. Залкар төкмөбүз Эстебес Турсуналиев жөнүндөгү төмөнкү оозеки айтылган макаланы да студенттерибиз жазып алышкан экен кол жазмасы толугу менен…..