“Ыр өмүр” поэзия-муза кечеси жогорку деңгээлде жыйынтыкталды

КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачылык борбору, “Сонун го” китеп дүкөнү биргеликте уюштурган “Ыр өмүр” аттуу поэзия-муза кечеси жогорку деңгээлде болуп өттү.

Т.Абдумомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрынын 90% ээлеген күйөрмандар акындардын керемет ырларын угуп, жандуу музыкага термелип, сахналык көрүнүштөргө муюп, чыныгы поэзиянын ырахатын туюп, эс алып кайтышты.

С.Акматбекова, К.Бакиров, Ж.Исабаева, Р.Исаков, А.Исмаилов, Н.Өмүрбаева, Б.Келдибаев, М.Жангазиев, Б.Нурлан кызы, М.Жумадилова, А.Кудайберди кызы, С.Турдубек уулу – жалпы 12 акын келген күйөрмандарга ырларын окуп беришип, Э.Жумабек уулу, А.Абдыкалыкова, Б.Алмабеков, Б.Кубанычбек уулу, Т.Колдошов, А.Рыспай уулу, Т.Токомбаев, А.Батырбековдор кечени көркүнө чыгарышты.

Иш чаранын соңунда КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары К.Иманалиев куттуктап, мындай иш чараны байма-бай уюштуруп туруу керек экендигин баса белгилеп өттү.

“Ыр өмүр” аттуу поэзия-муза кечесине билеттер 500 сомдон сатылып, ар бир билетке бирден китеп кошулуп берилди.

Аталган кече үчүн КР Эл акыны С.Акматбекованын “Күгүмдөгү күү” аттуу китеби 1000 нускада жарык көрүп, окурмандардын колуна тийди.

Көрөрмандар китеп жарманкесине катышып, каалаган китебин сатып алып, атайын даярдалган фотозонада авторлор менен бирге сүрөткө түшүп кайтышты.