“Жаш толкун 2022” II республикалык поэзия сынагы старт алды

Жарыя! «Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд» Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен “Жаш Толкун 2022” II республикалык поэзия сынагын жарыялайт. Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш акындар катыша алышат. Конкурстук чыгармалар 2022 – жылдын 15 – июнуна чейин кабыл алынат. Байге фонду 200 000 сом. Конкурстук арыздар fond.tursunbekov@gmail.com электрондук почта аркылуу же Кулиев көчөсү № 2, почта индекси 720010 дарегине жиберилиши зарыл. Сурап билүү үчүн телефондор0312 658-658, 0557 27-23-07. Так маалыматты фонддун соц. тармактагы баракчасынан жана КР Улуттук жазуучулар союзунун интернет баракчасынан алсаңыздар болот.

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу мекендештер, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Нооруз жаңы жылдын, күн менен түн теңелген жаңы күндүн майрамы. Токчулуктун, молчулуктун, берекенин майрамы. Жер жарылып чөп чыккан жадыраган жаздын, жаңылануунун, жаңыруунун майрамы. Ата бабаларыбыз бул күнү кош өгүзгө соко кошуп жер бетин жаңы жылдын эсебинен алгачкы ирет тилип, эгин айдашып, апаларыбыз көжө, сүмөлөгүн жайнатып, жаңы кийимдерин кийип жакшы тилек менен майрамдап келишкен. Бүгүнкү күнү да ошондой шаң, маанай менен майрамдап келүүдөбүз. Нооруз майрамына карата канчалаган үйдө сүмөлөк кайнатылып, канча тилектер айтылат. Жүздөгөн, балким миңдеген энелер элге, толугу менен…..

Тилек Мураталиев атындагы адабий сыйлыкка сынак жарыяланат

Көңүл буруңуздар, адабий сынак жарыялайбыз! Урматтуу элге билим берүү тармагынын кызматкерлери, Ардактуу кыргыз тили жана адабияты адистигине эгедер мугалимдер, “Турар” басмасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун “Ала-Тоо” журналы мектеп окуучуларынын арасында атаандаштыкты пайда кылып, аларды адабий ишмердүүлүккө тартуу максатында кыргыз адабиятынын колдоочусу, маркум Тилек Мураталиев атындагы адабий сыйлыгын изденип алуу үчүн сынак жарыялайт. Сиздер тарбиялаган окуучулардын ичинен келечекте Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов, Төлөгөн Касымбеков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев сыяктуу заман залкарлары чыгышын каалайсыздарбы? Анда талант-шыгы бар окуучуларды адабий сынакка катышууга шарт түзүп бериңиздер. толугу менен…..

Көңүл буруңуздар, конкурс

«МЕКЕНДИ СҮЙҮҮ – ЫЙМАНДАН» аттуу жыл сайын өткөрүлүүчү мекенчил ырларды көркөм окуу сынагынын ЖОБОСУ Жалпы маселелер ⟡-Сынак «Мухаммед Умар» жана «Китепкөй эл» коомдук бирикмелеринин демилгеси менен, ошондой эле «Бактынур» продюсердик борбору, «Мундуз-турист» агентствосу, «Silk Way» мейманканасы жана «КИТЕП.kg» дүкөнүнүн уюштуруусу аркылуу өткөрүлөт. ⟡-Сынакты уюштуруу, өткөрүү, ошондой эле катышуучуларды баалоонун критерийлерин тактоо, сыйлыктарды даярдоо жана катышуучуларды сыйлоо тартибин аныктоо менен байланышкан бардык маселелер уюштуруу комитети аркылуу ишке ашырылат. ⟡-Уюштуруу комитети сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары жөнүндө жарыяларды жарыялоого, маалыматты калктын кеӊири катмарына жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар, сайттар аркылуу таратууга тийиш. толугу менен…..

Бектуруш Табалдиевдин поэзиясына күбө болуңуздар

Ырдын тулкусун жакшынакай уйкаштар, образдуу салыштыруулар, жугумдуу метафоралар, таасирдүү боёктор, туюнтмалар менен шөкөттөп жазган пейзажист, чебер сүрөткер, синэстетик, интеллектуал акын Бектуруш Табалдиев Салгаманинин чыгармачылык кечеси өтөт. Поэзия кече акындын “Аты жок” китебинин бет ачары менен коштолуп, адабиятчылар автордун чыгармачылыгы боюнча сөз кылып, поэзиясы окулуп, обондуу ырлары ырдалат.  Поэзия кечеге катышууну каалагандар үчүн эшик ачык. Келип жан дүйнөңүздөргө азык алып кетүүгө чакырабыз. Ыр күйөрмандарын 2022-жылдын 28-январында саат 14:00дө Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде күтөбүз. Тосордо “Чөккөн тоолор окшошот мис чөөгүнгө, чокуда кар агарат пил сөөгүндөй. Жаш сулуунун булгаган жоолугундай, “жарк” дейт толугу менен…..

“5 акын” теледолбоору жыйынтыкталат

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун бешинчи айлампасы жана жыйынтыктоо аземи 7-декабрь күнү КТРКнын концерттик студиясында өтөт. Жыл бою өткөрүлүп келген теледолбоордун соңку катышуучулары 30 жашка чейинки калемгерлер, алар – Акжол Доранбек уулу, Жакшылык Дүйшөнбек уулу, Кадырбек Аблабеков, Болот Мамбетисаев жана Замир Орозбай уулу. Кече саат 13:00дө башталат. Бардык күйөрмандар үчүн эшик ачык. Жаш таланттарга жандуу күйөрман болууга чакырабыз. КРУЖС, ТҮРКСОЙ, КТРК

“Жылдын мыкты эмгеги” аттуу конкурс жарыяланат

ЖАРЫЯ!    ЖАРЫЯ!   ЖАРЫЯ! «Рух-Бейне» Эл аралык чыгармачыл академиясынын «Жылдын мыкты эмгеги» аттуу республикалык конкурсу тууралуу ЖОБО I. Жалпы жоболор «Жылдын мыкты эмгеги» аттуу Республикалык конкурс (мындан ары – Конкурс) Кыргыз Республикасында адабият, искусство жана педагогика тармагындагы соӊку эки жыл ичинде жаралган мыкты эмгектерди аныктоо жана элге тааныштыруу үчүн уюштурулат. II. Конкурсту уюштуруунун максаты 1.Жогоруда аталгандай: -кыргыз адабиятындагы, искусствосундагы жана педагогикасындагы жаңы жана мыкты эмгектерди жыл сайын аныктоо, -аны жалпы эл алдына алып чыгуу жана анын жаратмандарын (авторлорун) моралдык жактан колдоо болуп саналат. 2.Конкурс бир жылда бир жолу, коомчулукка кеңири таанылган, ата мекендик толугу менен…..

Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгы жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын ЖОБОСУ Бул Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жобосу (мындан ары-Жобо) калемгерлердин негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Сынактын максаттары: -Кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо; -Кыргыз тилинде чыгарма жараткан калемгерлердин мыкты чыгармаларын аныктоо; -Калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Сынактын уюштуруучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат: -Сынакты өткөрүүгө документтерди даярдоо; -Калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият ишмерлеринен -турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү; -Сынактын күнүн белгилөө жана Жобонун негизинде өткөрүү; толугу менен…..

Казак акыны Гүлбакыт Касендин адабий кечеси өтөт

2021-жылдын 29-октябрында саат 11:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Абай залында Казакстан жазуучулар бирикмесинин мүчөсү, акын, котормочу Гүлбакыт Касендин “Ыр тумарым” аттуу адабий кечеси өтөт. Бул кечеде автордун “Күнтумар” китебинин бет ачары болот. Жалпы күйөрмандарды поэзия кечеге чакырабыз. Гүлбакыт Токтан кызы Касен 1975-жылы Казакстандын Алматы облусунда жарык дүйнөгө келген. И.Жансүгүров атындагы Жети-суу мамлекеттик университетинин филология факультетин (1996), Ө.Жолдасбеков атындагы Укук жана экономика академиясынын мыйзам факультетин (2011) аяктаган. 1995-2008-жылдары мектепте мугалим, окуу иштери боюнча директордун орун басары, колледжде методика боюнча директордун орун басары болуп иштеген. 2008-2015-жылдары Алматы облусунун тилди өнүктүрүү башкармалыгында толугу менен…..

Акын Керимбек Кадыракуновдун поэзия кечеси өтөт

2021-жылдын 28-октябрында саат 14:00дө “Сейтек” балдар борборунда КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын Керимбек Кадыракуновдун поэзия кечеси өтөт. Акындын чыгармачылыгына арналган поэзия кечени ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” теледолбоору уюштурууда. Кечеде автордун ырлары окулуп, ырчылар обондуу ырларын аткарып беришет. Жандуу ыр майрамга жандуу күйөрман болуп кетүүгө чакырабыз. Кирүү акысыз.