Кайра жаңыланган китеп

Психологиялык романдын мыкты үлгүсү болгон У. Абдукаимовдун “Майдан” романы “Мезгил” басмасы тарабынан кайрадан басылып чыкты.
У. Абдукаимов советтик аскердин көнүмүш болуп калган, схемага түшкөн образынан оолактап, кан майдандагы адамдардын чыныгы турмушун таасын ачып берет. Романды жазууда совет бийлигинин эрежелеринен чыгып кеткенинин айынан убагында көп каршылыктарга туш болгону менен “Майдан” романы адабиятка жаңылык алып кеген чыгарма катары бааланган. Себеби согушту өз көзү менен көрүп келген жазуучу катары башынан өткөн күндөрүн күндөлүк кылып жазып, чогултуп жүргөн.
У. Абдукаимов “Майдан” романы аркылуу жогорку чеберчилик менен адам концепциясын алгачкылардан болуп көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Ч. Айтматов да: “Абдукаимовдун романы, мейли майдан, мейли оорукта, мейли бейпил турмуштабы, айтор, адамдын жан дүйнөсүн, инсан катары сырткы чөйрөгө болгон мамилесин психологиялык жактан терең изилдегендиги менен кыргыз адабиятынын жаңы башатынан кабар берет” деген пикирин билдирген.
Согушту адам өзү баштайт, анан өзү азап тартат. Мындайда адам курчуйт же мокойт деген идея менен автор адамдардын психологиясын терең ачып берүүгө жетишкен.
Бул чыгарманы бир эле учурда социалдык-философиялык, психологиялык роман десек болот. Китеп ушундай татаалдыгы менен окурмандарды кайдыгер калтырбайт.

Сатып алууну каалагандар
“Сонун го” китеп дүкөнүнө кайрылыңыздар!