“5 акын” теледолбоору эки күн катары менен өтөт

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун экинчи жана үчүнчү көрсөтүүлөрү шартка байланыштуу 11-12-май күндөрү катары менен тартылат. 12-май күнү өтө турчу кечеде акындар – Жыпара Арыкова, Жыргалбек Алымжан уулу, Максуда Ормонова, Манас Алымбаев жана Алиман Абдыкеримовалар өз таланттарын тартуулашат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

Э.Эрматов атындагы III республикалык фестиваль Талас шаарында өтөт

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгына карата жаш калемгерлердин Э.Эрматов атындагы республикалык III фестивалы Талас шаарында өтөт. Фестивалга катышуучуларды калыстар курамы конкурстук негизде тандап алат. Аталган фестиваль “Э.Эрматов” атындагы коомдук фонду тарабынан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун колдоосу менен 2017-жылдан бери эки жылда бир уюштурулуп келет.

“5 акын” теледолбооруна жандуу күйөрман болуңуздар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорунун экинчи көсөтүүсүн эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун бул жолку кечесине акындар – Атахан Кожогулов, Нуркан Койчуманова, Мейликан Тайполотова, Абдижалил Бетегеев жана Динар Мамбетакунова катышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 11-майында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

Улукбек Омокеев КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси болду

Бүгүн КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Ош облусундагы акын-жазуучулар менен жолугушту. Жолугушууда жазуучулар союзунун ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иштер, келечек максаттары боюнча маалымат берди. Акын-жазуучулардын ой-пикирлерин укту. Алдыда биргелешип аткара турган иштер боюнча баарлашуу болду. Көп жылдан бери чыгармачылык менен жигердүү эмгектенип, адабиятка салым кошуп келе жаткан акын-жазуучуларга Жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылды. КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Т.Жороевдин кызмат мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы жетекчи шайлоо маселеси каралды. Төрага Н.Калыбековдун буйругу менен А.Осмонов, Э.Эрматов атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, Жзуучулар союзунун мүчөсү, акын Улукбек Омокеев КРУЖСнун Ош облустук бөлүмүнүн толугу менен…..

Жаш акындар арасында “Жаш толкун” республикалык конкурсу старт алды

Жаш акындарга арналган “Жаш толкун” республикалык конкурсунун жобосу Жалпы жобо Бул жобо жаш акындардын “Жаш толкун” республикалык конкурсунун негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Конкурс “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Конкурстун уюштуруучусу – “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” (мындан ары – Уюштуруучу). Конкурстун уюштуруучусу төмөнкүлөрдү камсыз кылат: конкурсту өткөрүүгө документтерди даярдоо; калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият жана искусство ишмерлеринен турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү; конкурстук иш-чараларды өткөрүү; жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүү; Бишкек шаарынан – “Акун Ысык-Көл” пансионатына, “Акун Ысык-Көл” пансионатынан – толугу менен…..

Поэзия кечеси өтөт

ЭлТР МТРКсынын “Мени издесең ырларымдан табасың” теледолбоору поэзия кечесин өткөрөт. Бул жолку ыр майрам КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын 20 жылдыгына арналып уюштурулууда. 2021-жылдын 17-мартында саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу кечеде Р.Исаков, М.Рысбеков, М.Самыйкожо, А.Бакирова, М.Совет уулу, К.Тажиева, С.Батыркулова, Ж.Турсунбаев, Н.Рыскул кызы, Б.Жамгырчиев, М.Жангазиев, А.Кубанычбеков, А.Доранбек уулу, С.Турдубек уулу, Р.Изатова, А.Зарылбек уулу ыр окуп, К.Рыскуловдун обондору жаңырат. Белгилүү ырчылар коштойт. Кирүү акысыз. Бардык ыр күйөрмандарын чакырабыз.

“Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун биринчи кечесинде акындар – Кыялбек Урманбетов, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев, Мая Осмонкулова жана Алтынай Темировалар ат салышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 15-мартында саат 18:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

Поэзия кечеге келиңиздер

КР Улуттук жазуучулар союзу 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин концерттик залында поэзия кечесин өткөрөт. Кечеде Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, Калчоро Көкүлов, Кубанычбек Басылбеков, Кыялбек Урманбетов, Атахан Кожогулов, Эрлан Жумагазиев, Мирлан Алтымыш уулу жана Адилет Зарылбек уулу ыр окуйт. Адабий -музыкалык поэзия кечени белгилүү ырчылар коштойт. Бардык ыр күйөрмандары үчүн эшик ачык. Дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көчөсү 121, Тыныстанов көчөсү менен кесилишет. Жалпыңыздарды 6-март күнү саат 16:00дө күтөбүз. Келип, акындардын ырларынан азык алып кетиңиздер.  

Балдар адабияты боюнча сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын балдар адабияты боюнча чыгармаларга сынакты өткөрүү жөнүндө КУЛАКТАНДЫРУУ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт! Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат -балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп); -балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы үчүн (китеп); -балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине мыкты которгону үчүн (китеп); Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт. Сунуш катка төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш: -коллективдин жалпы чогулушунун, чыгармачыл толугу менен…..

Калемгерлер арасындагы жарыяланган сынактын мөөнөтү узартылды

СЫНАКТЫН ЖОБОСУ Адабий сынак жүзөгө ашырыла турган жер: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.  1. Адабий сынактын катышуучуларынын курамы: 16 жаштан жогорку курактагылар катыша алат. 2. Адабий сынактын максаты жана милдети: Эгемендүүлүк жылдардан кийинки кыргыз адабиятындагы адабий процесстин деңгээлин жогорулатуу; Кыргыз окурмандарына чыгармачылык чеберчилиги кынтыксыз, эстетикалык табити жогору, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты чыгармалардын үлгүлөрүнө тете авторлорду тааныштыруу; Акын-жазуучулардын анын ичинен драматургдардын, адабий сынчылардын, адабиятты илимий жактан изилдөөчүлөрдүн чыгармаларын эл арасына кеңири жайылтуу; Адабий чыгармачыл жаш күчтөрдү коомдук-маданий турмушка активдүү аралаштыруу; Кыргыз маданиятынын жана адабиятынын идеялык-көркөмдүк деңгээлин өнүктүрүү, анын коомдун өнүгүшүнө жана инсандын калыптанышына тийгизген толугу менен…..