“Жаш толкун 2022” II республикалык поэзия сынагы старт алды

Жарыя!
«Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд» Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен “Жаш Толкун 2022” II республикалык поэзия сынагын жарыялайт. Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш акындар катыша алышат.
Конкурстук чыгармалар 2022 – жылдын 15 – июнуна чейин кабыл алынат.
Байге фонду 200 000 сом.

Конкурстук арыздар fond.tursunbekov@gmail.com электрондук почта аркылуу же Кулиев көчөсү № 2, почта индекси 720010 дарегине жиберилиши зарыл.
Сурап билүү үчүн телефондор0312 658-658, 0557 27-23-07.
Так маалыматты фонддун соц. тармактагы баракчасынан жана КР Улуттук жазуучулар союзунун интернет баракчасынан алсаңыздар болот.