«Жаш толкун 2022» II республикалык конкурсуна чыгармаларды кабыл алуу уланууда

«Жаш толкун 2022» II республикалык конкурсунун шарттары

  1. Конкурска катышуунун шарттары:
    • Конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги поэтикалык чыгармалар кабыл алынат.
    • Конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки (35 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Катышуучулардын жаш курагы катышууга арыз берген учурда (электрондук почта же кадимки почта менен жиберилген датага карата) белгиленет.
    • Конкурска катышуу үчүн авторлор конкурстук иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени 2022-жылдын 15-июнуна чейин тапшырышы керек.
    • Конкурстук арыздардын берилиши:
  • Электрондук почта аркылуу (tursunbekov@gmail.com адресине «Конкурска» деген белги менен);
  • Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Фонддун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт.

Фонддун дареги: Кулиев көчөсү № 2, почта индекси 720010.

Сурап-билүү үчүн телефон: 0312 658-658, 0557 27-23-07.

  • Конкурска катышуу үчүн автор арыз толтуруп, ага кошумча 2 файл тиркейт:
  • конкурстук чыгарма (поэзия)
  • катышуучунун сүрөтү.
    • Плагиаттык, ачык айтылган уят сөздөрдү камтыган, ошондой эле улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар конкурска кабыл алынбайт.
    • Чыгарманы конкурска жиберген адам ырлардын авторлугу аныктыгына жооп берет.
    • Уюштуруучу конкурстун шарттарына жооп бербеген ырларды эсепке албайт.
  • Конкурстук чыгармаларды каттоого коюлган талаптар
    • Конкурска катышуу үчүн авторлор тарабынан берилген чыгармалар 5тен (беш) ашпаган ырлар болушу шарт.
    • Конкурска поэтикалык чыгарма аныктамасына жооп берген, түркүн жанрдагы поэзия чыгармалары кабыл алынат. Проза түрүндөгү ырлар жана котормолор кабыл алынбайт.
    • Конкурска сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:
  • текстик редактор WORD
  • шрифт Times New Roman
  • 14 кегль
  • интервалы 1,5
    • Электрондук форматта жиберилген арыздар төмөндөгү эки форматтын биринде болууга тийиш: WORD же PDF (же JPG).
  1. Конкурстук комиссия
    • Катышуучулардын чыгармаларын баалоо үчүн Уюштуруучу 5 (беш) адамдан турган, анын ичинде 4 (төрт) адам мүчө жана Конкурстук комиссиянын төрагасынан турган Конкурстук комиссия түзөт.
    • Конкурстук комиссия ушул Жобонун негизинде иш алып барат жана конкурстук иштерди баалайт, ошондой эле конкурстун  жеңүүчүлөрүн аныктайт.
    • Конкурстук чыгармалар конкурстун уюштуруучулары тарабынан катталат жана калыстар тобуна автордун аты-жөнүн көрсөтпөй катталуу номерлери боюнча берилет.
    • Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен иш алып барат.
  2. Конкурстун этаптары жана мөөнөттөрү:
    • Тандоо этабы: конкурстук чыгармалар – 2022-жылдын 25-апрелинен 2022-жылдын 15-июнуна чейин кабыл алынат.
    • Баалоо этабы: конкурстук чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо – 2022-жылдын 15-июнунан 22-июнуна чейинки убакытта ишке ашырылат.
    • Конкурстук чыгармаларды баалоо эки этап менен жүргүзүлөт.
    • Биринчи этабында төмөндөгүлөр бааланат:
  • Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу);
  • Кыргыз тилинин нормаларын сактоосу;
  • Таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы (ой-толгоону чагылдыра билүүсү).
    • Биринчи этапта баалоо 5 баллдык системада үч критерий боюнча жүргүзүлөт. Катышуучуларга калыстар тобунун мүчөсү тарабынан коюлган максималдык баа 15 баллды түзөт, жалпы максималдык баа 75 баллды түзөт.
    • Уюштуруучу рейтинг баракчаларын текшерип чыгып Калыстар тобунан эң жогорку суммардык балл алган конкурстун 10 финалистин аныктайт.
    • Биринчи этаптын финалистери (10 акын) «Акун Ысык-Көл» пансионатынын базасында өтүүчү 4 күндүк поэзия фестивалына жолдомо алышат.
    • Биринчи этаптын жыйынтыгы фонддун социалдык тармактагы баракчасында жана КР Улуттук жазуучулар союзунун интернет баракчасында жарыяланат.
  1. Поэзия фестивалы
    • 4 күн (1 июль – 4 июль) аралыгында КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы жана чакырылган тажрыйбалуу акындар жаш акындар менен иш алып барат.
    • Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн финалисттерди баалонун экинчи этабы болот:
  • 1-кунү катышуучу тарабынан сынакка жиберилген 5 ырдын арасынан экини жана Чыныбай Турсунбековдун калемине таандык бир ырды көркөм окуп берүү.
  • Көркөм окуунун баалоо критерии:
  • ырды окуудагы таасир берүү чеберчилиги.
  • Баалоо 5 баллдык системада жүргүзүлөт. Катышуучууга калыстар тобунун мүчөсү тарабынан коюлган  максималдык баа 5 баллды түзөт, ал эми жалпы максималдык баа 25 баллды түзөт.
  • 2-күнү Конкурсттук комиссия тарабынан финалисттерге бир күн мурун белгилүү бир темада чыгарма жаратуу боюнча тапшырманын негизинде жазылган ырды окуп берүү:
  • 2-чи тапшырманын баалоо критерийлери:
  • Берилген теманы чагылдыруунун оригиналдуулугу;
  • Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу).
  • Катышуучууга калыстар тобунун мүчөсү тарабынан коюлган  максималдык баа 10 баллды түзөт, ал эми жалпы максималдык баа 50 баллды түзөт.
  • Эки тапшырма боюнча максималдык баа 75 баллды түзөт.
    • Уюштуруучу экинчи этаптын рейтинг баракчаларын текшерүүдөн өткөрүп, Конкурстук комиссиянын эң жогорку баллын алган катышуучуну конкурстун жеңүүчүсү катары аныктайт. (Гран-при – Чыныбай Турсунбеков атындагы премия). Калган катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.
    • Уюштуруучу, Төрага жана Конкурстук комиссия мүчөлөрү жеңүүчүнү тастыктаган конкурстун жыйынтыктоочу протоколун түзөт.
    • Жеңүүчүнүн аты-жөнү конкурстун жыйынтыгын жарыялоодо жана сыйлоо аземинде гана ачыкка чыгат.
  • Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо
    • Конкурстун жыйынтыгын жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Ысык-Көлдүн жээгинде «Акун Ысык-Көл» пансионатында өтүүчү поэзия фестивалынын алкагында өткөрүлөт.
    • Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү Чыныбай Турсунбеков атындагы премия менен сыйланат .
    • Конкурстук сыйлык фонду 200 000 сомду түзөт:
  • Чыныбай Турсунбеков атындагы премия – 100 000 сом;
  • Кызыктыруучу сыйлыктар -100 000сом:
  • “Жылдын ачылышы” номинациясы;
  • “Чыгармачыл тапкычтыгы жана өзгөчөлүгү үчүн” номинациясы;
  • “Мыкты дебют” номинациясы;
  • “Мыкты лирикалык ыр”номинациясы;
  • “Мыкты жарандык ыр” номинациясы;
  • “Мыкты сүйүү лирикасы” номинациясы;
  • “Теманы чагылдыруунун оригиналдуулугу” номинациясы;
  • “Көрүүчүлөрдүн тандоосу” номинациясы.
  • “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”
  • Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков атындагы премияны жеңип алган жаш акын Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө алынат.
  • Конкурстун финалисттерине дипломдор тапшырылат