Ризван Исмаилова: А.Ахматованын “Кой көз королу” котормочуларды эмнеге азгырат?

А.Ахматованын “Кой көз королу” котормочуларды эмнеге азгырат? Орус адабиятынын алтын доорунун өкүлдөрү: А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтов, Н.Гоголь, И.Тургенов, М.Салтыков-Шедрин, И.Крылов, А.Чехов, А.Гончаров, Ф.Достоевский, А.Грибоедов, Н.Карамзин жана башкалар адабият ааламына өздөрүнүн жамбыдай көркөм нарк сиңирилген көрктүү сарайларын тургузуп кетишкен. Орус адабиятынын күмүш доорунун ири өкүлдөрү да: Н.Гумилев, А.Ахматова, А.Блок, А.Белый, В.Брюсов, С.Есенин жана башка орус акын-жазуучулары символизмдин (өздөрүнөн мурунку улуу жана орто муундун) адабий аренадагы орду менен маанисин тереңдетип, жанр катары эсептештирди. Ал гана эмес, бир катар артыкчылыгы, табылгалары менен таң калтырып, алардын поэзиядагы өзгөчөлүгүн, кайталангыстыгын, алмашкыс ордун тастыкташкан. XX кылымдын башталышында орус толугу менен…..