Фернандо Рендон: Тынч жашоону каалаган эрк, бороон-чапкынды да жеңет.

Фернандо Рендон (Колумбия) Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) негиздөөчүлөрүнөн жана Координациялоо Комитетинин мүчөсү. Колумбиялык белгилүү акын. 20 ыр жыйнактын автору жана ырлары көптөгөн эл аралык антологияларга да жарыяланган. Белгилүү китептери: “Антитарых”, “Марс талаасындагы ыр”, “Башка Күндүн астында”, “Лосось мотивдери”, “Сонун суроо”, “Кызыл талдын ыры”, “Байыркы таш бетине жазылган келечек”. Чыгармалары дүйнөнүн 25 тилине которулган. Кытай, Бангладеш, Тажикстан, Вьетнам, Түштүк Африка, Египет, Италия, Румыния, Албания, Куба өлкөлөрүнүн эл аралык адабий сыйлыктарына ээ болгон акын. Ал негиздеп түптөгөн “Прометей” поэзия журналы Латын америкасында көп жылдардан бери чыгып келе жаткан эл аралык эң белгилүү толугу менен…..

Абдыжапар Эгембердиев: “Чоң атам көл өрөөнүнө белгилүү касиеттүү табып болгон”

Кыргыз Республикасынын эл акыны Абдыжапар Эгембердиев менен маек “Жылдызы жанып турган аялзаттарга ашык болдум…” -Абдыжапар Эгембердиев деген ысым “Тумарым” аттуу белгилүү ыр менен байланыштырылып жүрөт. Бул ыр кайсы курагыңызда жаралды эле, таржымалын айтып өтсөңүз? -Эрнест Хемингуэйдин “Өмүр бул өткөн күндөр эмес, эсте калган учурлар” деп айтканы бар эмеспи. Илгери биздин айылыбыз Токтояндагы мектеп сегиз жылдык эле. Сегизинчини бүткөн балдар тегеректеги жакыныраак мектептерге барып окуусун улантчу. Мен Каракол шаарындагы Киров атындагы мектептен окуп калдым. Классыбызда көбүнчө эле шаардык балдар экен. Алар менден кийген кийими, жүргөн-турганы менен айырмаланып турат. Мен айылдан келген толугу менен…..