Ризван Исмаилова: А.Ахматованын “Кой көз королу” котормочуларды эмнеге азгырат?

А.Ахматованын “Кой көз королу” котормочуларды эмнеге азгырат?

Орус адабиятынын алтын доорунун өкүлдөрү: А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтов, Н.Гоголь, И.Тургенов, М.Салтыков-Шедрин, И.Крылов, А.Чехов, А.Гончаров, Ф.Достоевский, А.Грибоедов, Н.Карамзин жана башкалар адабият ааламына өздөрүнүн жамбыдай көркөм нарк сиңирилген көрктүү сарайларын тургузуп кетишкен. Орус адабиятынын күмүш доорунун ири өкүлдөрү да: Н.Гумилев, А.Ахматова, А.Блок, А.Белый, В.Брюсов, С.Есенин жана башка орус акын-жазуучулары символизмдин (өздөрүнөн мурунку улуу жана орто муундун) адабий аренадагы орду менен маанисин тереңдетип, жанр катары эсептештирди. Ал гана эмес, бир катар артыкчылыгы, табылгалары менен таң калтырып, алардын поэзиядагы өзгөчөлүгүн, кайталангыстыгын, алмашкыс ордун тастыкташкан.

XX кылымдын башталышында орус адабиятындагы символизм поэзиядагы жаңы агым катарында адабий аренага дароо эле кире алган эмес. Өз мезгилинде күтүлбөгөн жана эч кимге окшобогон агымды жеригендер, сындаган, тааныгысы келбегендер четтен чыккан. Символика (символизм) кайдан чыккан? Анын тээ башында америкалык философтор, логик, математик, прагматика жана семиотиканын негиздөөчүлөрү Ч.У.Моррис менен Ч.С.Прис турат. Символисттер өздөрүнүн чыгармачылык платформасынын  негизине “символдун” теориясын киргизип, алардын ою боюнча поэзияга жасалган чыгармачылык изденүүдөн андагы чындыкты чагылдырууну көрүшкөн. “Символ в их поэзии – это выражение сверчувственной интуиции, которая является уделом лищь избранных и с помощью которой поэт может проникнуть в сущность мистифицированного мира” дейт, орус илимпоз-окумуштуулары [А.А.Волкова, Л.А.Смирнова. История русской литературы XX века. Москва. “Просвещение”, 1977, 264-бет].

Албетте, символист акындардын ичинен эң көрүнүктүүсү, атактуусу бул-Анна Ахматова. Анын китептери: “Вечер”– жыйнагы биринчи жана жалгыз уулу туулар алдында жарыкка чыккан. “Четки”– биринчи дүйнөлүк согуштун босогосунда, Белая стая”– революциянын оту тутанганда, болгондо да 1917-жылдын сентябрь айынын ортосунда, “Подорожник” (1921-жылдын апрелинде) – жеке турмушундагы чоң кайгынын жүз берерине жакын басмадан чыккан. 1921-жылы жайында бир тууганы, сүйүктүү агасы Андрей өзүнө-өзү кол салып, каза болгонун угат, август айында эң жакын санаалашы, сырдашы, чоң акын А.А.Блок, андан кийин өмүрлүк жолдошу Н.Гумилев (кутум уюштурууга катышкан деп, большевиктер тарабынан атылат) көз жумат. Последные месяцы я жила среди смертей. Погиб Коля, умер мой брат и … Блок. Не знаю, как смогла все это пережить” Анна Ахматова. [Столько просьб у любимой всегда.. Москва. 2017. 12-бет]

Ал эми 1921-жылдагы “Anno Domini” жыйнагы кайгынын китеби болду. Россияда жыйнактын жарык көрүшүнө Н.Гумилевдин атын атоого тыюу салынышы, басылманын толуктоолор менен чыккан жыйнагы 1922-жылы орус эмиграциянын борбору Берлинде басылып чыгышы авторго түйшүк артынан түйшүк, кайгы артынан кайгы алып келген. “В год ее первой гражданской смерти Анне Ахматовой было всего тридцать шесть лет, про тот земной срок, который ей ещё довелось прожить, она всегда говорила кратко и горько: после всего. Однако и эта-другая, подменная жизнь (мне подменили жизнь, в другое русло и по- другому потекла она…) была жизнью, и в ней были и любовь, и предательства, и муки немоты, и золотые дары поздней, но плодоносной осенью, и даже испытание славой. Но эта была горькая, горьчайшая слава, потому что все лучшие ее вещи на родине не печатались. Их привозили тайком из Мюнхена, Парижа, Нью-Йорка, их запоминали наизусть с голоса, переписывали от руки и на машинке, переплетали и дарили друзьям и любимым. Ахматова знала об этом и все ровно страдала…” [Анна Ахматова. Столько просьб у любимой всегда… Москва. 2017. 13-бет]

Поэзиянын сөз менен айтып жеткире алгыс кудурети, касиети бар. Аны көкүрөк менен сезип-туюш керек. Ошол касиет кайсы бир акындын ырларына, жазуучунун чыгармасына, театралдык драмаларга (У.Шекспир) кайра-кайра кайрылууга мажбурлайт. Көркөм которомодо да так ушул азгырык, так ушул жан дүйнө талабын аткаруу үчүн бир эле чыгармага бир нече авторлор кайра-кайра кайрылып, кайра-кайра которгондон тажабай келатышат. Мунун сыры эмнеде? Ахматованын ырынын өзөгүндө, ырдагы мифтик сыр, поэтикалык тереңдик, Музанын касиети жана алардын баарын муштумдай бириктирген символикалык ойлордун түйүнүндө жатат… Албетте, поэзиябы же кара сөзбү анын нарк-баасы, кудурет-касиети анын поэтикасында. Акыркы жылдары айрыкча Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки мезгилде социалдык тармактарда, мисалы: ФБ, инстаграмм, телеграммда кыргыз окурмандарынын айрыкча акындар: А.С.Пушкин, М.Лермонтов, Л.Н.Толстой, А.Ахматова, С.Есенин, А.Блоктун чыгармаларын которууга белсенгендер көбөйгөнү байкалат. Алардын арасында аты чыккан таанымал акындар, анчалык тааныла электери да бар, кыскасы, “Ахматова менен ооругандар” көп учурайт.

Акын А.Ахматованын шыгы, жазуу манерасы, стили, адабий табити  жөнүндө адабият сынчысы В.Жирмунский мындай деген; “… муза Ахматовой -уже не муза символизма. Восприняв словесное искуcство символической эпохи она приспособила его к выражению новых переживаний, вполне раздельных, конкретных, простых и земных. Если поэзия символизма в образе женщины отражение вечно-женственного, а стихи Акматовой говорят о неизменно-женском. Изчезло мистическое углубление, прозрение, просветление” [В.Жирмунский. Творчество Анны Ахматовой. Л. ”Наука”. 1973, стр 4]

Мындайча айтканда, Ахматова символизмдин жанынан кыйгап өткөн жок, аны таштаган да жок, анын адабий жемиштерин өздөштүрүп, ахматовага таандык стилди кайрадан иштеп чыгып, кеңейтип-байытып, жөпжөнөкөй тилдин жардамы менен ойдун көркөмдүгүн, жугумун-таасирин, улуулугун даңазалап берди. ФБ жарыяланган А.Ахматованын “Сероглазый король” деген ыры он үч жолу, он үч автор тарабынан кыргызчага которулду. Алар: А.Кожогулов, Т.Алымбеков, Б.Сарыгулова, Ж.Касаболотов, А.Абылкасымов, Абдысамат Сарала, Н.Кайрыев, Ш.Сулайманов, К.Аркабаев, А.Савай, А.Надырбекова, Д.Орозалиевдер которушкан. Алгач ырдын түп нускасын окуп  көрөлү;

Сероглазый король

Слава тебе, безысходная боль!

Умер вчера сероглазый король.

 

Вечер осенний был душен и ал,

Муж мой, вернувшись, спокойно сказал:

 

“Знаешь, с охоты его принесли,

Тело у старого дуба нашли.

 

Жаль королеву. Такой молодой!..

За ночь одну она стала седой”.

 

Трубку свою на камине нашел

И на работу ночную ушел.

 

Дочку мою я сейчас разбужу,

В серые глазки ее погляжу.

 

А за окном шелестят тополя:

“Нет на земле твоего короля…”

11 декабря 1910

Царское Село [Анна Ахматова. Примите это дар… М.1997. 43-бет]

Котормолордун баарын толук келтиргенге мүмкүн эместигин эске алып, айрымдарына гана кайрылууну туура таптык.

Кой көз король

Салам сага түпсүз арман, бүтпөгөн!..

Кой көз король өттү кечээ дүйнөдөн.

 

Күздүн кечи кызыл дагы, үп дагы….

Күйөөм келип, божурады укканын

 

“Ууга ажал айдаганбы үйүнөн?

Табышыптыр карт эмендин түбүнөн.

 

Калды өксүп ханыша – жаш колукту…

кара чачтар, бир түндө куу болуптур.”

 

деди дагы, мүштөгүн таап каминден

Түнкү ишине кетти, сиңип иңирге.

 

Ойготоюн, мемиреген карагым,

Кой көздөрүн кызымдын мен карайын.

 

Сыртта гана шуулдаган дарактар

“Королуңду эми издейсиң каяктан”.

Которгон: Абдысамат Сарала

 

Кой көз король

Сага даңк арман, жан-дүйнөм эзип бийлеген!

Кой көз король кечээ күнү, өттү ушул дүйнөдөн.

 

Думуктурган күздүн кечи, жарык болчу айлана,

Күйөөм сырттан келип эле, айтты муну жай гана:

 

“Билесиңби, аңчылыкка чыккан экен үйүнөн,

Сөөгүн таап алышыптыр карт эмендин түбүнөн.

 

Королева жапжаш эле! Азапка абдан батканы!

Бир түндө эле агарыптыр, бири калбай чачтары.”

 

Деди дагы, меш үстүнөн таап алып канжасын,

Адатынча түнкү ишине чыгып кетти ал бачым.

 

Бир мемиреп уктайт кызым, мен ойготуп алайын,

Кой көздөрүн көзүм талып, канганымча карайын.

 

Терезенин ар жагында терек шуулдап, термелет,

“Королуң жок, калдың эми” деп жатышат өңдөнөт.

Которгон: Т. Алымбеков.

Эки котормо тең бир окуганыңызда саптары куюлушуп, тексттин мааниси сакталган, ыр өлчөмдөрү салттуу ырлардай кынтыксыз, строфа менен ритми тегиз, окуганга жеңил, уйкаштыгы жактан бир аз эле аксабаса (“сиңип иңирге”, “бири калбай чачтары” ж.б), которулгандай  сезилет. Бирок түп нускада муун өлчөмү, көтөрүңкү сезимди билдирген (Т.Алымбеков) пафостуу “Королева жапжаш эле! Азапка абдан батканы!”, ойду кенен-чонон  жайып берген сүйлөмдөр жок. Эң акыркы куплеттеги саптын мааниси эки акында тең түп нускага жакын оодарылган.

Акыркы убактарда социалдык тармактарда таланттуу котормочу катары таанылган акынга назар таштайлы.

Кой көздүү хан

Өксүп, ташты жарат жаныбыз!

Өлдү кечээ кой көз ханыбыз.

 

Күздүн кечи кактап дүйнөнү

Күйөөм келип, шашпай сүйлөдү:

 

“Жаңы эле ууга чыккан чагында,

Жатат картаң бактын жанында.

 

Жаш кетти да. Байкуш каныша!

Чачы агарды таңга жарыша”.

 

Камин жактан таап мүштөгүн,

Кайра кетти түнгө иштеген.

 

Кой, кызымды азыр ойготуп,

Кой көздөрүн карайм ойнотуп.

 

Короо жактан терек шуудурап

Кой көз каның жок…” деп буулугат.

Которгон: Ж.Касаболотов

Ж.Касаболотов ырды (“кой көз ханыбыз”, “кой, кызымды азыр ойготуп” “короо жактан…”) турган турпаты менен кыргызга мүнөздүү табит менен которгонго аракеттенген. Муун өлчөмү, тексттин эстетикалык маанайы да, ойдун ширелиши да түп нускага жакын. Жогоруда белгилегендей (кара менен терилгендер), чакан саптардагы сөз айкалышынын кайра-кайра кайталанышы ырдын көркөмдүк деңгээлин көтөрө алган эмес. Ж.Касаболотов автордун күйүтүн, сезимин, маанайын, ырдын мазмуну менен ритмин, угут жана квинтэссенциясын туура баамдаган, ошондуктан котормосу баарынан жеткиликтүү болгон, ырдын аягына чукул саптагы «Кой көздөрүн карайм ойнотуп” дегени гана ишенимсиздей жана түп нускасына жакындабайт. Эмне үчүн? Эне ал жашаган дүйнөгө түркүк болуп жүргөн жаангерди-падашынын капылет өлгөнүн, аны уккан аялы (эртеңин да, өмүрлүк жарын да) бир түндө кемпирдей болуп калганын угуп, уктап жаткан кызын эмне үчүн ойготту? Күйөөсү түнкү жумушуна кетер замат. Наристесинин амандыгын ичтен тилеп, анын болочогу жакшы болобу деп, санаа басып ойготту да. Ошого кызынын көзүнө жалбарып кароо үчүн ойготобу, же бооруна кысып амандыгын тилөө үчүнбү? Албетте, ойнотуу үчүн эмес…

Анна Ахматованын ушул ыры өтө популярдуулугу, окурманды, айрыкча поэзия күйөрмандарын магниттей тарткан табышмактуу жана өтө сырдуулугу менен азгырып, ушул кезге чейин талаш-тартыштын аягына чекит коюлбай келет. Орустун көрүнүктүү акын кызы М.Цветаева Ахматованы “Бүткүл Русстун Аннасы” (“Анной Всея Руси” ) деп атаса, дагы эки аты: “Муза Плача”, “Царскосельская Муза” деген поэтикалуу аты менен даңазаланып келет. Орус адабиятынын улуу акын кызынын ушул ыры жөнүндөгү ой-пикирлердин жөндүүсү, реалдуураагы, алардын өмүр тагдырына окшошуп кеткен жагын иликтеген биздин оюбузча бирин-экин болду.

Аннанын өмүрлүк жолдошу Н.Гумилев да кезегинде аты тез таанылган, окурмандардын бүйрөсүн кызыткан, жаңыча ойлонуп, жаңыча стилде жазган жаш акындардын бири болгон. Анын “Охота” деген ыры менен Аннанын  “Сероглазый король” деген ырын салыштырып, тарыхын иликтеп, экөөнүн окшош жана окшош эмес жактарын, айырмачылыгын илимий негизде караган Т.М.Николаевдин “Смерть властелина на охоте” [Анна Ахматова и русская  культура начала XX века. Тезисы конференции, Москва. 1989. 55-57-беттер ] деген макаласы бар.

Автор Ахматованын ырын Гумилевдин ырына реплика катары жазылганын, экөө баш кошконго чейин жазылып, 1910-жылы биринчи жолу “Охота” “Жемчуг” деген журналга басылган. Гумилев жаш кезинен эле баллада жанрын жакшы көрүп, ырларын ошол стилде жазганга кызыккан. Таң каларлык нерсе, Гумилев өзүнүн өлүмүн алдын-ала сезгендей болуп, сар-санаага батып, дайыма кыжаалат боло берчү экен. Анна күйөөсү атылып кеткенден кийин анын ырына окшотуп, жакындаштырып, бирок мазмунун өтө табышмактуу, өтө сырдуу кылып, мистикалуу ой толгоо менен ширелткен. Сөздөрү жөнөкөй, эч кандай эмоциясыз, эч кандай көркөм сөз каражаттарсыз болгону менен ырдын турпаты окуяны, бир эпизодду, өмүрдүн бир учурун камтыйт.

“Охота”  деген ырдын текстинде царь, король аңчылыкка барганда, ошол токойдо жашаган  жергиликтүү бирөө (фин) атып өлтүрүп коёт. Эки ырда тең царь, король деген сөздөр колдонулган.

1/ Гибнущий охотник-князь, властелин, царь по автографу ИМЛИ [Гумилев]: король [Ахматова].

2/ Трагедия происходит на охоте-Охота: гроза охотничьих добыч [Гумилев]: с охоты его принесли [Ахматова].

3/ Ключевое время сообщения-алый вечер: Но вечер ал, и князь устал [Гумилев]: осенный был душен и ал [Ахматова].

4/ Во фргаменте с вечером у обоих поэтов совпадает также фонетико-грамматическая структура мужских римф: ал-устал-задремал [Гумилев]; ал-сказал [Ахматова].

«Охота» деген  ырда король аңчылык кылып жүргөн жеринде өлтүрүлгөнү, жергиликтүү фин атып өлтүргөнү жазылса, Ахматовада королдун сөөгүн алып келди деген жерлери окшошот. Окуянын жүз бергени Ахматовада эрте күздө болсо, Гумилевде кеч күздө болгону, экөөнүн мезгил, убакытты берүүдө айырмачылыгы байкалат. Жапжаш королеванын бир түндө эле чачы куудай агарды деген саптары акындын өзүнүн жеке кайгысынын изи эмеспи. Так ушул куплет ырдын өзөгүн, кан тамырындагы аортасын кармап турат…

Бул ырды басманын ээси С.К.Маковский “Апполон” деген журналга басып чыгарткан. А.Ахматованын чыгармачылыгы башталган мезгилде жазылганына карабастан, лирикалуу маанайы, аял дүйнөсүнүн назик, кыялкеч, сырдуу сезиминин кылдарын черткендей аярлуулугу, окуган сайын башкача бир кырлары ачылгандай, окуган сайын тойбой, моокумуң канбай, эстетикалык кандайдыр бир табышмактуу таасирине арбалып, магниттей тартыла бересиң. Ырдын лирикалык каарманы көмүскөдө, белгисиз. Акын Аннанын “королуна” айлана-тегерегиндеги жакын адамдары, тааныштары, акын-жазуучулардын (О.Мендельштам, Б.Пастернак, Л.Гумилев, Н.Харджиев ж.б) ичинен да кимдир бирөөгө окшоштурганга болбойт. Адабият сынчыларынын, ахматова таануучулардын  пикирине караганда, “Сероглазый король” бул- акындын ойдон чыгарган поэтикалык каарманы, поэтикалык табышмагы дешкени да туура эмес, анткени акындар кыялкеч, фантазиячыл болушат.

Эгерде А.Ахматова турмушунда муң-кайгыны, ички жан дүйнөсүн жабыр тарттырган армандуу тагдырынын азабын көп тартпаганда, ушундай түйшөлүүгө, кайгыга толгон ырлар жазылат беле? “Жаль королеву. Такой молодой!.. За ночь одну она стала седой”. “Калды өксүп ханыша – колукту… Кара чачтар, бир түндө куу болуптур”(А.С); “Байкушум Королева, жапжаш неме, Карыптыр ак чач болуп бир түндө эле» (Н.Кайрыев). “Канышага убал болду. Жаш жубай! Бир түндө эле болуп калды чач куудай” (Б.Сарыгулова), “Жаш эле да, Аялына бооруң ооруйт. Чачтары бир түндө эле куудай болду” (А.Надырбекова), “Боор ооруйт канышага. Жапжаш неме!.. Чачтары агарыптыр бир түндө эле”(А.Абылкасымов) жана башка котормочулардын саптарында ханышага боор тартуу, бөтөн кайгыны өздөй кабылдоо сезими чагылдырылган. Бул жакшы.

Биздин айтайын дегенибиз, котормодо ырдын жаралыш тагдыр-тарыхы, ошол кездин атмосферасы, коомдук шарты, авторго тике же кыйыр байланышы, калемгерлердин чыгармачылыгынын хронологиясына маани берүүнүн, кайсы доорго же мезгилге таандык экенин так аныктап билүүнүн  мааниси чоң.

Караңыз, Ахматованын белгилүү ырын үч акын үч түрдүү которду. Башкалардын котормосу да бири-бириникине окшошпойт. Алар өздөрүнөн мурда которулгандарды окуду, таасирленди, ошентсе да которгусу келип, колго алды. Мунун өзү түп нусканын көркөм энергетикасынан…

Символисттердин поэзиясында Чыгыштын поэзиясынын аурасы, боёогу, жыты жана даамы даана сезилип турат. Чыгыш акындары төбүлүктүү тема: өмүр менен өлүм, жашоо менен сүйүүнүн философиялык маанисин биринчилерден болуп ырдаган. Кезегинде Батыш Европага Чыгыштын, Индиянын таасири чоң болгон. XII кылымда Чыгыш поэзиясынын Чолпон жылдызы Саадинин “Гүлстаны” латын тилине которулуп, бүткүл европалыктарды тамшандырган. Ал гана эмес, Шиллер, Гетё, Гейненин ырларында Пушкиндин жомок, поэмаларында иран, араб жана түрк элдеринин поэзиясынын үлгүлөрү, таасирлери, усулдары, табылгалары ачык байкалат.

Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти

2023-жылдын февраль айы