Котормо жанрында Узакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгы жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун көркөм котормо жанры боюнча Узакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгы жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун көркөм которможанрында Узакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгы көркөм адабиятыбыздын өсүп – өнүгүшүнө салым кошкон мыкты котормочуларга ыйгарылат. Аталгансыйлыкка мамлекеттик мекемелер, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат жана жеке автор да сыйлыкты изденип алууга эмгектерин көрсөтүүгө укуктуу. Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө соңку жылдардагы которулган көркөм чыгармаларжана өзүнчө китеп болуп жарык көргөн эмгектер сунушталат. Сыйлык ыйгарылган котормочугаУзакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылып, күбөлүк, Узакбай Абдукаимовдун элеси түшүрүлгөн төш белги жана 100 000 (жүз миң) сом тапшырылат. толугу менен…..

Рати Саксена: Жөргөмүштүн эстетикасы

Рати Саксена (Индия) Дүйнөлүк поэтикалык кыймылдын (WPM) Азия континенти боюнча координатору. Рати Саксена – индиялык белгилүү акын, котормочу жана редактор, веда адабияты менен байыркы адабияттын академиялык изилдөөчүсү. Керала штатында жашап, хинди тилинде 5, англис тилинде 4 ыр жыйнагы чыккан. 20 чакты котормо китептери жарык көргөн. Чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн белгилүү тилдерине которулган. 35тен ашык Эл аралык фестивалдарга катышкан. Жакынкы жылда чыккан эң маанилүү китеби: “Муштум жазылганда” – байыртан берки поэтикалык терапияны азыркы учурда жана келечекте кантип колдонуу керектигин талкуулайт. Бир нече абройлуу сыйлыктардын ээси. Критьяда эки тилдүү журнал ачкан, Критья поэтикалык фестивалынын жана Дүйнөлүк поэтикалык кыймылдын Азия боюнча жетекчиси. Жөргөмүштүн эстетикасы толугу менен…..