Котормо жанрында Узакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгы жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун көркөм котормо жанры боюнча Узакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгы жөнүндө

ЖОБО

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун көркөм которможанрында Узакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгы көркөм адабиятыбыздын өсүп – өнүгүшүнө салым кошкон мыкты котормочуларга ыйгарылат.
  2. Аталгансыйлыкка мамлекеттик мекемелер, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат жана жеке автор да сыйлыкты изденип алууга эмгектерин көрсөтүүгө укуктуу.
  3. Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө соңку жылдардагы которулган көркөм чыгармаларжана өзүнчө китеп болуп жарык көргөн эмгектер сунушталат.
  4. Сыйлык ыйгарылган котормочугаУзакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылып, күбөлүк, Узакбай Абдукаимовдун элеси түшүрүлгөн төш белги жана 100 000 (жүз миң) сом тапшырылат.
  5. Сыйлык Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан эки жылда бир жолу ыйгарылат жана салтанаттуу тапшырылат.
  6. Адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы адабиятчылардын, котормочулардынкурамынан түзүлүп, сыйлыкка көрсөтүлгөн эмгектерди Жобого ылайык кабыл алуу, тандоо иштерин жүргүзөт.
  7. Комиссиянын курамы жети кишиден түзүлүп, тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун Президиуму тарабынан бекитилет.
  8. Комиссиянын төрагасы комиссиянын жүргүзө турган жалпы иштерин жетекчиликке алат.
  9. Комиссия өз ишин комиссиянын толук курамы менен жыйын өткөрүп, жыйындын чечимин кабыл алат. Комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат.
  10. Комиссиянын мүчөлөрү өзүн сыйлыкка талапкер катары көрсөтүүгө укуктуу. Сыйлыкты изденип алууга комиссия мүчөсүнүн эмгеги көрсөтүлсө, анда ал кароого жана макулдашууга комиссия мүчөсү катарында катышпайт.
  11. Адабий сыйлыкка материалдарды көрсөтүүнүн, кабыл алуунун мөөнөттөрү, шарттары Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан белгиленип adabiyat.kg сайтына, мезгилдүү басма сөздөргө, социалдык тармактарга жарыяланат.

Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:

– Талапкерге мурда бул котормолору үчүн сыйлыктар ыйгарылган болсо.

– Комиссия тарабынан мурда каралып колдоого ээ болбогон котормолорго.

  1. Адабий сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө комиссиянын чечимине комиссиянын төрагасы, катчысы жана комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун секретариатына жөнөтүлөт.
  2. Сунуштар 2023-жылдын 1-ноябрына чейин кабыл алынат.
  3. Сыйлыктар 2023-жылдын декабрь айында тапшырылат.

15.Сунуштарды төмөнкү дарекке алып келүү керек:

Бишкек шаары, Эркиндик бул. 54, КР Улуттук жазуучулар союзу,

Байланыш телефону: 0312 62 39 24

P/S Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун көркөм котормо жанры боюнча Узакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгы “Достук-Багыш айыл ынтымагы” коомдук бирикмеси тарабынан каржыланууда.