
Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл акыны Вячеслав Шаповалов 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Акын, котормочу, адабиятчы Шаповалов Вячеслав Иванович Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында 1947-жылы 28-октябрда туулган. 1971-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1975-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун орус адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасында стажер-изилдөөчү, 1976-1979-жж. анын аспиранты болгон. Филология илимдеринин доктору. Профессор. Эмгек жолун 1971-жылы Пржевальск пединститутунун окутуучусу болуп иштөө менен баштаган. 1979-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун орус адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, 1982-жылдан кафедранын доценти, КМУУнун илим жана жаңы технологиялар боюнча проректору толугу менен…..