КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз

Урматтуу калемдештер, Урматтуу замандаштар, Жалпыңыздарды КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Кыргызстан өз алдынча өлкө, эгемендүү эркин мамлекет болгондон бери көп кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, көз карандысыздыгын сактап, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келе жатат. Ар тараптан алдыңкы өлкөлөрдүн катарын толуктоо мүмкүнчүлүктөрү бизде арбын жана акырындан ал жолду басып келе жатканыбыз бизге маалым. Соңку жылдары баатыр жүрөк эр-азаматтарыбыз, балбан кыздарыбыз спортто ийгилик жаратып, дүйнөнү таң калтырып, желегибизди желбиретип, элибиздин намысын колдон түшүрбөй коргоп келатат. Мамлекеттин камкордукка алуусу аларга дем берип, талыкпаган аракеттин натыйжасында ак эмгектин акыбети кайтып, жеңиш артынан жеңиш жаратууда. толугу менен…..