КР Эл акыны Вячеслав Шаповалов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Вячеслав Шаповалов 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Акын, котормочу, адабиятчы Шаповалов Вячеслав Иванович Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында 1947-жылы 28-октябрда туулган. 1971-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1975-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун орус адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасында стажер-изилдөөчү, 1976-1979-жж. анын аспиранты болгон. Филология илимдеринин доктору. Профессор.

Эмгек жолун 1971-жылы Пржевальск пединститутунун окутуучусу болуп иштөө менен баштаган. 1979-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун орус адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, 1982-жылдан кафедранын доценти, КМУУнун илим жана жаңы технологиялар боюнча проректору болуп эмгектенген.

Ырлары 1964-жылдан тарта жарыялана баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы “Купол неба” деген ат менен 1976-жылы басылып чыккан. В.И.Шаповаловдун ырлары АКШда, Латын Америкасында, Францияда, Германияда, Түркияда, Югославияда, Болгарияда жарыяланып, кыргыз, казак, украин ж.б. тилдерге которулган.

Орус тилине кыргызча 40тан ашык китептери – Токтогулдун, Калыгулдун, К.Тыныстановдун, А.Токомбаевдин, А.Осмоновдун, Т.Үмөталиевдин, С.Эралиевдин ж.б. акын-жазуучулардын чыгармаларын жана француз, англис, испан, македон, болгар, украин, казак, осетин поэзияларын которгон.

Окумуштуу, жазуучу, коомдук саясий ишмер, котормочу жана кыргыз адабиятынын пропагандисти катары 2001-жылы кыргыз адабиятына кошкон зор салымы үчүн “Данакер” ордени менен сыйланган. 1984-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

В.И.Шаповаловго Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны ардак наамдары берилген. ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы Улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары (1999), КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мүчөсү (1998), Эл аралык илимдер, билим берүү, индустрия жана маданият академиясынын анык мүчөсү (АКШ, 1995), Борбордук Азия адабияты академиясынын академиги (2001), Котормочулардын эл аралык федерациясынын мүчө-корреспонденти (1988), Шериктештик жазуучулар союзунун (КМШ) көркөм котормо боюнча кеңешинин мүчөсү (1985) болгон.

ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын ээси.

КР Эл акыны, котормочу, адабиятчы Вячеслав Шаповаловдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, жакындарына, үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

КРУЖС Башкармалыгы