Дүйшеке Дөкөнбаев: Сүрөт (аңгеме)

Сүрөт Аңгеме Күйөөсүнүн бул сүрөткө качан, кандайча жалгыз түшкөнү келиндин эми эсинде жок, кантсе да өлөөрүнө жакын жылдары (автокырсык деген кийинки мезгилдерде көнүмүш көрүнүшкө айланып калбадыбы, балээ баскырдыкы) жай айларында, аптап күндөрдүн биринде түшкөнү көрүнүп турат – көйнөгүнүн жакасы жалжайып ачык, моюн-башын тер баскан. Жанда жок шашма эле го шоруң каткыр, чачтары да текши таралбай эки-үч талы чок төбөсүндө сербейет. Жакаларын да түзүктөп оңдоп албаптыр. Атайылап сүрөткө түшүп жаткандан кийин эч болбогондо мойнун кургата сүрүп алса эмне, майлап алгансып жылтыратпай. Келин жука эриндерин жымыра тартып секин тиштеген болду – бир толугу менен…..