“5 акын” теледолбоорунун 3-көрсөтүүсү жыйынтыкталды

Түрк тилдүү элдердин “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму, КР Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип өткөрүп жаткан “5 акын” теледолбоорунун үчүнчү айлампасы соңуна чыкты. Бул жолку катышуучулар Манас Алымбаев, Алиман Абдыкеримова, Жыргалбек Алымжан уулу, Максуда Ормонова, Жыпара Арыковалар болушту. Бардык акындардын даярдыгы мыкты болуп, активдүү катышкандыктан, жеңүүчүнү аныктоо кыйынчылык жаратты. Калыстар тобу ар бир акын жазган ырлары боюнча бири-биринен айырмаланган, оригиналдуу таланттар экендигин баса белгилешип, жыйынтыгында Жыпара Арыкова жеңүүчү болду. “5 акын” теледолбоорунун үчүнчү жеңүүчүсү болгон Ж.Арыкованы чын дилден куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.  

Жанара Мамадалиева: Билген жанга бакыт ушул өмүрдө, Балам – шаарым, балам болуп майрамым 

Акын жана тележурналист Жанара Мамадалиева мындан 15 жыл мурда жарык көргөн алгачкы ыр жыйнагы менен поэзиянын эшигин батыл ачып, таланттуу калемгер катары таанылган. Анын ырларында аялдык ички табиятына жакын кыялкеч дүйнөсү, турмушту эстетикалык кабылдоосу, лирикалык санаркоолору окурманды кайдыгер калтырбайт. Жанаранын поэтикалык көркөмдүгү жогору жана чынчыл поэзиясында акыркы жылдары  эне-бала, үй-бүлө, жашоонун ак-карасы жөнүндө тема басымдуулук кылууда. Дүйнөнү аялдын көзү менен караган акындын басмырт, ошол эле учурда мааниси терең ырларынан сунуштайбыз. Атама (атам Маманга арноо) Сенин барың кандай жакшы, атаке, Сен мен үчүн дүйнөдөгү жакшы адам. Жүрөгүңө мээримге мол Күн түнөп, толугу менен…..

“Беш акын” теледолбоорунун экинчи жеңүүчүсү аныкталды

КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан уюштурулган “5 акын” теледолбоорунун 2-көрсөтүүсү жыйынтыкталды. Долбоорго катышкан беш акындын ичинен калыстар тобунун чечими менен акын, журналист Атахан Кожогулов жеңүүчү болду. Катышуучуларга беш талап коюлган: 1. Эки ырын көркөм окуп берүү, 2. Автордун калемине таандык обондуу ыр аткаруу, 3. Түрк тилдүү элдердин акындарынын биринин ырын тапшырма боюнча которуп келүү, 4. акындыктан тышкары таланты менен тааныштыруу, 5. КРУЖС тарабынан даярдалган суроолорго жооп берүү жана эч жерде жарыяланбаган жаңы ырын окуу. Бул жолку көрсөтүүдө толугу менен…..