Э.Эрматов атындагы III республикалык фестиваль Талас шаарында өтөт

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгына карата жаш калемгерлердин Э.Эрматов атындагы республикалык III фестивалы Талас шаарында өтөт. Фестивалга катышуучуларды калыстар курамы конкурстук негизде тандап алат. Аталган фестиваль “Э.Эрматов” атындагы коомдук фонду тарабынан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун колдоосу менен 2017-жылдан бери эки жылда бир уюштурулуп келет.

“5 акын” теледолбооруна жандуу күйөрман болуңуздар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорунун экинчи көсөтүүсүн эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун бул жолку кечесине акындар – Атахан Кожогулов, Нуркан Койчуманова, Мейликан Тайполотова, Абдижалил Бетегеев жана Динар Мамбетакунова катышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 11-майында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

Улуу Жеңиш майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калемдештер! Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилден куттуктайбыз. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим! Урматтуу биздин баатыр аталар, энелер, силер согушта кыпкызыл өрт кечип, кан кечип жүргөн талаалар эрдигиңердин аркасында бүгүн кыпкызыл гүлгө оронуп турат. Гүл заманды тартуулаган силер менен чексиз сыймыктанабыз! Сиздер баатырдык, эр жүрөктүүлүк, кайратмандык менен алып берген жеңишти кийинки муунга сыймыктануу менен айта жүрүү биздин башкы милдетибиз. Ар дайым жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, андай алаамат согуш эч качан кайталанбасын. Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, дүйнө толугу менен…..