Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы уюштурулду

Прозаиктерди колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунда Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлык уюштурулду. Адабий сыйлыктын Жобосу менен таанышып алыңыздар.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы жөнүндө

ЖОБО

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун адабият жаатындагы Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы улуттук адабияттын өсүп – өнүгүшүнө өзгөчө салым киргизген эстетикалык жана тарбиялык таасири бар, кеңири коомдук таанууга ээ болгон мыкты прозалык чыгармасы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.
  2. Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыкка Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, маданият бирикмелери, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат жана жеке автор да сыйлыкты изденип алууга прозалык чыгармаларын көрсөтүүгө укуктуу.
  3. Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө акыркы эки жылдын ичинде китеп болуп жарык көргөн прозалык чыгармалар сунушталат.
  4. Адабий сыйлык ыйгарылган жазуучуга Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты наамы жана күбөлүк, Мукай Элебаевдин элеси түшүрүлгөн төш белги, акчалай сыйлык тапшырылат.
  5. Адабий сыйлык Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан эки жылда бир жолу ыйгарылат.
  6. Адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы жазуучулардын, адабиятчылардын, адабий сынчылардын курамынан түзүлүп, сыйлыкка көрсөтүлгөн адабий чыгармаларды Жобого ылайык кабыл алуу, талдоо, тандоо иштерин жүргүзөт.
  7. Комиссиянын курамы жети кишиден түзүлүп, тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун президиуму тарабынан бекитилет.
  8. Комиссиянын төрагасы комиссиянын жүргүзө турган жалпы иштерин жетекчиликке алат.
  9. Комиссия өз ишин комиссиянын толук курамы менен жыйын өткөрүп, жыйындын чечимин кабыл алат. Комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат.
  10. Комиссиянын мүчөлөрү өзүн сыйлыкка талапкер катары көрсөтүүгө укуксуз.
  11. Адабий сыйлыкка чыгармаларды көрсөтүүнүн, кабыл алуунун мөөнөттөрү, шарттары Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан белгиленип мезгилдүү басма сөздөргө, социалдык тармактарга, сайттарга жарыяланат.
  12. Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:

-Талапкерге мурда бул чыгармасы үчүн ар кандай сыйлыктар ыйгарылган болсо.

-Комиссия тарабынан мурда каралып (кайра басылган) колдоого ээ болбогон адабий чыгарма.

-Чыгарма 1000 (миң) нускадан кем болбошу керек.

  1. Адабий сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө комиссиянын чечимине комиссиянын төрагасы, катчысы жана комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлуп Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун секретариатына жөнөтүлөт.
  2. Сунуштар жарыяланган күндөн тартып 2023-жылдын 1-февралына чейин кабыл алынат.
  3. Сыйлыкты ыйгаруу 2023-жылдын 21-март күнү Нооруз майрамына карата өтөт.
  4. Сунуштарды төмөнкү дарекке алып келип тапшырасыздар:

Бишкек ш., Эркиндик бул. 54, КР Улуттук жазуучулар союзу.

Байланыш тел.: 0312 62 39 24, 0703 72 58 58