“Ыр өмүр” аттуу поэзия-муза кечеси өтөт

Урматтуу ыр ышкыбоздору, сиздер үчүн жагымдуу жарыя!

КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору жана “Сонун го” китеп дүкөнү 14-май күнү саат 18:30да Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Ыр-өмүр” аттуу поэзия-муза кечесин өткөрөт. Кечеде КР Эл акындары С.Акматбекова, К.Бакиров, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Ж.Исабаева, Р.Исаков, КР Өкмөтүнүн Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты А.Исмаилов, Н.Өмүрбаева, Б.Келдибаев, КР Өкмөтүнүн Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты М.Жангазиев, М.Жумадилова, С.Турдубек уулу, Б.Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Б.Нурлан кызы жана А.Кудайберди кызы ыр окуйт. Кечени “Жаңы толкун” адабий клубу менен “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун таланттары, белгилүү ырчылар коштойт.

“Ыр өмүр” аттуу поэзия-муза кеченин билет баасы 500 сом. Бир билетке бир китеп белек берилет.

Поэзия-муза кече болор алдында китеп ярмарка, сиз каалаган акын-жазуучу менен сүрөткө түшүп алуу үчүн атайын фотозона уюштурулат.

Сиздер сүйгөн акындар бир сахнада. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербеңиздер!