Акбар Рыскулов менен Улыкбек Есдаулетовдун достук кечеси өтөт

Жакшы кабар, жагымдуу жарыя

14-апрель күнү саат 10.00дө Улуттук каналдын концерттик студиясында Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Акбар Рыскулов менен Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, Казакстан Республикасынын Абай атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Улыкбек Есдаулетовдун достугуна арналган “Эгиз элдин эки акыны” аттуу эл аралык адабий-музыкалуу кече өтөт.

Салтанатты Кыргызстан менен Казакстандын атак-даңктуу ырчы-чоорчулары, калемгерлери коштойт.

Сиздерди Акбар Рыскулов менен Улыкбек Есдаулетовдун достук кечесинен күтөбүз. Кирүү акысыз.