Максуда Ормонованын “Ташка да керек эркиндик” аттуу китебинин бет ачары болду

2021-жылдын 20-февралында акын, жазуучу Максуда Ормонованын “Ташка да керек эркиндик” аттуу китебинин бет ачары болду. Иш-чарага КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл акындары Н.Жаркынбаев, М.Мамазаирова, Т.Закирова, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков, КР Эл артисти С.Садыкова, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Т.Нурманбетов, Г.Шакирова, К.Сыдыкова, А.Сариев, Ж.Саалаев, Б.Максутов, А.Эгембердиева, Б.Арстанбекова ж.б. акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты. Китепте 1916-жылкы Үркүндө Кытайды көздөй качып, ашууда калган бир үй-бүлөнүн көргөн турмушу чагылдырылат. Ач-жылаңач балдарын ажалдын чеңгээлинен аман алып калуу үчүн кара жанын карч урган эненин образы сүрөттөлгөн бул китеп М.Ормонованын прозадагы алгачкы ийгилиги. Автор буга чейин толугу менен…..

М.Ааматов “Ала-Тоо” журналына башкы редактор болду

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Маркабай Ааматов кыргыз жазуучуларынын  “Ала-Тоо” көркөм адабий журналынын башкы редактору болуп дайындалды. Буйрукка “Турар” басмасынын директору М.Мураталиев кол койду. Урматтуу Маркабай Ааматович, сизди акын-жазуучулардын адабий журналына башкы редактор болушуңуз менен куттуктайбыз! Ишиңизге ийгилик, чыгармачылык жигер, бекем ден-соолук каалайбыз. КРУЖС Башкармалыгы

Куттуктайбыз

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Кайрат Иманалиевди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болушу менен куттуктайбыз. Урматтуу Кайрат Олжобаевич, сиз узак жылдар бою жан дүйнөнүн азыгы, руханий казынабыз болгон Кыргыз радиосунда эмгектенип, жетекчилик кызматты аркалап бардык чыгармачыл инсандар менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келдиңиз. Азыр өзүңүз жетекчилик кылып турган министрликте орун басар болуп, өнөр адамдарынын түйшүгүн, ийгилигин, көйгөйүн жакындан билип, иштедиңиз. Сизге тагылган милдетти жоопкерчилик менен алып кете аларыңызга терең ишенебиз. Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалайбыз. КРУЖС Башкармалыгы

“5 акын” долбоору кайрадан уланат

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “5 акын” долбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. Бул боюнча бүгүн төрага Н.Калыбеков, Кыргызстандын “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмундагы өкүлү К.Култегин, КТРК Башкы директору Б.Алиевдер жолугуп сүйлөштү жана долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча түзүлгөн үч тараптуу келишимге кол коюшту. Буга чейин 2 ирет өткөрүлүп, көрөрмандардын купулуна толгон долбоор жакынкы аралыкта кайрадан жанданат.

Төрага Н.Калыбеков Азербайжан элчиси Г.Оруджев менен жолукту

КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-азербайжан акын-жазуучуларынын чыгармачылык алакасы тууралуу маектешти. Муну менен катар эле кыргыз акындары которгон Лейла Алиеванын китебинин бет ачарын март айынын башында Бишкекте өткөрүү боюнча талкуу болду. Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин кызы Лейла Алиеванын ырларын КР Эл акыны О.Султанов, А.Эгембердиева, А.Темировалар которгон жана 2020-жылы “Кудайдын үнүн уккум келет” деген ат менен жарык көргөн.

Ганира Пашаева кыргыз акындарына ыраазычылык билдирди

Азербайжан Республикасынын Мили Межилисинин депутаты, Маданият комитетинин төрайымы Ганира Пашаева КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековго, жаш акын кыздар К.Жакыпова менен Ч.Орозалиевага ыраазычылык катын жолдоду. Ал катта Азербайжан калкынын Ата-Мекендик согушу учурунда (27.09 – 10.11.2020) маалыматтык жана моралдык колдоо көрсөткөндүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздер ар дайым Азербайжан жана түрк элдери менен болгон алаканы бекемдеп, маданий жаатта байланышты өнүктүрүүдө өз салымыңыздарды кошуп келесиздер. Сиздерге изги тилектеримди билдирүү менен, ысык салам жолдоп, ыраазычылык билдирем деп жазылган.   Урматтуу Ганира айым, Сиздин жөнөткөн ыраазычылык катыңызды кабыл алдык. Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын акын-жазуучуларынын толугу менен…..

КР Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында көз жумду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында көз жумду. Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин М.Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт. Эмгек жолун “Кыргызстан пионери” гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясында, 1959–1960-жж. “Ала-Тоо” журналынын редакциясында эмгектенген. Анын ырлары “Кыргызстан маданияты”, “Эркинтoo” ж.б. гезит беттеринде жарыяланган. Акын ак ырды киргизүү менен толугу менен…..

Мигранттар поэзиясынын антологиясы жарык көрдү

Мигранттар поэзиясынын антологиясы жарык көрдү. Филология илимдеринин доктору, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору, акын, КРУЖС поэзия секциясынын башчысы Аида Эгембердиева жана акын, КРУЖС мүчөсү Зарыл Өмүралиева түзүп чыккан бул китепке АКШ, Түркия, Италия, Россия мамлекеттеринде жашап, иштеп жүргөн кыргыз акындарынын ар кыл темадагы ырлары киргизилген. Авторлордун ата-мекенине, эл-жерине болгон сүйүүсү, кусалыгы камтылган ырлары басымдуу болгон китеп – адам баласынын киндик каны тамган жеринин кадыры канчалык бийик экендигин даңазалап турат. Андыктан, китеп сүйүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун алат деген ишеничтебиз. Жалпы окурмандарга арналган антология КР Улуттук жазуучулар союзу, И.Арабаев атындагы КМУнун тил жана маданият толугу менен…..

“Жылдын мыкты китеби” сынагы жыйынтыкталды

КРнын Улуттук жазуучулар союзу менен Ч.Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форуму биргелешип уюштурган “Жылдын мыкты китеби” сынагынын жыйынтыгы чыгып, сыйлыктары тапшырылды. КРУЖС алдында түзүлгөн комиссиянын чечими менен “Мурас” сериясы боюнча Бакытбек Абдыразаковдун “Чоң бакыт” поэтикалык китеби, “Жаштар” сериясы боюнча Садырбек Турдубек уулунун “Поэзийант” поэтикалык китеби, “Котормо” сериясы боюнча Маркабай Ааматов которгон Бегижан Ахмедовдун “Дербиш” повести, “Поэзия” сериясы боюнча Жедигер Саалаевдин “Манас дух” поэтикалык китеби 2020-жылдын мыкты китеби деп табылды. Ал эми проза жанры боюнча чыгармалар комиссиянын купулуна толгон жок. Сыйлык тапшыруу аземи КР Улуттук жазуучулар союзунда өттү жана бул иш-чарага толугу менен…..

Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат

“Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат” Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин Ош шаарында өткөрүлгөн кайрымдуулук-чыгармачылык кечесинен шыр баян. Ош шаарындагы “Классик” мейманканасынын жыйындар залында Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына карата “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат” аттуу чыгармачылык кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Бул кечеге жазуучунун чыгармачылыгынын күйөрмандары, калемдештери, жердештери, дос-туугандары жана кызы Жамбы Жусубалиева катышты. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун колдоосу менен уюштурулган бул кечеде Кубатбек Жусубалиев өзүнүн чыгармачылыгы гүлдөп турган учурда эмне үчүн айылга кетип, калган өмүрүн жалгыздыкта кечирип келе жаткан себеби жөнүндө көбүрөөк токтолду. “Дүйнө жөнүндө көбүрөөк толугу менен…..