Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат

Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин Ош шаарында өткөрүлгөн кайрымдуулук-чыгармачылык кечесинен шыр баян.

Ош шаарындагы “Классик” мейманканасынын жыйындар залында Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына карата “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат” аттуу чыгармачылык кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Бул кечеге жазуучунун чыгармачылыгынын күйөрмандары, калемдештери, жердештери, дос-туугандары жана кызы Жамбы Жусубалиева катышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун колдоосу менен уюштурулган бул кечеде Кубатбек Жусубалиев өзүнүн чыгармачылыгы гүлдөп турган учурда эмне үчүн айылга кетип, калган өмүрүн жалгыздыкта кечирип келе жаткан себеби жөнүндө көбүрөөк токтолду.

“Дүйнө жөнүндө көбүрөөк айтыла баштаганда “дүйнө” деген эмне экенин түшүнгүм-билгим келди. Аны түшүнүү үчүн көр оокат, көр сезим, көр тиричилик, көр пендечиликтен арылып, тазаланыш керек экен. Ошону үчүн тоого кетип калдым. Көрсө өмүрдүн маңызы тазалануу жана сүйүү экен”, – деди К.Жусубалиев.

Жазуучунун бул сөзү кайрымдуулук кеченин лейтмотиви болгон “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат” романынын каарманын эске салды. Романда бир жазуучунун тагдыры баяндалат. Ал жазган чыгармалары басмадан жарык көрбөй жүргөндө аргасы кетип, өзү да байкабастан туруп колу менен асманга жаза баштайт. Ал асмандын булут каптабай турган учурун күтүп туруп, таптаза асманга сөөмөйүн кыймылдатып оюндагы чыгармасын жаза берет. Бул жан дүйнөнүн тазалыкка жана бийиктикке умтулушу эле.

Кубатбек аке өзүнүн сөзүндө адамдын касиетин түшүнүү үчүн бардык диндердин тарыхын, философиясын үңүлүп окуй баштаганын айтты. “Ыйык китептердин биринде Жараткан: “адамды өзүмө окшотуп жасадым” деп айтыптыр. Бирок акыркы убакта адам өзүн Жаратуучуга окшошо албай, ага өсүп жете албай калды. Сүйүүнүн ордун жек көрүү ээледи. Адамзаттын азыркы трагедиясы –ушул”, – деди жазуучу.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жазуучунун эмгеги баа жеткис байлык экендигин белгилеп, чыгармаларынын түпкү философиялык мааниси терең экендигин кошумчалады.

“Өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып адабиятта жана кинодо баа жеткис эмгек жасап келе жатасыз. Жаралган ар бир чыгармадан ой-толгоо, тарбия жана үлгү аласың. Дагы да чыгармаларыңызды күтөбүз, ден-соолукта жүрүңүз”,- деди Т.Сарыбашов.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында шаар мэри жана башкалар белектерин тапшырып, акчалай колдоосун көрсөттү.

Кайрымдуулук кечеге келген конокторго классика жана эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланып, Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрүнүн баа көтөрүү (аукцион) көргөзмөсү уюштурулду.

Зинакан Пасанова

Ош мэриясынын маалымат кызматынын жана Бекмамат Айдаркуловдун фотолору