Ганира Пашаева кыргыз акындарына ыраазычылык билдирди

Азербайжан Республикасынын Мили Межилисинин депутаты, Маданият комитетинин төрайымы Ганира Пашаева КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековго, жаш акын кыздар К.Жакыпова менен Ч.Орозалиевага ыраазычылык катын жолдоду.

Ал катта Азербайжан калкынын Ата-Мекендик согушу учурунда (27.09 – 10.11.2020) маалыматтык жана моралдык колдоо көрсөткөндүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздер ар дайым Азербайжан жана түрк элдери менен болгон алаканы бекемдеп, маданий жаатта байланышты өнүктүрүүдө өз салымыңыздарды кошуп келесиздер. Сиздерге изги тилектеримди билдирүү менен, ысык салам жолдоп, ыраазычылык билдирем деп жазылган.

 

Урматтуу Ганира айым,

Сиздин жөнөткөн ыраазычылык катыңызды кабыл алдык. Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын акын-жазуучуларынын арасында адабий алаканы бекемдеп, колдоо көрсөтүп жаткандыгыңыз үчүн сизге терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин кызматташтык мындан ары да улана берет деген ишеничтебиз.