Сүйүнбай Эралиев: Баладай ыйлап жатып булут улуп, Басылды улутунуп – улутунуп

Бийикте Өткөн жерби кайберендин буту аттап, Өр таянып, тоолор тоого бутактап, Колтук керсе чокулардан чокулар, Көзгө илээшпей көктөн чыгат учу аппак. Чептей сүрдүү зыңгыраган аскалар, Желдей жеңил булуттарды кучактап, Өөп-жыттап, ашыгындай түнөтүп, Атар таңда кайра узатат ызааттап…   Мөңгү жибип, ашуулардан ала жай, Булак чуркайт шагылдарды аралай, Асманында бүркөө түндөй булуттар Алыс кетпей алда неге каралай, Жай каалгып көчүп жүрүп, заматта Жаз жамгырын самсаалатып салаалай, Төгүп жатып токтой калат томсоруп, Ыйлап-ыйлап тып басылган баладай.   Бирде элөөрүп, бирде кайра шалдырап, Тоо шамалы жүрүшүн дем алдырат, Жашыл беттин кыл кыягы өңдөнөт, толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Алишер Навоинин тилге жасаган мамилеси ааламдашкан дүйнөгө чоң сабак

Мамлекеттик тил күнүнө карата Алишер Навоинин тилге жасаган мамилеси ааламдашкан дүйнөгө чоң сабак Мен бул макаламды мындан эки жыл мурун Ташкентте Алишер Навои атындагы Өзбек тили жана адабияты мамлекеттик университетиндеги конференцияда баяндама катары окуган элем. Ал илимий жыйын Навоинин туулган күнү, 9-февралда, ар жылы өткөрүлөт экен. Ошол конференцияга даярданып жатып, Навоини кай тарабынан карап сөзгө алсам деп бир топ түйшөлүп отуруп ушул макалам жаралган болчу. Бүгүн мамлекеттик тилдин улуу майрамы күнү мен мекендештериме ушул макаламды тартуулагым келди. Жалпы түрк элдеринин тили үчүн жан үрөп иштеп, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө опол тоодой толугу менен…..

Робиндранат Тагор: Почточу

Робиндранат Тагор (1861-1941) Индия жазуучусу, акын, композитор, сүрөтчү, философ жана коомдук ишмер. 1913-жылы Адабият жаатында Нобель сыйлыгын алган. Почточу (аңгеме) Почточу алгачкы милдетин Улапур айылында баштаган. Айыл чакан болсо да индиго заводу бар эле, анын ээси, англичан почта негиздегенге үлгүрдү. Биздин почточу Калькутталык эле. Ал алыскы айылда ѳзүн суудан чыгып калган балыктай сезчү. Анын кеңсеси жана жашоочу бѳлмѳсү туш тарабынан жыш ѳскѳн чѳп менен курчалган, жашыл, жабышкак чѳѳттѳн анча алыс эмес жердеги саман сарай эле. Индиго заводунда иштеген адамдар эс алуу эмне экенин билишчү эмес, анын үстүнѳ аларды дурус адамдар толугу менен…..

Ги де Мопассан: Коëн жүрѳк

Коëн жүрѳк (Коркок) (аңгеме) Коомчулукта аны “Жагымдуу Синьоль” деп аташчу. Анын толук аты жѳнү виконт Гонтран – Жозеф де Синьоль эле. Жетим ɵскɵн, жетиштүү байлык топтой алган, мындайча айтканда, кийингени, баскан-турганы менен эл кɵзүнѳ кѳрүнгѳн адам эле. Ал жагымдуу келбети, тартиптүү жүрүм-туруму, орундуу сүйлѳгѳн эстүүлүгү, тубаса кылдаттыгы, ак сѳѳктүү сыймыгы, жарашыктуу муруту, терең кѳздѳрү менен кыскасы аял заты жактыруучу бардык сапаттардын ээси эле. Ал конокто болгондо, айымдар аны менен жеңил бийге чыгууну жактырышса, мырзалар болсо, күлүп караганы менен ичинен жактырышчу эмес. Аны кѳп айымдар менен кѳңүлдѳш деп айтышчу, мындай нерселер жаш толугу менен…..

Роальд Даль: Кол чатырчан киши

Кол чатырчан киши (аңгеме) Кечээ кечинде апам экѳѳбүздүн башыбыздан ѳткѳн күлкүлүү окуяны айтып берейин деп турам. Мен он эки жаштагы кызмын. Апам отуз тѳрттѳ, бирок менин боюм дээрлик апамдыкындай. Кечээ түштѳн кийин апам мени тиш доктурга Лондонго алып барды. Арткы тишимде бир кемтик бар экен, аны ал оорутпастан толтуруп (пломба коюп) берди. Андан кийин биз кафеге бардык. Мен банан балмуздагынан десерт жедим, апам кофе ичти. Биз ордубуздан турганча саат алты болуп калды. Биз кафеден чыкканда, жаан жаай баштады. «Такси кармашыбыз керек» – деди апам. Биз кадимки шляпа жана пальто кийип толугу менен…..

Сона Велиева: Мен ааламды качандыр бир таштаймын, Күйүп, күйүп бүткөн кезде алоодо

Азербайжан элинин таланттуу акын кызы Сона Велиеванын “Биз жолуккан жалганда” аттуу китеби жарык көрдү. Аталган китепти Кыргыз Републикасынын Эл акыны Маркабай Ааматов которуп кыргыз окурмандарынын назарына койду. Китепте акындын туулган жер, ата-журт, мекен тууралуу учкул канат ырлары киргизилген. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ишеничтебиз. Эмесе, азербайжан акынынын ырларын окууну сунуштайбыз. Суктандырган канаттуу поэзия Жакында менин колума азербайжан элинин таланттуу акыны Сона Мухаммед кызы Велиеванын «Биз жолуккан жалганда» аттуу китебинин кол жазмасы келип тийди. Кыргыз тилине аны Кыргыз Республикасынын Эл акыны Маркабай Ааматов которуптур. «Маркабай жөндөн-жөн китеп которууга киришпейт эле”, – толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Айсулуу Көкөеванын «Аялдын күндөлүгү»: экзистенциалдык кризис же жашоо маӊызын издөө

Айсулуу Көкөеванын «Аялдын күндөлүгү»: экзистенциалдык кризис же жашоо маӊызын издөө А.Көкөеванын «Аялдын күндөлүгү» аттуу жанры, баяндоо стили боюнча өзгөчөлөнгөн адаттан тыш чыгарма. Темасы айтып тургандай, чыгарма күндөлүк түрүндө жазылган. «Күндөлүктө» аял турмуш деген улуу сыноону түзгөн башынан өткөн күндөрү тууралуу баяндап отуруп, өзүнүн жан дүйнөсүн кыйнаган суроолордун үстүндө ой жүгүртөт. Чындыгында чыгарманы үстүртөн караганда, анда оор тагдырды башынан кечирген аялдын күндөрү ирээтсиз, баш аламан баяндалгандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок, эгер чыгармадагы подтекстке, баш каармандын образына көӊүл коюп карай турган болсок, «Аялдын күндөлүгүндө» бир аял кишинин башынан өткөргөн жеке тагдыры менен бирге толугу менен…..

Уильям Джейкобс: Үй бүлѳгѳ кам кѳрүү

Үй бүлѳгѳ кам кѳрүү Соода токтоп калганынан пайдаланып, бир фунттук шекерди пакеттерге салып таразага тартып жаткан Жерншо мырза колдорун ушалап, жаңы эле дүкѳнгѳ кирген бою узун, күнгѳ күйгѳн мырзанын буйрутмасын күтүп калды. Бырыштарга баткан кѳк кѳздѳрүнѳн улам, кырк жаштардагы жакшы сакталган киши экен деп ойлоду. -Харри сенсиңби! –Жерншо кыйкырып жиберди. – Харри Баррет! -Ооба менмин! – деди тигиниси кучагын жайып. Толкунданган Жерншо кол алышып, дүкѳндүн аркасындагы чакан конок бѳлмѳгѳ жолдоду. -Он беш жыл – отургучка отуруп жатып Баррет айтты – баары баягысындай, эч ѳзгѳрбѳптүр. -Веб кѳчѳсүндѳгү үйүнѳ Барретти киргиздим деп толугу менен…..

Сулайман Рысбаев: Белимчи кемпир

Белимчи кемпир (аӊгеме) Биздин айылда Жүрсүн деген эки аял бар эле. Биринчисин «сөгөнөөк» Жүрсүн дешсе, экинчисин «белимчи» Жүрсүн деп коюшчу. Анткени алардын мындай атка конушунун жөнү бар болчу. «Сөгөнөөк» Жүрсүн басса-турса, эркекче сөгүнсө, «белимчи» Жүрсүн ар кимди туурап, ар ким эмне десе ошонун айтканын кылып, турган элди аргасыз күлкүгө салчу. «Сөгөнөөк» Жүрсүн балабы, чоӊбу, көпчүлүк ичинде болсун, үйүндө отурбасын, «атаӊдын оозун урайын» же «энеӊди урайын» деген сөзүн оозунан түшүрчү эмес. Аны эл эрөөн албай деле калган, керек болсо, «Ай Жүрсүн, тетигини бир жакшылап сөгүп таштачы» десе, ал кабагын бүркөп, эркектин толугу менен…..

Лайли Үкүбаева: Мелис Абакировдун повесттери: кѳркѳм чеберчилик маселелери

Мелис Абакировдун повесттери: кѳркѳм чеберчилик маселелери 1990-жылдары дүйнѳдѳгү улуу державалардын бири деп эсептелген СССР ѳзүнүн табигый жашоосун токтотуп, СССРдин курамындагы союздук республикалар деп аталган ѳлкѳлѳр саясий-коомдук турмуштун жаңы тилкесинде жашоого ѳтүүгѳ тарыхый шарт түзүлдү. Эгемендүүлүккѳ ээ болгон Кыргызстан да ѳз алдынча «арабасын» кылдыратып, туңгуюктан жол табуунун аракетинде болду. Мурда Коммунисттик партиянын жетекчилигинде келген, келечеги «айкын коммунизм» болгон мамлекеттер үчүн бул тарыхый жаңы шарт жашоо-турмуштун бардык сфераларында болуп кѳрбѳгѳндѳй жаңы кыйынчылыктарды алып келди. Албетте, анын ичинде калктын рухий байлыгын түзгѳн адабият, маданиятка да оор болду. Совет адабиятынын ѳнүгүш багыттарын аныктаган, совет толугу менен…..