Сона Велиева: Мен ааламды качандыр бир таштаймын, Күйүп, күйүп бүткөн кезде алоодо

Азербайжан элинин таланттуу акын кызы Сона Велиеванын “Биз жолуккан жалганда” аттуу китеби жарык көрдү. Аталган китепти Кыргыз Републикасынын Эл акыны Маркабай Ааматов которуп кыргыз окурмандарынын назарына койду. Китепте акындын туулган жер, ата-журт, мекен тууралуу учкул канат ырлары киргизилген. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ишеничтебиз. Эмесе, азербайжан акынынын ырларын окууну сунуштайбыз.

Суктандырган канаттуу поэзия

Жакында менин колума азербайжан элинин таланттуу акыны Сона Мухаммед кызы Велиеванын «Биз жолуккан жалганда» аттуу китебинин кол жазмасы келип тийди. Кыргыз тилине аны Кыргыз Республикасынын Эл акыны Маркабай Ааматов которуптур. «Маркабай жөндөн-жөн китеп которууга киришпейт эле”, – деп бул автордун ырларына кызыгуум артты. Кол жазма бир топ эле көлөмдүү болгондуктан шашылбай талдап окууга туура келди.

Алгач автордун ким экендигине кызыктым. Азербайжан элинин көп кырдуу талантка эгедер акын кызы 1962-жылы Нахчыван Автоном Республикасынын Шарур районунда жарык дүйнөгө келиптир. 1984-жылы учурдагы Азербайжан Маданият жана Искусство Мамлекеттик Университетин бүтүрүптүр. Чыгармачылык жолунда “Эмгек сиңирген журналист” ардактуу наамы бар экен. Азербайжан Жазуучулар Союзунун мүчөсү, филология тармагында философия илимдеринин доктору экен.

Чыгармачылык жолуна абай салсам, Сона Велиева учурдагы азербайжан поэзиясынын аты кеңири таанымал болуп калган өкүлдөрүнөн экен. 2007-жылы жарык көргөн “Менин көркөм дүнүйөм” аттуу китебинен баштап эле окурман журтунун сезимин ээлеп, бир катар ыр китептеринин автору болуптур. Ал тургай чет тилдерде китептери, чыгармачылыгын талдаган илимий макалалар чыгып, ысымы дүйнө элдерине белгилүү боло баштаган кези экен.

Албетте, автордун көп кырдуу таланты, ишмердиги тууралуу кеп козгой берсе боло турган, бирок биз анын акындык дүйнөсүнө баш багып аткандыктан, анын ырларына назар оодарганыбыз оң болуп турат. Сона Велиева талашсыз чоң, болгондо да элин, жерин жанындай сүйгөн мекенчил акын экени ар бир жазган ырынан баамга урунат. Армян баскынчылары тарабынан басып алынган байыртан берки азербайжан жеринин көйгөйү башка чыгармачыл инсандардай эле анын да тынчын алат. Акын “Тагдырга каршы” деген ырында:

“Мекени жок кантебиз деп,

Канда чуркайт таламым,

Мен тагдырга каршы болуп,

Кудайга да барамын!” –

деп мекенчилдик менен жазылган канаттуу саптары менен сезимди бир серпип өтөт. Келечек муундарды өз элин, мекенин, ата журтун сүйүүгө чакырган жалындуу саптар китепте каызыл сызык менен өтүп баштан аяк созулганы мени өзгөчө кубантты. Аны кубаныч, майрам, той күндөрү чардап, жыргап, эл-жердин көйгөйүн эстен чыгарып дуулагандарды эсине келтире жазган “Ден соолук үчүн ичкендерге” деген ырынан байкоого болот:

Пайда-бата көрө элекпиз дос-чардан,

Мыктап дурус айткан менен тостту абдан,

Баш ордуна жерди кесип алышты,

Андан мурда жан дүйнөбүз бош калган!..”

-деп түз эле канжар менен жүрөккө сайгандай саптар окурмандын эсин эки кылат. “Ааламдан жарака кетсе – акындын жүрөгү аркылуу өтөт!” – демекчи, мындай саптарды чыныгы патриот, мекен, жер үчүн тайманбай башын сайып, өз жанын курмандыкка чала турган акын гана жаза да, айта да алат. Ошону менен миңдеген окурмандарынын жүрөк, сезимин ойготуп, кыял-ойдун кыйыры чексиз экенин туюндурат. Бали, азербайжан элинин акын кызы дегиң келет! Азербайжан калкынын ар бир атуулу сендей болсо, ата-бабалардан калган кымбат мекендин бир укумун да баскынчыларга алдырышпайт эле го деген ойго алынасың… Андан ары ыр толкунуна кирип баратканда өзүнүн пенде экенин унутуп, Жараткан Жалгыз менен да тизгин талашкысы келип жүргөндөрдү “Кудайдыкын бергилечи, Кудайга” деген ыры менен асмандан буттан тартып жерге түшүрүп:

“Түшпөгүлө эй, адамдар, убайга,

Же тебелеп бут алдыңда ылайга,

Эсиңерге алып Чындык бир сөздү,

Кудайдыкын бергилечи, Кудайга!” –

деп канаттуу ыр саптары менен таасын айтат.

Сона акыныбыз махабат темасында да мыкты жаратман акын экендиги дароо баамга урунат. Сүйгөн жарга болгон арзуусу болобу, же башка бир адамдын арзуусу болобу поэзиянын отунан, жалындуу элегинен өткөрүп окурман журтуна тартуулайт. Сонанын махабат саптарына назар оодарган адабият ышкыбоздору элеп-желеп сезим отуна чалдыгып, өз баштарынан өткөрүп жаткан махабат менен жуурулуштура аларында шек жок. Бир көчөдө, ал эмес кошуна туруп жетилген кошуна кызга ашык болгон боз уландын сүйгөнүнө жетпей азап тартканын өтө чебердик менен учкул поэзиянын тили менен баян этет акын кыз. Көрсө, махабат азабын алыстан эмес, жакындан деле тартышат турбайбы!.. Болгону бөлүп турган тосмо, дубал да эки ашыктын бири-бирине болгон арзуусуна кол жеткис аралыктай туюлат экен. Аны Сона Велиева “Кошуна кызды сүйгөн боз улан” деген ырында минтип баяндайт:

Эки кадам үйдөн таптым шорду мен,

Сезим гана учуп жетер болду дем.

Гүлдөн учкан үлбүрчөккө ыр жазып,

Жүрөгүңө кантип табам жолду мен?..

Эмне дейбиз, махабат азабы эки ашык бири-бирине кошулмайынча ушинтип улана берет эмеспи…

Акын көр тирликтин, жашоо машакатынын капшабы менен жүрүп, баарыбыз башыбыздан кечирип келаткан көйгөйлөрү менен кээде ыр жазуудан алыстап калган арманын да кыйгап өтүп кете албайт. Чыгармачылыктын керемети мына ушунда – ал башка кесиптин, ири чоң кызматтын ээси болосуңбу, ага карабайт, ал калем кармабасаң, эргүүгө, сезимге, кыял-ойго астейдил болбосоң, чыккынчылык кылсаң кечирбей да коюшу ыктымал. Мына ошондуктан Сона Велиева чыгармачылык жолунда жазылбай калган ырынан тизе бүгүп кечирим сурайт:

“Кечир мени жазылбай калган ырым –

Аруу тилек, тазамсың сен,

Азап, тозок, жазамсың сен,

Түбөлүктүү азамсың сен,

Кечир мени Кудай үчүн?!.”

Акындык жолдо баарыбыз ушинтип айта алабызбы? Бул чоң маселе, чоң суроо! Бу баарыбыздын алдыбызда турган, өзүбүзгө өзүбүздү отчет бердире турган собол. Ошол суроого жооп тапкан чыгармачыл адам гана чыныгы акын. А мен Сона Велиеванын чыныгы акын, болгондо да чоң акын экендигине бөркүмдөй ишенип турам. Бар бол, боордош азербайжан элинин акын кызы!

Төлөгөн Мамеев, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын ээси.

Биз жолуккан жалганда

Жолукканбыз жашоо берип Бир Эгем

Бу Жалганда атам, апам жана мен.

Мен гүл элем, алгачында үн элем,

Эч ким анда адам эле дебеген…

 

Мага мында баары бөтөн туюлат,

Тоо, деңиздер токойдогу дарак да.

Кандаштарым кайдигердей бурулат,

Калсаң мейли кайгы, муңда, азапта.

 

Мүмкүн экен көп жолдордо түгөнүүң,

Балким барар багытымдан четтээрмин.

Жаным менен Жаратканды сүйөмүн,

Ал – Калемгер, а мен болсо – дептермин.

 

Убакытты өмүр үчүн сарптаймын,

Туткун болуп келген үчүн жашоого.

Мен ааламды качандыр бир таштаймын,

Күйүп, күйүп бүткөн кезде алоодо.

 

Бу Жалганың өңү азгырык нурдайбы,

Бүгүн бар да эртең балким атың жок.

Мен жалгызмын, Ал да Жалгыз турбайбы,

Жаратканга доо коюуга акым жок!

 

Жан дилимден сүйдүм Аны жактырып,

Жаратканым – Чын Бакыттын Өзүдүр.

Кайтам Ага аманатын тапшырып,

Баскан жолум бу Жалгандын өрүдүр?!

 

Жүрөгүмө өтүнүч

Мени менен каршылаштың,

Душман туттуң мынчалык?

Жашмын али, бүр ача элек,

Кабыңа кир, тынч алып.

Болгону би-и-р муштумдай эт,

Батпачуудай көөдөнгө,

Сызда-а-п, сызда-а-п көптөн бери,

Камынасың өлгөнгө.

Жашмын али бу жалгандын

Кызыгына бата элек,

Бакыт даамын тата элек,

Үмүттөрүм жана элек,

Максаттарым алдыдагы

Ордун али таба элек.

Жашмын али үлбүрөгөн,

Бийге, топко бара элек,

Көп нерсени биле элек,

Кыялдарым учуп чыккан,

Ишке ашышын тиленет.

Ийкемдүүрөөк болчу мага,

Суранамын, аяп байкуш апамды,

Мен деп жүрүп санаа менен

Кара чачы агарды.

Суранамын, аяп байкуш атамды,

Көрбөсө деп казамды.

Сен антпесең алардын,

Көз жаш болуп карегинде катаармын,

Жер алдында рухум тынбай жатаармын.

Суранаарым, сен аларды сала көрбө кайгыга.

Андан көрө шаңга бөлө,

“Вакзалыны” кайры да,

Алпар сүйүү айлына.

Жар көрөйүн мага арзыган,

Жарашайын, жанашайын,

Тосуп аруу таңды да.

Дос бололу, мээрим төгүп,

Махабатка мээнисең,

О, жүрөгүм өгөйлөбө,

Жерибегин мени сен!

 

Сени чындап арзып сүйдүм, жараткан!

Биздан аалам өтө көркөм, керемет,

Күн шооласы курчап алып желелеп.

Жараткандын колу менен жасалган,

Биз жүрөбүз баркын билбей тебелеп.

 

Бирок чыны сулуулуктун кулубуз,

Жетет мына, ага колду сунуңуз.

Сиз сүйсөңүз табийгатты, тоолорду,

Көк тиреген карагайга суктанып,

Таңшып турган булбул үнүн угуңуз.

 

Бирөө сүйөт өңү муңдуу күз айын,

Азгыргандай сары жоолук жүз айым.

Дагы бирөө самап турат көктөмдү,

Жашыл жазды созулса деп ылайым.

 

Кайсы бирөө дарак ачкан гүлгө ашык,

Сүйлөшчүдөй жакын барып муңдашып.

Кайсы бирөө булактарга тоодогу –

андан сырдуу чыгып турган үнгө ашык.

 

Бирок менин махабатым билсеңер,

Сезип, туюп абалыма кирсеңер.

Бардыгынан улуу дагы сулуу да,

Мен даярмын ага бекем турууга.

 

Учкум келет эргип, эргип канатчан,

Сени чындап арзып сүйдүм, Жараткан!

 

Анан ыр да жазылат

Жан дүйнөмдө түшүнүксүз санаалар,

Сапырылы-ы-п турат тилдин учунда.

Балким мени тагдыр сынап табалаар,

Балким жашоо маңызы да ушунда?

 

Сөз өртүндө күйөөрүмдө күл болуп,

Сактайт балким боюн таштап үмүтүм,

Уч кыялым, канат кагып, түрлөнүп,

Кимге керек от жабышып күйгөнүм?

 

Сезимимдин жалын, чогу жүрөктө,

Ал да калган жазмышына баш ийип,

Тагдыр мени күндө сынап жүдөтпө,

Жаңы сөздү алаарымда бат илип.

 

Ыр жазылбай чөгү-ү-п турат маанайым,

Нур төгүлөр түн түндүгү тартылбай.

Саптарымда менин бакыт, таалайым,

Канат кагып сызгым келет барчындай!

 

Караңгынын көшөгөсү сыйрылсын,

Таңга чейин жашаганды насип эт,

О, Жараткан, Сен Ааламсың, Кыйрымсың,

Сенде Улуу Күч, Сенде Бардык Касиет!

 

Адам

Ичиндеги кайгы менен алышат,

Башындагы кыял менен жарышат.

Жазмышты биз аттап кете албайбыз

Жараткандын кереметин таанысак.

 

Өмүр жолдо бар тапканың чачылат,

Көп топтогун, балким жыйгын азыраак.

Бүгүн барсың, эртең жоксуң дүйнөдө

Түбөлүктүү калам деген жаңылат.

 

Жамандыкты көрбөйт адам тооруган,

Чалып турар каскак тосот жолунан.

Бүгүн өчсө эртең жанат үмүтү,

Сакайганда жан сезими ооруган.

 

Чындык издеп бу жалганда баш катат,

Жалганчылар кадам сайын какшатат,

Даңгыраган түптүз жолдор каякта,

Тайгак кечүү, тар кыяда таш жатат.

 

Жетпейт пенде кол созсо да баарына.

Сынат далай тагдырына таарына.

Саткындар бар мүшкүл үйөр башына,

Душмандар бар жабыр кылар жанына.

 

Жатса дагы жараат таңып кансырап,

Эртеңкиде жыргал турмуш барчылап,

Адам пенде аң турса да жолунда

Келечекке умтулат да, талпынат.

 

Максат-оюн кыялында нурдантып,

Бул жарыкты ала кете тургансып,

Жашайт адам кул болсо да башкага

Басынтса да желкесинде турган жүк!

 

Тоо, дайранын кубаты бар тулкунда,

Ташты кесет жаштык кезде, курчунда.

Адам-пенде өмүр бою күрөшөт

Ошон үчүн адам болуп турсун да!

 

Ыйлаган дарак

Кичинекей Сатар аттуу бөбөк кооздук үчүн өстүрүлгөн дарактын шүүдүрүм баскан жалбырактарын аста сылап: “Ыйлабачы? Сени ким капалантты?” – деген соболу жүрөктү эзди.

Өчтү белем жан сезимдин угуту,

Каптап келди кайгы-муңдун булуту.

Жакчу сага калың өскөн көк токой,

Шуудураган зор чынардын турушу.

 

Балта тийип дарактарга көп ирет,

Көздүн жашы мөлт деп кулап төгүлөт.

Шүүдүрүмгө чайып аста жүзүмдү,

Сени карап оюм онго бөлүнөт.

 

Мына минтип сен да соолуп барасың,

Көзүң көрбөй тоо, токойдун арасын.

Бопбош калды менин дагы жүрөгүм

Болжоп билбей адамдардын талашын.

 

Бутак-колдор асман жакка жайылат,

Эрке шамал согуп өтсө жайыраак.

Билбей калдың көчүрүлгөн себепти,

Тагдырыңа бүлүк түшүп кай убак.

 

Адамбы, же өсүп турган даракпы,

Тартат тура башка түшсө азапты.

Бирок болбос жазмышыңа таарынуу,

Билбейт бирок жазмыш ошо аяшты.

 

Жаш көчөтсүң бөтөн жерде көктөгөн,

Жашыл токой – элес калып өчпөгөн,

Мындагылар билбейт балким баа-баркын,

Мекен жердин топурагын көксөгөн.

 

Өчөр эмес мекен жердин элеси,

Тоо, токою, булак суусу, белеси,

Унутууга болбос чыйыр жолдорду,

Унуттурбас тээ көктөгү Эгеси!

 

Эгер кайгы келчү болсо күнөөдөн,

Кантип көмөк суранасың бирөөдөн?

Өнүп-өскөн топурактан айрылуу,

Айрылуу да тамырыңдан, сүйөөдөн.

 

Туздуу көз жаш татып көрсөң даамын да,

Тууган жерди чөлгө айлантат баамымда.

Көп ыйлаба жалгыз дарак муңканып,

Мен турамын кубат берип жаныңда…

 

Туткундагы жер

Уктап калган улуу сыйкыр – сабырым,

Өз чачына алган сымал асылып.

Туткун жерим – тарткан сулуу жабырын,

А үмүтүм – колун кылыч шылыган,

Эрдиги жок, эртеңи жок баатырым.

Эшикти жаап, салып тагдыр убайга,

Менин онтоом жетпей турат Кудайга…

 

Шейиттин уулу, ыйлаба

Шейит кеткен жоокердин жалгыз уулу мүрзө башында өксөп ыйлап турду…

Ыйлабачы, боорум өтө эзилип,

Мага дүйнө турат муңдуу сезилип.

Шейит кеткен атаң балким бейиште,

Жараткандын дал өзүнө кезигип?

 

Жер-Энебиз алган аны койнуна,

А сен уулум атаң салган жолду ула,

Коргош керек болгон үчүн мекенди,

Жанын берди атаң намыс ордуна!

 

Канын төктү сенин атаң мекен деп,

Ата журтка берилгенин бекемдеп,

Жанын кыйды уулум, жарым элинде

Күнкор болбой эркин жүрсө экен деп!

 

Балким атаң каалаганга жеткен жок,

Бак-таалайды келип турган тепкен жок,

Жандан артык көрдү элин, улутун,

Жан жыргалын бекер таштап кеткен жок!

 

Бил сен дагы чек арабыз бекемби,

Даңазалап мактай бербей чет элди,

Урпактарга үлгү болуп аталар

Шейиттердин каны коргойт мекенди!

 

Сен ыйлаба, муңканбагын, азбагын,

Элдин уулу – сенин атаң, ардагың,

Бешенеңден эркелетип сылаган,

Мээриндесиң сен Жараткан Алланын!

 

Жарык терезеде күткөн аял

Жарык күйгөн терезеде аял бар,

Жүрөгүндө махабаттуу аян бар.

Кайдадыр бир жары үйгө аттанат,

Карегинен күткөнүнүн жаш тамат.

 

Аял ниетин деги кимдер түшүнөт?

Көздөрү анын муңга толуп күтүнөт.

Асыл жарга актыгы да – чоң бакыт,

Муктаждыкка тизе бүкпөйт бүжүрөп…

 

Көп сыр жатат жүрөгүндө зайыптын,

Балким сүйүү – белегидир кайыптын?

Кыз кезинде чоң турмушка аттанып,

Көп сыноосун көргөн жашоо, жарыктын!

 

Терезеден жарык өчпөйт түнкүсүн,

Күтүүлөргө алмаштырган күлкүсүн.

Адашуу бар талкалачу тагдырды,

Кээде байлык, арзыбаган мүлк үчүн.

 

Аял карайт алыс жакты муңайып,

Агат булут асман менен булайып.

Кечирет ал бар күнөөсүн жарынын,

А сүйгөнү – бир өзүнө ылайык!

 

Аял заты – эркектерди сактаңар,

Алар тирек, алар жөлөк мактанар,

Эркек заты – жүрөгүңдү белек эт,

Аял менен жарык дүйнө керемет!

 

Каалгадагы ысым

Далай мезгил акса да,

Жаштык жылып качса да,

Аял алыс чыкпады,

Ниет, пейли бурулуп,

Үйүн ыйык тутканы.

Бардыгына жетишет,

Балдар келип, кетишет.

Айтканындай эненин,

Аруу ойго бекишет.

Асыл жардын ал аял,

Каалгада жазылган

Алдырбады ысымын,

Бир убакта өмүрдө,

Көргөн жашоо кызыгын.

Эгер атын алдырса,

Болуучудай баары осол,

Келбөөчүдөй кайрылып,

Таштап кетер жары ошол,

Билип баары жоктугун,

Анын орду боштугун,

Балким жасап кысымын,

Унутушар ысымын?

Каалгада жазылган,

Алдырганда жазууну,

Туюндурар ал жорук,

Акыл-эстен таюуну.

Эгер алса ысымды,

Баш сыңары мээси жок,

Үй туюлар ээси жок.

Туюлар үй таштанды,

Базар болбой балдар жок,

Уу-дуу түшкөн жандар жок,

Өйдө кылар өбөк жок,

Ылдый болсоң жөлөк жок.

Эркеги жок турактын,

Эшигинде турат муң.

Коргоочу жок караган,

Тиреги жок таяган,

Гүлбагы жок саябан.

Ошондуктан ал зайып,

Күйөөсүнүн руху,

Жүргөн сыңар калдайып,

Алдырбаса ысымын,

Үйдүн ээси – кутунун,

Улаар жашоо учугун.

Азап, чыдам жетет да,

Кээде чарчап кетет да,

Туят өзүн артыкбаш,

Кеткиси бар жалгандан,

Тирүүлүктөн тартып баш.

Бирок, бирок,

Жарынын,

Алдырбады ысымын,

Арты кызык ушунун.

Кээде-кээде телмирип,

Терезеде олтурса,

Келечектен ой кылса,

Кимдир бирөө эшикти,

Тыкылдатса эшитти:

-Турасызбы, эсен деп,

Айтыңызчы энеке,

Турган чагым билалбай,

Кимдин үйү экен деп?

Анда аял үн катат,

-Кызык жандар жүр жашап,

Болсоң эгер окумал,

Кимдин үйү экенин,

Каалгадан окуп ал! –

Дейт да артат сыймыгы,

Нары узатып кыйдыны.

Аста сылайт жазууну,

Аны ойлобойт алууну,

Өбөт сүртүп тазалап,

Алып чексиз канагат.

Ысым турат тилинде,

Ысым турат дилинде,

Ысым ушул түбөлүк,

Жан сезимде көктөсүн,

Каалгада өчпөсүн!

 

Сен таарынганда

Таарынышып жарашкан оңой эмес,

Көздө калып орой элес.

Махабатка жаңы гана чалынган,

Сулуу өңдүү сезим чуркап каныңдан,

Гүлгө айланып жайнаган,

Жыпар чачуу кайрадан

Оңой эмес!

Таарынышып сезимдерди сындыруу,

О, Жараткан кечиримди

Кыйын болор жүрөктөргө сыйгызуу!

Акырында жарашасың арга жок,

Көлөкөдөй сөлөкөттө жан да жок,

Тирүү эмес, өлүү эмес турумум,

Бир карасам жан теңелгис сулуумун,

Жамак көйнөк кийип чыккан тойдогу,

Жан туюлам орундалбай ойдогу…