Лайли Үкүбаева: Мелис Абакировдун повесттери: кѳркѳм чеберчилик маселелери

Мелис Абакировдун повесттери: кѳркѳм чеберчилик маселелери

1990-жылдары дүйнѳдѳгү улуу державалардын бири деп эсептелген СССР ѳзүнүн табигый жашоосун токтотуп, СССРдин курамындагы союздук республикалар деп аталган ѳлкѳлѳр саясий-коомдук турмуштун жаңы тилкесинде жашоого ѳтүүгѳ тарыхый шарт түзүлдү. Эгемендүүлүккѳ ээ болгон Кыргызстан да ѳз алдынча «арабасын» кылдыратып, туңгуюктан жол табуунун аракетинде болду. Мурда Коммунисттик партиянын жетекчилигинде келген, келечеги «айкын коммунизм» болгон мамлекеттер үчүн бул тарыхый жаңы шарт жашоо-турмуштун бардык сфераларында болуп кѳрбѳгѳндѳй жаңы кыйынчылыктарды алып келди. Албетте, анын ичинде калктын рухий байлыгын түзгѳн адабият, маданиятка да оор болду. Совет адабиятынын ѳнүгүш багыттарын аныктаган, совет доорунун мезгилдери менен сыналган «Социалисттик реализм» методунун күнү да Совет мамлекети менен бирге бүтүп, адабий, маданий турмушубуздун горизонтунан кайтты.

Эгемендүүлүккѳ жеткен ѳлкѳбүздүн экономикалык-социалдык маселелери да алгачкы жылдары калкыбыздын кѳзүн ачырбай, руханий дүйнѳ эмес, карандай кара курсакты тоюндуруу менен жумурай журтту алек кылып таштады. Менимче, эгемендүүлүктүн алгачкы он жылдыгы ушундай ѳттү. Анан ѳлкѳбүз, элибиз акырында ѳзүнѳ келип, «не хлебом единым» дегендей, кара курсактан башка да элге руханий күлазык керектигин түшүнѳ баштагандай болду. Мына ушул мезгилде калемгерлерибиз калемдерин колуна алып, сүрѳтчүлѳр кисти, боёкторун «табышып», айкелчилерибиз аракетке кирип, искусство жаратуу ѳнѳрүнѳ кайрадан акырындап кайтып келишти. Албетте, бул арада ѳткѳн он жыл базар экономикасы деген мурда деле билип-кѳрбѳгѳн, жаңы шартты, психологияны элибиздин жашоо-шартына күргүштѳтүп киргизип, аракетке салып койгон эле.

Эгер бүгүн артка кылчайып карасак, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында адабиятыбыз, жалпы эле маданиятыбыз эки нукта ѳнүгүүгѳ багыт алганын байкоо дегеле кыйын эмес. Биринчиси, капчыктуу калемгерлердин калем учу тынбай жорголоп, адабиятка, искусствого окшогон жеңил-желпи нерселерди жазып, чыгарып, окуучулардын чыныгы искусствого болгон муктаждыктарындагы паузаны-тынымды «толтуруп» киришти. Ошол эле учурда сѳз ѳнѳрүн шамалга жеңил сапырбай, сабырдуулук менен, чымырканып изденип, калкына паразаттуу адабият тартуулаганга белди бекем байлап киришкен улуу инсандар, чыныгы таланттар да ички дем, дымак менен иштеп жатышты. Алар апырып-сапырып китептерин акчанын күчү менен чыгарып, базарды толтурбастан, чыгаар саатын күттүрүп, чымырканып, чыгармаларын ийлеп, бышырып иштешти. Азыркы күндѳ алардын чыгармалары кудайга шүгүр, элине жетип, окуучунун бузулуп бараткан адабий табитин туура багытка бурууда  опол-тоодой роль ойноп жатат десек жаңылышпайбыз. Мына ошондой таланттарыбыздын бири – ѳз чыгармачылыгына ѳтѳ талапчыл мамиле жасаган кѳркѳм сѳздүн чебери Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мелис Абакиров.

Мелис Абакиров жаңы тарыхый шартта чыгармачылыгынын толгоосун жандырып жибербестен кѳгѳрүп да, кѳшѳрүп да изденип, тынбай иштеди. Натыйжасында бул жылдары элине эки чоң тарыхый роман: «Кѳкѳй кести» (2000), «Барымта» (2008) жана да «О, опаасыз, опаасыз дүйнѳ» (2005), «Эрѳѳл» (2013) деген аталыштагы «Сакадай бою сары алтын» повесттерин тартуулады. Мен бул чакан макаламда автордун эгемендүүлүк жылдарында жазылган повесттерине токтолуп, алар тууралуу азыноолак ойлорум менен бѳлүшѳйүн дедим.

Сѳзүмдү мындан беш жыл илгери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде М.Абакировдун 75 жылдык маарекесине арналган «Мелис Абакировдун чыгармаларында тарыхый чындыктын кѳркѳм чагылдырылышы» аттуу илимий-практикалык конференциядагы кыргыз элинин таланттуу жазуучусу, М.Абакировдун калемдеши, замандашы маркум Казат Акматовдун айткан бир олуттуу пикирин эскерүү менен баштоону ылайык кѳрдүм. К.Акматов М.Абакировдун чыгармачылык изденүүсүнѳ ыраазы болуп, мындай деген эле: «Биз тышкы темаларга, маселелерге арбалып, ошолор жѳнүндѳ жазып жүрсѳк, Мелис кыргыз элинин нукура турмушун изилдеп жазып салыптыр».

Ооба, абдан таасын, так айтылган пикир. Жазуучу Мелис Абакировдун чыгармачылык ѳзгѳчѳлүгүнѳ, чеберчилигине агынан жарылып берилген калыс, чындыктуу баа. Ырасында да М.Абакиров нак ушул эгемендүүлүк жылдарында кылым карыткан кыргыз элинин басып ѳткѳн тарыхый жолунун бүктѳмдѳрүнѳн: анын ырыстуу жана ырысы жок күндѳрүнѳн элибиздин адамдык нарк-насилин, улуттун тагдырын, аздектеген адамзаттык баалуулуктарын издеди. Тапкан нерсесин уккан кулактын кумарын кандыргандай жогорку кѳркѳмдүктѳ сүрѳттѳп, окурманына тартуулай алды десек, менимче аша чапкандык болбойт.

М.Абакировдун жогоруда биз атап ѳткѳн чыгармаларынын жаңычылдыгын сомолоп айта турган болсок, бул биринчи кезекте Совет доорундагы кѳптѳгѳн адабий чыгармаларда бир жактуу бурмаланып, бузулуп сүрѳттѳлүп келген (зѳѳкүр, жексур, жарым келесоо ж.б.) эл башчыларын т.а. бий-болуштарды мүнѳздѳрүнүн бардык карама-каршылыгында реалдуу сүрѳттѳгѳндүгүндѳ. Ошонусу менен байыркы ата-бабаларыбыздын баскан жолуна, облигине зарыл тактоолор, түзѳтүүлѳр киргизип, улуттук маданиятыбыздын түп башатын, кыргыз элинин рух дүйнѳсүн туура түшүнүүгѳ жол ачты десек болот. Буга жазуучунун тепкедей болгон эки повестинде сүрѳттѳлгѳн, турмуш чындыгы жана да психологиялык тереңдикте чебер ачылган адам мүнѳздѳрү далил боло алат.

«О, опаасыз, опаасыз дүйнѳ» повестинде автор жеке адамдын тагдыры, жеке трагедиясын элдин жашоосу, тагдыры, келечеги менен тыгыз байланышта карап, сүрѳттѳп, кыйын кезеңдеги Адамдын улуулугун, акылкѳйлүгүн окурман суктанарлык кылып чагылдыра алган.

Маңдайына бүткѳн жападан жалгыз уулу Туйгундан Бекташ бий күтүүсүздѳн айрылып олтурат. Бойго жетип, ата жолун улантууга даяр болуп калган Туйгунуна байланышкан Бекташ бийдин не деген үмүт-тилеги бар эле…

Повесттин сюжети ретроспективдүү стилдик ыкмада баяндалат. Уулунун дүйнѳ салып кеткенден берки күндѳр Бекташ үчүн азаптын азабы болду. Аялы Айбикенин, бир тууган иниси Азоктун келинчеги Уулчанын ѳзѳктү тешип ѳтүп, чучукка жеткен Туйгунду жоктоо кошоктору эсин эки кылган бул күндѳрдѳ ал уулуна байланышкан окуяларды кайрадан «сыдырып» жашады. Нак ушул окуялар повесттин сюжетинин ѳзѳгүн түзгѳн.

Бойго жеткен уулун ата салты менен тектүү жердин кызына үйлѳнтмѳкчү болгон. Бекташ бий ѳзүнѳ наркы да, баркы да тең Нартай бийдин кызына «үйүр-үйүр жылкы айдатып» куда түшкѳн эле. Бирок ак тилеги ишке ашпай, Нартайдын кызы бир кѳчүүдѳ чалпоо аттан жыгылып, оң бутунан майып болуп калат. Туйгундун майып кызга үйлѳнүүдѳн баш тартуусу менен чыгармада конфликтүү кырдаал жаралат. Нартайдын кызын чануу менен эле чектелбестен, Туйгун атасы жек кѳргѳн Алчыбай бийдин кызын жактырып, аны алмакчы болот. Чыгармадагы ушул окуяга байланыштырып, сюжет куруп автор байыркы бийлердин социалдык, нравалык-психологиялык жагдайларын терең ачып берүүгѳ жетишкен.

Кыргыздар – эзелтен адамдын тек жайына маани берген кыраакы эл. Ѳз тукумунун асылданышын кѳздѳп, уулдарын үйлѳнтүүдѳ да тектүү жерден кыз издешкен. Баланча манап баланча бий менен куда болуптур деп чоң аңыз кеп кылышкан. Кыргыздар байыртадан эле материалдык байлыктан да адамдын наркына, акыл-эсине баа беришкен. Балдарынын кокус эле жѳнсѳк чыгып калганын байкашса, эл аралап, уулун жѳндѳп кетер акылдуу кыздарды издеп, үйлѳнтүшкѳн. Буга «Акылкарачач» жомогубуз күбѳ.

Бүгүнкү күндѳ эл арасында айтылып жүргѳн «Жакшыдан мѳѳн, жамандан жаан туулат» деген бир элдик макал бар. Бул ата-бабалары нарксыз адамдардан бир кезде эле мыкты азамат туулуп калганын же, тескерисинче жакшы эле адамдын тукумунан начар бүлѳ чыгып калган учурларда айтылып калып жүрѳт. Кыргыз элдик макал-ылакаптардын бай арсеналына үңүлүп карасак, жогорудагы макалдын толук мындай вариантын да кездештиребиз.

Жакшыдан мѳѳн туулат, таги калат түбүндѳ,

Жамандан жаан туулат, заги калат түбүндѳ.

Бул философиясы терең толуктоо кайсы ойду каңкуулайт десек, анын жайы мындайча экен. Жакшыдан мѳѳн туулса да мейли ал ата-бабасындай эл башы болбосун, чоң-чоң эрдиктерди жасабасын, «элдин арасында кѳчтүн карасында» болсун, эч убакта зыяндуу ишке барбайт, анткени анын «таги» негизи таза. Мунун тескерисинче, жамандан туулган «жаандын» «заги» күмѳн туудурат, ал «зак» бир күнү эле «ойноп» кетиши мүмкүн.

Мен эмнеге эле бул элдик макалдын тѳркүнүнѳ имерчиктеп, атайын сѳз кылып олтурам? Себеби М.Абакиров повестинде Бекташ, Нартай, Алчыбай бийлердин образдары аркылуу кыргыздардын адамтаануудагы жогорудагы макалда айтылган уюткулуу ойлорун окурманга жеткирүүнү кѳздѳгѳнү ачык эле кѳрүнүп турат. Мисалы Нартай бай ким? Автор аны кыска жана нуска «насили чынжырлуу манап» деп сүрѳттѳйт. Бул жерде «чынжырлуу» деген эпитетке басым жасалып жатат. «Чынжыр» үзүлбѳгѳн, ажырабаган дегенди туюнтат, демек Нартай бий тээ байыркы ата-бабаларынан бери келаткан нарктуу, салттуу манап, ак сѳѳк. Ал эми ошондой эле бий Бекташ менен текѳѳрлѳшѳм деген алардын каршысындагы Алчыбай бий ким? Ага берген Бекташ бийдин мүнѳздѳмѳсүн окуп кѳрѳлү. «Алчыбайың – кулагы жок чунак бий, куйругу жок чолок бий. Соода кууп, тыйын саап байыган сасык бий. Ээн калган чѳлдү ээлеген, жатакчыдай жайлоосу жок, тек-насили да жок – курама уруктун куу бийи» (М.Абакиров. О, опаасыз, опаасыз дүйнѳ. Б.: 2005. 16-17-беттер).

Алчыбайга берген бул сыпаттамага комментарий берүү менимче ашыкча болор, аны ар бир кыргыз окурманы жан-теңинде түшүнүп, баамдап турат. «Тыйын саап» чогулткан байлыгынын аркасы менен бий тобуна кокусунан аралашып калган бир тексиз кул. Автор анын «кулдук» жоругун бийлердин чоң жыйынындагы жосун-жоруктарын, арамза ойлорун деталдуу сүрѳттѳѳ менен чыныгы жүзүн, адамдын насилин ачып берген. Алчыбайга окшогон сасык бийлердин мүдѳѳсү эл ынтымагы, эл биримдиги, калктын тынчтыгы эмес, андайлар кантип да болсо ынтымакты ыдыратып, чагымчылдык кылуу. Доо ѳндүрүп баюу, ар бир ыңгайлуу учурда ѳз кѳмѳчүнѳ күл тартуу.

Бузуку Алчыбайдын бийлердин жыйынындагы арамза иш-аракетинен эч натыйжа чыкпайт. Нартай бий да, Бекташ бий да бекем эрктери, нарктуу эл башкаруучулук сапаттары менен Алчыбайга контраст сүрѳттѳлгѳн. Буга Нартай бийдин ѳз айылында бийлердин кезектеги жыйынын ачып жаткандагы элге кайрылуусу күбѳ. «Ардактуу агайындар, урматтуу бийлер, баарыңарды тѳрт кѳз түгѳл, бакубат ден-соолукта кѳргѳнүмѳ кубанычтуумун. Кѳк теңир ѳзү колдоп, эл-жерибиз алаамат кырсыктарынан алыс болду, жат жоонун чапканына, коңшу элдин баскынына кириптер болбодук. Ушунун ѳзү эле чоң каниет, чоң олжо. Атактуу ата-бабаларыбыздын нарктуу жолун улап, эл-жердин биримдигин ойлоп, эртеги – илгеркилерди эстеп, кечээги менен бүгүнкүнү таразалап, эртеңкибизге кам кѳрүп, баш кошуп жатканыбызды баарыбыз түшүнүп турабыз. Андыктан майдадан ѳйдѳ бололу, жеке мүдѳѳдѳн элдин мүдѳѳсүн жогору коёлу» (М.Абакиров, 26-б.). Бул эли журтунун, Ата-Мекенинин тагдырын ѳз мойнуна алган, чоң жүктү аркалоону милдетим деп түшүнгѳн адамдын, бийдин элге программалык кайрылуусу эле.

Нартай бийдин мазмуну терең бул кайрылуусунун, чакырыгынын түп насилин Алчынбайга окшогон кара жемсѳѳ бийлер түшүнмѳк кайда? Анын чолок мүдѳѳсү ѳзүнүн кызына куда түшүп келбей койгон Бекташ бийден ѳчүн алып, аны эл алдында сындырып, Нартай бий экѳѳнүн ортосуна от жагып, араздаштыруу кантип да болсо, элдин ынтымагын ыдыратуу болчу. Тилекке жараша, Алчыбайдын арам ою таш каап, чоң жыйында Бекташ бий анын ѳзүнүн уурулугунун бетин ачып, эл алдында ашкерелеп жасаган кылмыш механизминин жолун кѳзгѳ сайып кѳрсѳтүп, ѳзүн кайра доого жыгып, жыйындан ѳз салабаты, сѳѳлѳтү менен чыгып кетет.

Жалгыз уулунан айрылган Бекташ бий ушул бир ѳткѳн окуяны эстеп олтурду. Чыгармада атайын маани берилип эскерилген бул окуянын чыгарманын кѳркѳм-эстетикалык идеясын ишке ашырууда аткарган кѳркѳм функциясы эмне? деген суроо туулат. Ооба, ал бир жактан кыргыз элинин коомдук-социалдык турмушунун бир мезгилиндеги тарыхый шарттан, ошол кездеги элди башкаруу системасынан, ошону менен бирге эле эл-журттун башында турган бийлердин адамдык бейнелеринен кабар берип турат. Бул биздин пикирибизче, айсбергдин үстү гана жагы, бизге ачык байкалып, түшүнүктүү болгон жагы. Ал эми маселенин тереңине сүңгүп кирсек, үңкүйүп, кырк күндѳн бери аза күтүп олтурган Бекташ бийдин тыш дүйнѳгѳ байкалбаган ички азабы бар экен кѳрсѳ… Ал үзѳңгүлѳш, пикирлеш, нары тең курбу Нартайдын уулу Туйгунга батага келбей жатканы. Бекташ бий ийне жеген иттей болуп, анын себебин ар нерседен издесе керек, баласы Туйгундун Нартайдын майып кызын чанып кеткенин кечире албадыбы, же чоң жыйынды «таштап» кеткенин түшүнбѳдүбү?

Сѳзгѳ сараң, чебер психолог жазуучу М.Абакиров окуучусуна булар тууралуу дегеле бир шек-шобурат бербейт. Анын бардыгы чыгарманын аягында Бекташ бийдин айылы «Кыркылыктан кийин журт которууга камылга кѳрүлүп жатканда Нартай бий жанына «эки-үч аксакал-кѳксакал, ошончо жигит. Анан да үч-тѳрт зайыбы менен» Бекташтын айылына ѳкүрүп келип түшүп калганда гана окуучуга маалым болот.

-Келмек сырттаным… Күтүп жатпадым беле, кѳкѳйүмдѳ… (М.Абакиров. 47-б.).

Жогорудагы эки гана сапка автор Бекташ бийдин элге ачыкталбаган, ѳзү гана билип, туйган күтүүсүн, үмүтүн, күйүтүн сыйдырган. Орус элинде «лучше многоточие, чем многословие» деген таамай айтылган макал бар. Ал мына ушул жердеги автордун чеберчилигине дал келип турат. «Кѳкѳйүндѳ» күткѳн адамын азасы башында турса да ордунан тура калып учурашып, ал тургай «ѳкүрүк, кошоктон улам кѳзүнѳ тегерене түшкѳн жашын силкине ичине кайра катып, боюн түзѳйт» Бекташ бий. Каармандын кыймылындагы бул аракеттер билген кишиге анын комузчулук ааламынын кѳп нерсесинен кабар берет.

Повестте сүрѳттѳлгѳн бардык окуялардын квинтэссенциясы нак ушул эки нарктуу, эл башында турган адамдардын кайгылуу жолугушуусунда болуп кѳрбѳгѳндѳй күчтүү, курч илеп менен берилген.

Жалгыз уулунан ажырап, жеке адамдык кайгысы менен мѳгдѳп олтурган Бекташ бийге кайрат айткан бир сѳзү менен Нартай бий Бекташты ѳмүрдүн узак сапарына кайрадан кайтарат… «Эл кишисинин, журт кишисинин кайгыдан да чоң кѳтѳрѳ турган түйшүгү бар, баатыр, – деди Нартай бий. Ал түйшүк – жеке кайгыдан, жеке мүдѳѳдѳн жогору. Ал эл-жерге кызмат кылуу мүдѳѳсү, максаты, Бекташ бий мен мындан башка жубатаар сѳз айта албайм» (М.Абакиров, 49-б.).

Ошентип, чыгарманын акырында Нартай бийдин таамай айткан кайратынан кийин Бекташ бий «ѳмүр сапарынын эң алысы болгон кайгысын мойнуна аркалап, кайгысын жазгырыш үчүн эл ынтымагы, келечеги үчүн эртеси ѳмүрүнүн узун сапарына, эл кызматына аттанат.

Ѳз кайгысынан эл мүдѳѳсүн жогору коюу!»

Жазуучу М.Абакиров ушул бийик жооптуу вазипаны «О, опаасыз, опаасыз дүйнѳ» аттуу чакан повестинде Нартай, Бекташка окшогон «бий» каармандарына аркалаткан. Совет мезгилиндеги таптык позициядан алганда бул дегеле бир акылга сыйбас чекилик, чоң күнѳѳ болмок. Бирок М.Абакиров турмуш чындыгын атайылап бурмалап ѳз учурунда «карасанатайлык» кылгандарга каршы, ошол элди бийлегендердин арасында кыргыз элинин наркын, каада-салтын бийик тутуп, калыстыктан тайбай, жеке кызыкчылыктарынан калкынын кызыкчылыгын жогору коюп, эл жыргалчылыгы үчүн бел чечпей эмгек кылган эр азаматтардын болгондугуна коомчулуктун кѳңүлүн бурууга аракеттенген. Кылым карыткан кыргыз элинин нарктуулугун, акылман, кѳрѳгѳчтүгүн даңазалаган. Ошонусу менен убагында негизсиз вулгаризаторлук менен бир беткей, схемалуу, алдын ала даярдалган концепцияда чагылдырылып келген реалдуу турмушуна зарыл тактоолор киргизди жана чыгармасынын кѳркѳм-эстетикалык концепциясы аркылуу бул чындыкты тарыхыбыздагы ѳз ордуна коюуга жетишкен десек жаңылбайбыз.

Эми макалабыздын соңунда автордун ѳзүнүн чыгармасынын башындагы «Уулум Мураттын жаркын элесине арнайм, автор» деген жазуусун кѳз жаздымда калтырсак осол болор. Ооба, чыгарма автобиографиялык деп айтууга бизге негиз берет, анткени автордун да Бекташ бийдей жалгыз уулунан күтүүсүз ажырап, караң калган кайгынын кѳлүнѳ чѳккѳн мезгили болгон. Ошондон улам Бекташ бийдин жеке тагдыры – автордун башынан ѳткѳргѳн трагедиясынын метафорасы катары кабыл алынат. Жазуучу ѳзүнѳ гана жеке тийиштүү, мүнѳздүү зиректиги, сезимталдыгы, жазуучулук чеберчилиги менен ѳз кайгысын, психологиялык абалын кѳркѳм элестетүүнүн тѳтѳ жолун тапкан. Ал жол ата-бабалардан бизге мурас калган акылмандуулук, сабырдуулук, нарктуулук, парасаттуулук, эң негизгиси жеке кайгыдан элдин тагдыр мүдѳѳсүн жогору койгон, атыңдан айланайын, улуу жоопкерчиликти сезүү эле. Эл алдындагы жазуучулук милдетти сезүү гана М.Абакировду кѳшѳрүп иштетип, жашоо-күрѳш сапарына кайрып алып келгендей…

Мелис Абакировдун эгемендик жылдарында жарык кѳргѳн дагы бир повести «Эрѳѳл» (2013) деп аталат. «Эрѳѳл» деген сѳз байыркы ата-бабаларыбыз тарабынан кѳп колдонулса да бүгүнкү күнү архаизмге айланып, лексикабызда байма-бай колдонула бербеген сейрек сѳз. Бул сѳздү азыркы жаштарыбыздын кѳбү биле бербегени да ырас. Бирок бул сѳз маани-маңызы менен биздин кыргыз элинин байыркы жашоо сферасынын ар кыл тармагында кеңири пайдаланылып, эрѳѳл ачык да, тымызын да колдонулуп, ал кыргыздардын социалдык, нравалык, коомдук жашоосунун ажырагыс бир бѳлүгү катары жашаган. Андан да күчѳтүп айтсак, улуттук байыркы менталитетибиздин бѳтѳнчѳлүгүн билдирген ѳзгѳчѳ белги-сапат болгон «Эрѳѳлдүн» мааниси бүгүнкү күндѳ «атаандашуу» (тымызын, ачык), «күч сынашуу», «ѳз артыкчылыгын кѳрсѳтүү» ж.б. деген синоним сѳздѳр аркылуу жашап келет.

Жазуучу М.Абакиров чыгармасында «Эрѳѳл» сѳзүн чыгармасынын негизги пафосу катары алып, аны повесттеги окуялардын тутумунда ѳтѳ чебер ѳнүктүрүп, чыгарманын башынан аягына чейин «Эрѳѳлдү» кызыл сызык аркылуу алып ѳтүп, сѳздүн кунун ага байланышкан кыргыз элинин бир мезгилдеги тарыхын, маданиятын, иденттүүлүгүн жогорку кѳркѳм-эстетикалык деңгээлде ачып берүүгѳ жетишкен.

Чыгармада бир караганда, сѳз – таланттардын эрѳѳлү, т.а. комузчулар Бѳккѳтѳн менен Майлыбайдын чеберчиликтеринин сынагы, таймашы жѳнүндѳгүдѳй элес туудурат. Бирок да чыгарманын кѳркѳм дүйнѳсүнѳ сүңгүп кирип, анда сѳз болгон окуялар, маселелер боюнча ой калчап, тереңирээк баам салсак, автор «Эрѳѳл» түшүнүгүнѳ терең философиялык маани артып, кыргыз элинин кечээги, азыркы турмушун кѳркѳм синтездѳѳгѳ жетишкендигин кѳрѳбүз.

Бѳккѳтѳн менен Майлыбай комузчунун ѳнѳр эрѳѳлүнѳ бара жаткан жолдо Кудайберген билгинин досу Турдукожо Кудайбергенге «- ыя Куке, бул эрѳѳл дегениң эмне?» деп ѳз түшүнүгүн тактап алмакчы болгондо Кудайберген билги мындайча жооп берет: « … билектин күчүн сынаган эрѳѳл болсо, анда акылдын, ѳнѳрдүн күчүн сынаган эрѳѳл эмнеге болбосун?! Тигинде деле, мында деле намыс деген улуу сѳз, уяттуу сѳз байгеге сайылып жатпайбы. Акыл эрѳѳлү, ѳнѳр эрѳѳлү адам баласына жат эмес. Те алмустактан бери адамдар бири-бирине атаандашып, эрегишип, жер менен бийлик, байлык менен мансап талашып, ѳнѳрлүүлѳр ѳнѳр жарышына түтүп, ѳтүкчүдѳн баштап зергерлерге чейин, кимибиз мыктыбыз, кимибиз чыгаанбыз деп адегенде атаандашып, анан тымызын да, кѳрүнѳө да эрегишип, биринин кѳзүн бири тазалаганын санжырадан угуп жүрбѳйбүзбү» (Абакиров, М. Эрѳѳл. Б.: 2013. -31-32-бб.).

Кудайберген билгинин «эрѳѳлгѳ» берген бул түшүндүрмѳсүнүн «адегенде атаандашып, анан тымызын да, кѳрүнѳѳ да эрегишип, биринин кѳзүн бири тазалаганын санжырадан угуп эле жүрбѳйбүзбү» деген кысмы кѳп нерсени окуучуга «канкуулайт». Эң негизгиси «эрѳѳлдүн» арты жакшылыкка алып барбастыгы. Минтип «Кудайберген билги» атка конгон таза насилдүү, ѳнѳрпоз, акыл-парасаты жогору адам бекеринен айтып жатпаса керек.

Чыгармасында автор «Эрѳѳл» кыргыз элинин байыркы мезгилинен бери кадимки кѳндүм турмушунан тартып, атайын ѳткѳрүлгѳн эрегиштерине чейин эриш-аркак жашап келген ѳзгѳчѳ бир феномен экендигин окуучусуна баян кылган.

Алгач «эрѳѳл» повестте Кудайберген билги менен анын ѳзү менен удаа ѳскѳн аталаш иниси Суранчынын ортосунда «ойнойт». Эзелтен кыргыздарда «тең тууган» деген түшүнүк жашайт. Тең туугандын кимиси улуу, кимиси кичүү экендигине карабастан, укуктары бирдей, бири-бирине теңата. Ошол эле мезгилде ортолорунда сый-урмат сакталмагы, болмогу бар. Агасы Кудайберген Билгиникине келгенде жеңеси, Кудайбергендин зайыбы, Шааркан, Суранчыга чай берип жатып, дасторконго, Суранчынын алдына, «чүкѳ калчагандай эки-үч наватты алып, кербездене ыргытып» коет. Бир караган адамга Шааркандын бул иш-аракетинде маани берүүчү мандем деле жоктой. Бирок кыраакы Суранчы жеңесинин «самоор менен нават бизде эле бар» дегендей кербезденген менменсинүүчүлүк текеберчилигин илгертпей баамдайт, чыртыйып калат. Жазуучу окуянын андан аркы ѳнүгүшүндѳ бул тымызын «эрѳѳлдүн» эми эки тең туугандын ортосундагы мамилелерди сүрѳттѳѳ менен дагы коюулантат.

Суранчы бир жыйында агасынын «тунук акылына» тийишип койгондон бери Кудайберген ага тикеден тике кайрылбайт, аны атайылап кѳз жаздымда калтырат. Бул жолу да келишинин жайын андан эмес, анын жанжигити Жакып-Жайдардан сурап билет. Агасынын мындай мамилеси Суранчы үчүн намыстын иши эле, тууган ичиндеги ички тирешүүнү экѳѳ тең кереметинде билип турушат.

«Сѳз эрѳѳлүн» М.Абакиров бул чыгармасында образды ачуудагы негизги стилдик ыкма катары чебер колдонгонун айта кетишибиз жѳн болор. Каармандардын кырдаалдарга карата сүйлѳгѳн сѳздѳрү, ага ылайык жасаган иш-аракет, жосун жоруктары «Эрѳѳлдүн» табиятына ылайык сүрѳттѳлѳт. Ал ѳз учурунда мүнѳздѳрдүн ичте катылып жаткан сырларын окуучуга ачат. Автор түзгѳн «кеп оюну» Кудайберген билги менен анын досу Турдукожонун сѳзгѳ маани берген, сѳз баккан табияттарынан кабар берсе, Кудайбергендин бир тууган бажасы Байгананы жараткан мындай асыл сапаттан кур жалак калтырганы да сѳзүнѳн ачыкталат.

Повесттин кѳлѳмү чакан, ошого ылайык сюжетке тартылган окуялар да саналуу гана. Анын биринчиси билги Кудайбергендин айылында ѳтѳт: иниси Суранчы, бажасы Байгана жана досу Турдукожо менен жолугушуусу: айылга чабарман Самсаалы келип, Келдике бисар Ак-Кудукта эки чоң комузчу Бѳккѳтѳн менен Майлыбайды жарыштырып жатканы жана ал, ѳнѳр эрѳѳлүнѳ Кудайберген билгини калыстыкка чакырышын айтуусу. Булар чыгармадагы сүрѳттѳлүүчү окуянын экспозициялык бѳлүгүн түзгѳн.

Повесттеги экинчи окуя – эскерүү-ретроспекция ыкмасында сүрѳттѳлѳт. Мында Кудайберген билгинин ѳмүр жолундагы алгачкы эрѳѳлү чагылдырылган. Ал эрѳѳл келечектеги кайнатасы Чыныбай экѳѳнүн ортосунда болгон эле. Бул окуяны сүрѳттѳѳдѳгү автордун максаты Кудайбергендин мүнѳзү, наркынын, акылынын, комузчулук, саяпкердик ѳнѳрүнүн түп башатынан окуучусуна кабар берүү болгон. Шааркан кызына тең болчу жигиттин комуз черткенден башканы билбеген бир «дабдырбай» го деп шектенген Чыныбай бай Кудайбергенди сыноонун миң алакетинен ѳткѳрѳт (Күү черттирет, куш таптатат, отурган турганын сынаакы кѳздѳн кечирет).

Повестте дубанга атагы чыккан Тѳрѳкелди баатырдын тукуму, жаңы гана жыйырмага караган жаш жигит Кудайберген сѳѳлѳттүү жүрүм-туруму, кандан, бектен кайра тартпаган курч мүнѳзү, сѳз жагынан бирѳѳнүн чѳнтѳгүнѳ кол салбаган чечендиги, сѳз маанисине сергектиги, комузчулук, саяпкерлик ѳнѳрү менен кайнатасы экѳѳнүн эрѳѳлүндѳ жеңишке жеткирет, акыры кайын-журту Шаарканды Кудайбергенге узатууга макул болушат. Байыркы бир окуяны сүрѳттѳѳдѳ автордун тарыхыйлуулук принцибин бекем тутканы, чыгармадагы окуялардын ишенимдүүлүгүн арттырган. Байыркыны ѳтѳ эле саясатташтырып, ѳзүнчѳ эле археотип катары сүрѳттѳѳ да, болбосо каармандын иш-аракетин модерндештирип чагылдыруу да бирдей эле даражада чыгарманын кѳркѳм-эстетикалык табиятына доо кетирмек. Тилекке жараша, жазуучу Мелис Абакировдун кѳркѳм-эстетикалык табитинин күчтүүлүгү, ѳзү сүрѳттѳп жаткан мезгилди, андагы адамдардын мүнѳздѳрүн мыкты билгендиги авторду кандайдыр бир калпыстык кетирүүдѳн сактап, чыгарманын чындыктуулугун арттырган десек болот.

Повестте сүрѳттѳлгѳн ар бир эпизод, кырдаал жазуучу тарабынан кылдат ойлонулуп, чебер сүрѳттѳлгѳн. Кудайбергендин кыргыз элинин тарыхый санат-санжырасын «Насыйкат», «Ибарат» күүлѳрүндѳ зор чеберчилик менен ойношун, ата-бабадан бери келе жаткан саяпкерлик ѳнѳрдү ийне-жибине чейин ѳздѳштүргѳн таланттуулугун автор айрыкча деталдаштырып сүрѳттѳп, окуучусун окуяга аралаштырып, каарманы менен бирге «жашоо» даражасына жеткирген десек жаңылышпайбыз. Кайын-журтка күйѳѳлѳп баргандагы кайната күйѳѳ бала «эрѳѳлүн» автор сюжеттик ѳзѳккѳ максаттуу, атайлап киргизген, б.а., Кудайбергендин бүгүн эл арасында «билги» катары таанылып, кадыр-баркка ээ болушу тѳгүн жерден эмес экенин окуучусунун эсине салууну кѳздѳгѳн.

Автордун ойдун логикалык жыйынтыгын, т.а., Кудайберген билгинин ким экендигин биз эки чоң комузчу, Бѳккѳтѳн менен Майлыбайдын, «эрѳѳлү» сүрѳттѳлгѳн чыгармадагы үчүнчү окуядан даана кѳрѳбүз. Бул эрѳѳлдү уюштурган Дыйканбай бисардын (орус тилиндеги писарь сѳзүнүн кыргызчага ыңгайлаштырып айтылышы, болуштун катчысы дегенди түшүндүрѳт) ою, максаты эл кѳзүнѳ бир кѳрүнүү, мен дагы бир нерсеге жеткен кишимин деген мактанычын тымызын элге жеткирүү болгон, ошонусу менен ѳзү теңдүүлѳргѳ «эрѳѳл» ачып жатканы эле.

Комузчулардын эрѳѳлүнѳ чакырууга чабарман барганда эле Кудайберген Дыйканбайдын мындай жосунсуз жоругун угуп сестенет.

« – Тукурган экен да, эрегиштирген экен да экѳѳнү бири-бирине, жойпу бисар, куйту бисар. Экѳѳ эки башка комузчу, эки башка күүчү эмеспи. Мамилелери ысык, чогуу жүрүп, чогуу эл кыдырышчу эмес беле» (М.Абакиров «Эрѳѳл», 26-б.). Бѳккѳтѳн да Майлыбай да Кудайбергендин шакирттери, ошондуктан ал экѳѳнүн чеберчиликтерин, таланттарынын табиятын жакшы билет эле.

«Эрѳѳл» повестиндеги сүрѳттѳлгѳн окуялардын эң негизгиси да жогорудагы эки чоң комузчунун таймашы сүрѳттѳлгѳн сцена. Эки комузчу Кудайберген билги келип, чыныгы эрѳѳл башталгыча чогулган элге эрмек болуп ѳз ѳнѳрлѳрүн акырындап кѳрсѳтүп олтурушат. Чыныгы ѳнѳр таймашы Кудайберген билги келгенде башталат. Бир караганда автордун максаты ушул эки комузчунун эрѳѳлүн сүрѳттѳѳ менен кыргыз элинин комузчулук ѳнѳрүн даңазалоо болгондой сезилет. Ырасында да ошол таймаштын түп максатында мындай ниет да жок эмес. Бирок да чыгарманын идеялык-эстетикалык Хемингуэй айткан «айсберги» менимче, кантсе да башкада…

Кудайберген билгинин уруксаты менен Бѳккѳтѳн комузчу «Насыйкатты» баштап, аны кемелине келтире чертип, Кудайберген устатын ыраазы кылган соң, «Майлыбай комузчу бир аз тартынчыктап туруп, анан «Насыйкатты» тербеп кирет. Кыска мындай «киришүүдѳн» соң эки комузчу алдыга жылып олтуруп, комуздарын толгоп, «Ибараттын» кайрыктарына келтиришет да «жарыш ѳнѳрүнѳ салышат». «Бѳккѳтѳн комузчу оң колун ѳйдѳ кѳтѳрүп, «баштадык» дегендей комуз кылына тийгизе манжаларын шилтеп калды. Дал ошол убакта Майлыбай комузчунун колу да комуз кылына жетти. Сол колдун манжаларын титирете үч кылдын ар бирин басып комузун мойнунун башынан алкымына чейин жорголотуп, оң колдун бармак, сѳѳмѳйү кезектешип кыл термеп оромол шилтемге ѳтүп, андан ойку-кайкы кагышта кере шилтемдерге ѳтүп, улам кайталап, улам биринин черткенине бири кѳз салып, жарыш ѳнѳрүн салышты белем» (92-б.). Бул кѳрүнүштү тамшана жана тамшанта ушундайча сүрѳттѳйт жазуучу. Ошентип эки комузчу эрѳѳлдүн апогейине жетип жетпей келатканда күтүүсүздѳн «Бѳккѳтѳн комузчунун да, Майлыбай комузчунун да сол кол манжасы сыйкырдуу күүгѳ арбалгандай комуздун моюнуна жабышып тырышып калганын, ошондон улам оң колдору да шалактап иштѳѳгѳ келбей калганын кѳрдү Кудайберген билги» (92-б.)

Жарыш «комуз кылы чарт үзүлгѳндѳй бир заматта токтоп» калды. «Эмне болуп кетти дегендей селейе түштү күү угуп отургандар» заматта, эмеле комуз күүсүнѳ эргип олтургандарды оор тыным басты…

Оор кырдаалдан чыгуунун жолун Кудайберген билги тапты. Ѳзү менен ала келген «Таңтаңшык» комузун колго алып, «баң-баң» эттире толгоп чертти эле, бул эмне болуп кетти дегендей бир саатта тымтырс болгон үй ичи заматта бир башкача комуздун бийик доошуна толо түшкѳнсүдү (93-б.). Кудайберген билги оболу ак жамгырдай тѳктүрүп «Насыйкатты» андан соң «Ибаратты» сабап чертип кирет. Күүлѳрдүн керемети балкытып эки комузчунун колдору жазылат.

Комузчулук эргүү эрѳѳл эмес, ал ѳзүнѳн ѳзү дене бойду балкытып, түпкүрдѳн келип, «түпкүрдѳгү ойду ойготуп, колду ойнотот». Бул саам Кудайбергенге эргүү чоң энеси Бѳтѳгѳздѳн бала чагында уккан «Буудайык» куш тууралуу жомок болуп келди. Келгенде да «эми кѳгала сакал болгон кезде», «Ыр нѳшѳр – күү нѳшѳр болуп тѳгүлүп» келди.

Жазуучу Мелис Абакировдун чыгармачылык илхому да Кудайбергендин сабалып, тѳгүлгѳн күүсүнѳ шайкеш тѳгүлүп, күүнүн кайрыгы, деми, ыргагы, күчү мына ушул эпизоддо башкача бир керемет сүрѳттѳлгѳн, талант берекеси чачылган…

Кудайберген комузчуга келген илхомго арбалып, «Эрѳѳлдүн» жыйынтыгы тең чыгып, эл «ой учун таппай убара болуп» турганда Кудайберген билги «эмне дейсиңер?» дегендей элге кайрылат. Кимиңер кайрыгынан ичип калдыңарбы деп собол таштайт шакирттерине, чогулуп олтургандардан Турдукожо да, Бѳккѳтѳн менен Майлыбай комузчу да эмелеки билги черткен күүнүн бир-эки кайрыгын да эстеп калбагандарын укканда, Кудайберген чок баскандай секирип «күйүп» кетет. «Атаңдын гѳрү, армандуу дүйнѳ. Ѳнѳрүңдү ѳзүңдѳй кылып алып калаар, улап калаар шакиртиң болбосо, устаттыгым курусун. Азыркы черткен күүмдү ѳзүм кайра черте аламбы? Же удургуган куюндай айланып-айланып учуп кетеби? Ким үйрѳнүп, ким улайт?» (99-б.).

Ушу жерден окуучуда күтпѳгѳн суроолор пайда болот? Эки чоң комузчунун эрѳѳлү эмне менен бүттү, мѳѳрѳй кимдики? Жазуучу Кудайберген билгинин кайталангыс кайрыгын сабап ѳткѳн ак жамгырдай тѳктүрүп, эс учуңду жыйдырбай бүтүрүп, акырын ошол эле Кудайберген билгинин арманы, болгондо да эч убакта ишке ашпас арманы катары айтып, деп, оозунан түшкѳн кѳк түтүнү бурулдаганы эмнеси?

« – Эрѳѳлдѳ ѳзүң жеңдиң окшойт, – деп тамашалагысы келген Турдукожо теңтушуна кайрылып.

– Жеңбей жерге кирейин! Беш комузчу жүрүп бир күүнү эстеп кала албадык. Мындан ѳткѳн арман барбы?!» (99-б.)

Автор «сакадай бою сары алтын болгон» бул чыгармада жандырмагы белгисиз суроолор кѳп…

Чечмелегенге аракет кылып кѳрѳлү… Нары таланттуу, чебер сүрѳткер Кудайберген билгинин арманында адамзатка ѳнѳрдүн гана эрѳѳлү болбостугун, улуу ѳнѳр гана кайталангыс болорун, ал устат-шакирт тандеминде гана сакталып, муундан муунга ѳтүп, түбѳлүк жашарын кийинки муунга кулак кагыш кылып эскертип жаткан жокпу?

М.Абакировдун «Эрѳѳл» повестине повест-притча деген жанрдык аныктама берсек туура болот. Жазуучу ѳнѳрдү, болгондо да кыргыз элинин кан-жаны менен жаралган комузчулук ѳнѳрдү чыгармада чагылдырылган социалдык-нравалык маселелердин борборуна коюп, аны философиялык жалпылоого жетишкен.

«Кыргыз баласынын ѳнѳрлүү эки эле баласы бар, бири манасчы, бири комузчу. Экѳѳ бипбирдей, биринен-бири калбайт, биринен-бири ѳтѳт. Ал ѳнѳрдү жараткан ѳзү гана тартуулайт. «Бийлер ѳлѳт, бектер ѳлѳт, баатырлар ѳлѳт, эрлер ѳлѳт, ѳнѳрлүү гана ѳлбѳйт» (27-б.) дейт Кудайберген билги, элдик философияны туу тутуп. Ошондон уламбы, эки чоң комузчуну эрегиштирип жарышка салуунун ѳзү да акылсыздык, нравасыздык. Акылы кем Дыйканбай бисар ѳз артыкчылык кѳрсѳтмѳкчү болуп, эки башка «толгоодогу» комузчуларды эрѳѳлгѳ чакырып жатканын укканда Кудайберген билгинин жини келип, сестенгени да бекеринен эмес эле. Эрѳѳлдүн жүрүшүндѳ эки комузчунун сол колдору комуздун мойнуна жабышып тырышып калганы, оң колдору шалактап шилтѳѳгѳ келбей калышы да балким бекеринен эместир… автор ата-бабалардын аздектеп келген салтынын, наркынын мындай нарксыздар тарабынан бузулуп жатышынын артында чоң трагедия, «аттиң» деп бармак тиштелген айыкпас арман жаткандыгын окуучусуна бул чыгармасында эмоционалдуу да экспрессивдүү да ишарат кылууга толук жетишкен десек болот.

Кандай гана чыгарма болбосун анын эстетикалык наркы анда кѳтѳрүлгѳн маселелердин азыркы күн үчүн да маанилүүлүгү, актуалдуулугу менен ѳлчѳнѳт. Тигил же бул чыгарманы окуп жатып окуучу андан азыркы учурдун чалкеш маселелерине жооп издейт. Нак ушул позициядан «Эрѳѳл» повестине мамиле жазасак эмнени табабыз? «Эрѳѳлдүн» заманга, доорго жараша мазмун маңызы ѳзгѳрүп турарын кѳрѳбүз. Аны күнүмдүк жашоо-тиричиликтин алкагынан чыгарып, адамдар ѳз кызыкчылыгынын максатына жараша колдонуудан кайра тартпаганын кѳрѳбүз. Бекеринен Кудайберген билги «Эрѳѳлдүн» маңызы тууралуу кеп козгоп жатып, «мансап менен бийлик үчүн эрѳѳлгѳ чыккандарды кѳрбѳй жүрѳбүзбү, ѳзгѳчѳ орус бийлиги орногону болуштук мансапты талашка ортого таштап коюп, уюткулуу журтту атайлап ыдыратып бѳлүп, ѳз бийлигин таңуулоодо. Агайындарды ѳз ара жоо кылды. Алыска барбайлы, алсак силердин эле болушта, Туке, (Турдукожо жолдошуна кайрылып жатканы – Л.Ү.) атасы менен баласы – Байтерек менен Балбактын болуштукту талашканын ѳз кѳзүң менен кѳрдүң го. Кана айтчы, Туке, кумалакты сен атасына салдыңбы же баласына салдыңбы? Ата менен бала бийлик талашып эрѳѳлгѳ чыгат деген не шумдук? Үч уктасаң түшкѳ кирбей турган жорук. Мына, менин бир тууган агам Ѳтѳмбай менен чоң аталаш иним Канаттын биздин болуштукту талашып эрѳѳлгѳ чыкканын кѳрдүк го. Бириң ѳлүп, бириң кал дегенден башка эмне дейсиң. Бул бүгүнкү орус заманындагы эрѳѳл» (32-б.).

Кудайберген билгинин жогорудагы эрѳѳл тууралуу айткан угуттуу сѳзү бүгүнкү бизди да ойлонтушу керек! Жазуучу бийлик байлыкка окшогон жеке кызыкчылыктын элдин ынтымагы, келечектеги бакубат жашоосу үчүн коркунучтуулугун ашкерелеп, адамзат акыл-эстүүлүккѳ, нарктуулукка умтулушка улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткан «Күндѳ адам болууга» чакырык таштайт ѳткѳндүн сабагы бүгүн …

М.Абакировдун «Эрѳѳлүн» эгемендүүлүктѳн кийинки кыргыз прозасынын кичинекей шедеври деп тартынбай эле белгилейт элем. Мен бул чакан макалада чыгарманын поэтикасы, кѳркѳм-эстетикалык кунары боюнча үстүртѳн гана бир аз кеп кылган болдум. Повесттеги саясий-социалдык маселелер, фольклордук катмары, кыт куйгандай ѳз ордун тапкан тилдик каражаттар, Кудайберген билгинин тарыхый личностугу ж.б. тууралуу дагы далай сѳз болору анык.

Кыргыз Эл жазуучусу М.Абакировдун эки тепкедей повесттерин окугандан кийинки ойлорумду жыйынтыктап жатып, чындыгында да сүрѳткердин чеберчилиги эгемендүүлүк жылдарында кыйла ѳсүп, жемиштүү болгондугун баса белгилемекчимин. Чыгармаларынын сюжеттик-композициялык курулуштары тыкан, ошол эле учурда кыйла татаал, жазуучунун айтайын деген ою окуя, кырдаалдардын сыртында эмес, подтексттерде чебер катылган. Ал окуучунун ой токтотуп, акыл калчап окуусун талап кылат т.а. чыгармачылык ѳнѳктѳшүүгѳ чакырат. Ал эми мындай чеберчиликке жетүү ар кимдин колунан келе бербеси турган иш.

М.Абакиров быйыл ѳмүр жолундагы сексенинчи карын басып ѳтүп, ак сакалдык нарктуу куракка келип олтурат. Сүрѳткерге чың ден-соолук, чыгармачылык эргүү жана калеминин сыясы кургабасын каалайм.

Лайли Үкүбаева

Филология илимдеринин доктору, профессор

Февраль – 01.11.2020